Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Балдар үчүн ишеним телефондору борборунун директору Марина Жапаркулова

Жапаркулова: 111 кызматына көбүнесе ата-эне мээримине зар балдар чалышат

56
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Балдар үчүн ишеним телефондору" борборунун директору Марина Жапаркулова мекеме психологиялык жардам эле эмес, социалдык кызматтар тууралуу суроолорго да жооп берерин айтты.
Жапаркулова: 111 кызматына көбүнесе ата-эне мээримине зар балдар чалышат

"Балдар үчүн ишеним телефону" — 111 кыска номерлүү кызматы суткасына 24 саат бою чалууларды кабыл алат. Борбордун негизги максаты — балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук жасалганда телефон аркылуу консультациялык-психологиялык жардам берүү. Бул тууралуу Марина Жапаркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputniknews.com/popup_radio/14/s эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Балдар үчүн ишеним телефону" борборунда алты психолог экиден кезектешип иштейт.

Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам

"Борбордун психологдору күн сайын 24 саат бою 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана аларга консультация берет. Республиканын булуң-бурчунан балдар жана алардын ата-энелери акысыз жардам ала алат. Бизге түрдүү суроолору менен ар кандай адамдар кайрылат. Бирөөнүн да суроосун жоопсуз калтырбайбыз. Айрым учурларда маселени чечүү үчүн башка мекемеге жөнөтүүгө туура келет. Ошентсе да алар тууралуу кабардар болуп, кандай жардам берилгенин билип турабыз. Бир гана психологиялык жардам эмес, биздин министрлик көрсөтүп жаткан социалдык кызматтар тууралуу, жарандар түшүнбөй калган суроолорго да жооп беребиз. Ал эми акыркы жети айда бизге 81 569 телефон чалуу болсо, анын ичинен 3681и реалдуу жардам сурап байланышка чыккандар. Кайрылуулардын 11 пайызы балдардан, калган 89 пайызы чоң адамдардан түшкөн. Балдар көбүнесе психологиялык жактан жабыркап, ата-энесинин мээрими жетпей, оор турмушка кабылган учурларда чалышат. Ал эми чоңдордун суроолору ар түрдүү. Алсак, карантин учурунда көп ата-эне баланы тарбиялоо, алар менен болгон мамилени жакшыртуу боюнча кеңеш сурашкан", — деди Жапаркулова.

Ал борбордун психологдору жыл сайын окуудан өтүп турушарын кошумчалады.

56
Белгилер:
зомбулук, психология, балдар
Тема боюнча
Күйөөсү 30 жыл урган аял соттун сөзүн угуп нес болду. Кризистик борборлордун иши
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев

Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

91
(жаңыланган 11:45 29.09.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев жүрөк ооруларынын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер экенин айтты.
Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

Республикада жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында. Кыргызстандагы жалпы өлүмдүн дээрлик 52 пайызы ушул илдеттин кесепетинен болуп жатат. Бул тууралуу Акбай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

COVID пандемиясынан кийин жүрөк оорулуулар көбөйүшү мүмкүн

Анын айтымында, ар бир адам кан басымын, салмагын, боюнун узундугун, канындагы холестеринди, канттын көлөмүн билип, аны көзөмөлдөп турушу керек.

"Инсульт, инфаркт, жүрөктүн алсыздыгы  — калк арасында көп кездешкен илдеттер. Бул оорулардын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер. Атеросклероз — бул артериялык кан тамырларынын биринин май менен бүтөлүп, кандын сызылып аз өтүп, бара-бара кан тамырдын ичкериши. Мындай учурда кайсы орган болбосун кан жетишпегендиктен ооруй баштайт. Эгер жүрөк болсо инфаркт, мээ болсо инсульт болот. Ал эми атеросклероздун пайда болушунун үч башкы себеби бар. Биздин өлкөдө биринчи орунда жогорку кан басым же гипертония, экинчиде тамеки чегүү, үчүнчүсү канда холестериндин көп болушу. Мындан кийинки факторлор ашыкча салмак, аз кыймылдоо, кант диабети, стресс жана спирт ичимдиктерин ичүү. Статистиканы алып карасак, Кыргызстанда 21 жаштан өйдө адамдардын 47,8 пайызы гипертония менен жабыркайт. Ошону менен бирге бизде 18 жаштан баштап ар бир төртүнчү адам тамеки чегет. Элдин 26 пайызында ашыкча салмак маселеси бар. 30 пайыздан ашыгы ичимдикти көп ичет жана 80 пайызы аз кыйлмылдайт. Ушуну баары жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет", — деди Сарыбаев.

Кардиолог туура тамактануу, көп кыймылдоо жана ден соолуктун абалын көзөмөлдөп туруу жүрөк ооруларын алдын аларын кошумчалады.

91
Белгилер:
кардиолог, жүрөк, Акбай Сарыбаев
Тема боюнча
Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов

Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

15
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов Россия миграциялык карталарды электрондоштурса эмгек мигранттарына тийгизе турган таасири тууралуу айтып берди.
Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

Россия миграциялык карталарды электрондоштурууну пландап жатат. Мындан чочулоонун кажети жок, тескерисинче, эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу Мурзапаяз Карагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттар аталган документти жоготуп алып түйшүк тарткан учурлар көп эле кездешет.

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

"Россиянын аймагына киргенде чек ара кызматкерлери паспортуң аркылуу камерадан өткөрүп, колуңа миграциялык кагаз берет. Муну жоготуп алып Федералдык миграциялык кызматка (ФМС) кайрылып, убара тартып калыбына келтирген учурлар көп. Андыктан миграциялык карталар электрондошсо, эмгек мигранттарынын өздөрүнө эле ыңгайлуу болмок. Анткени дагы бир көйгөй, биздин жарандар көп учурда Кыргызстандын ички паспорту (ID-карт) менен келип, миграциялык картасын да жоготуп алган жагдайлар кездешет. Андыктан чет элге чыгуучу паспорт менен учууга кеңеш берип кетмекчимин. Ошондо мөөр басылып, кайсы күнү чек араны кесип өткөнү так билинет. Миграциялык картасын жоготуп алган учурда да бул мөөр далил болуп бере алат. Аталган документти электрондоштуруу мына ушундай түйшүктөн арылтат ", — деди Карагулов.

Ал кыргызстандыктарды Россияга чыгып жатканда бул жактын эмгек мигранттарына тиешелүү маалыматтар менен таанышып алуусу зарыл экенин кошумчалады.

15
Белгилер:
миграция, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

0
(жаңыланган 19:39 29.09.2020)
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

0
Белгилер:
жол кырсык, Бишкек
Тема боюнча
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду