Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сайназаров: онлайн окутууда айрым аткаминерлер мугалимдерди чүнчүтүп койду

© Sputnik / Табылды КадырбековЧлен общественного совета при Минобрнауки Кенешбек Сайназаров
Член общественного совета при Минобрнауки Кенешбек Сайназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун Орто Азиядагы жетекчиси, билим берүү жаатындагы серепчи Кеңешбек Сайназаров онлайн билим берүүдө ата-эненин орду так билинип жатканын айтты.
Сайназаров: онлайн окутууда айрым аткаминерлер мугалимдерди чүнчүтүп койду

Кыргызстанда билим берүү тармагын санариптештирүү зарыл деп канча жылдан бери айтылып келгени менен иш ордунан жылган эмес. Пандемиядан улам кыска убакытта балдарды аралыктан окутууга өткөрүш керек болду. Билим берүү жана илим министрлиги бул тапшырманы жакшы деңгээлде жасай алды. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

1-сентябрда линейка болбойт. Министрлик аралыктан окутуу нускамасын таратты

Анын айтымында, аралыктан окутуунун эң чоң кемчилиги катары окуучулардын 2/3 бөлүгүндө техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн ойдогудай болбой калгандыгын атоого болот.

"Коронавируска байланыштуу балдар үйдөн билим алууга мажбур болгондо, чынында "эми кандай болот" деген кооптонуу турду. Бирок министрлик кыска убакытта абалды аз да болсо жөнгө салып кете алды. Башкысы эч кандай даярдыктын жоктугуна карабай окуучулар бир күн да билим албай отуруп калган жок. Колдогу мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу менен билим берүү улантылып жатты. Бул оңой эмес иш. Ошондой эле окуу жылындагы соңку чейрек көбүнесе кайталоо темалары болгондугу да жеңилдик берди. Муну менен катар эле мугалимдер да түзүлгөн абалды убактылуу кыйынчылык катары кабыл алып, чымыркануу менен иштеп беришти. Тилекке каршы, айрым райондук деңгээлдеги жетекчилер окутуучулардан кагаз иштерин талап кылып, ишине ыксыз киришип, аларды чүнчүтүп койгон учурлар да болбой койгон жок. Дагы бир маанилүү маселе, баланын билим алуусунда ата-эненин орду канчалык маанилүү экени ачыкталды. Антпесе биздин коом балдардын тарбиясын да, билимин да агартуучуларга жүктөп койгонго көнүп бараткан", — деди Сайназаров.

Ал аралыктан билим алууда мурда кыялданып жетпей жүргөн абройлуу курстарды, методикаларды интернет аркылуу акысыз алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0