Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: сентябрда Россия — Кыргызстан — Россия каттамы ачылышы мүмкүн

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов пандемияга чейин Россия менен Кыргызстан ортосунда жумасына 50 рейс каттап турганын айтты.
Жекшенкулов: сентябрда Россия — Кыргызстан — Россия каттамы ачылышы мүмкүн

Буга чейин Россия — Кыргызстан ортосунда жумасына беш каттамдан жүргүзүлүп турду. Эми 10го жеткиребиз деген максат бар. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, сентябрь айынан тарта Россия — Кыргызстан — Россия ортосундагы авиакаттамдар толугу менен ачылып калышы ыктымал.

"Эл арасында Россия — Кыргызстан авиакаттамдары 1-сентябрдан тарта ачылат экен деген кеп тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт. Ооба, учурда сентябрда авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул айдын биринен тарта дегенди түшүндүрбөйт. Эки өлкө ортосунда пандемияга чейин жумасына 50 каттам ишке ашырылып турчу экен. Андыктан суроо-талап жогору экенин түшүнүп турабыз. Бирок элди сабырдуу болуп, ар кандай маалыматтарга ишенбей, расмий булактардын гана кабарларына кулак түрүүгө чакырам", — деди Жекшенкулов.

Элчи "үч жылга чейин Россия Федерациясына эмгек мигранттары кире албайт" деген кеп да чындыкка дал келбестигин айтып, чек аралар ачылса коронавирус боюнча маалым кат аркылуу уча берсе болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0