Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: коронавирус пайда болгондон бери 146 жолу өзгөргөн

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов
Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов коронавирус өзгөрүүлөргө дуушар болуп отуруп, адамга коркунуч жаратпаган вирустарга кирип калышы мүмкүндүгүн айтты.
Нурматов: коронавирус пайда болгондон бери 146 жолу өзгөргөн

Вирус өз алдынча көбөйө албаган зат. Аны тирүү организмге кошуу же кошпоо тууралуу талаш окумуштуулар арасында азыркыга чейин кызуу жүрүп келет. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 мурун көңдөйү, көз же тамак аркылуу организмге кирген соң канга жетип, андан ары клеткаларга кирет. Клеткалар сырттан келген “чоочун” зат катары кабыл албай, көбөйтүп жиберишет.

“Мурда адам организмине тааныш эмес вирус болгондуктан адамга жуккан соң кандын клеткалары аны “чоочун” зат катары кабыл албай, көбөйтүп жиберет. Бир вирус кан клеткалары арылуу 10 миңге чейин көбөйүү жөндөмүнө ээ. Бирок ошол ар бир вирус бири-бирине окшошпой калышы мүмкүн. Анткени өз алдынча көбөйө албаган бул зат, ушундай барган жерине ылайыкташуу жолу менен жашоосун улантат. Коронавирус пайда болгондон бери бир жылга жетпей 146 майда өзгөрүүлөргө дуушар болгону аныкталды. Бул азырынча майда өзгөрүүлөр болгондуктан анчалык чоң таасир бербей жатат. Убакыттын өтүшү менен вирус өзүн сактап калуу максатында адам организмине ылайыкташып отуруп кадимки сасык тумоо сыяктуу эле коркунучсуз вирустарга кирип калышы ыктымал”, — деди Нурматов.

Дарыгер табигый чөйрөсү жарганаттар болгон вирустун адам организмине кириши да анын чоң өзгөрүүгө кабылгандыгы экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0