Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазбаков: COVID-19га каршы Россия чыгарган вакцина алгач ЕАЭБ өлкөлөрүнө берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков. Архив
Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков коронавирус менен күрөшүүдө аталган уюмга мүчө мамлекеттер бири-биринен жардамын аябагандыгын айтты.
Сазбаков: COVID-19га каршы Россия чыгарган вакцина алгач ЕАЭБ өлкөлөрүнө берилет

Коронавирус менен күрөшүүдө ЕАЭБ өлкөлөрү абдан тыгыз иштешти. Алгач эле биринчи муктаждыкта турган товарларды уюм алкагында ташып, жеткирүүдө эч кандай тоскоолдуктар болбосун деген чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Алмаз Сазбаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Россия коронавируска каршы чыгарып жаткан вакцина алгач ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирилет. Бул багытта өкмөт башчылар ортосунда келишим түзүлгөн.

"Коронавирусту жеңүүдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер ынтымакта иш алып барды. Керектелүүчү медикаменттерди ташууда бардык тоскоолдуктар алып салынды. Беш өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтары жана башка тиешелүү тармактар тынымсыз байланышта болуп турушту. Кыргызстанга Россия өз дарыгерлерин жиберип, мындан сырткары, керектелүүчү жабдуу, медикамент жана башка жардамдарын аяган жок. Вирус менен күрөшүүдө уюм болуп көрбөгөндөй биримдигин көрсөтө алды. Болбой эле койсун, бирок эгер дагы ушундай оору кайталана турган болсо ЕАЭБ бирлиги ынтымак менен иш алып баруусун улантат", — деди Сазбаков.

Ал вирус менен күрөшүүдө кийилүүчү костюмдар ар бир өлкөнүн өзүндө тигилүүсү үчүн ЕАЭБ жетишпеген жагынан көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0