Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мааткеримова: чет мамлекетте окуш үчүн бир жыл мурда даярданыш керек

© Фото / пресс-служба МОН КРБилим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова аталган ведомство кабыл алуу процессинде аймактагы абитуриенттер үчүн атайын убакыт бөлөрүн айтты.
Мааткеримова: чет мамлекетте окуш үчүн бир жыл мурда даярданыш керек

Чет мамлекетке окууга тапшырууну каалаган жаштар бир жыл мурда аракетин башташы керек. Бул тууралуу Чынара Мааткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көбүнесе абитуриенттер окууну бүтүп алып кесип тандоого киришет.

"Башка өлкөгө барып билим алам деген мектеп бүтүрүүчүлөрү көбүнесе аттестат алган соң бизге келип кайрылышат. Бул убакытта өтө кечигип калышкан болот. Эгер чет мамлекетте окууну кааласаңыз, анда 2-3 жыл мурда кесипти тандап, бир жыл мурда окууга өтүүгө аракетти баштоо зарыл. Мисалы, 2020-2021-окуу жылына документ тапшыруу учурда аяктады. Негизи бул багыттагы маалыматтар Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына кыш мезгилинен тарта эле жарыяланып баштайт. Андыктан 2021-2022-окуу жылына болгон квоталык орундар тууралуу маалыматтарды быйыл кышта биздин сайттан тапса болот", — деди Мааткеримова.

Ал ошондой эле жогорку окуу жайга тапшырууда кесипти туура тандабаса, чет өлкөгө барып алып окубай койгон кыргызстандыктар болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0