Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева

Оторбаева: быйыл сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

63
(жаңыланган 16:43 29.08.2020)
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева быйыл сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталарын айтты.
Оторбаева: быйыл сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

Вакцина КРВИ же грипп менен ооруп, дене табы көтөрүлүп тургандарга сайылбайт. Мындан тышкары, бейтап акыркы 3-4 күндө ооруган киши менен байланышта болбошу зарыл. Ошону менен бирге жумуртканын белогуна аллергиясы барлар вакцина алганга болбойт. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вакцинацияны бардык адамдарга, ал гана эмес алты айдан жогорку ымыркайларга, кош бойлуу аялдарга жүргүзүүнү сунуштайт.

Гриппке каршы эмдөө жүрөт: вакцина кайдан келип, кимге сайылат. 11 суроого жооп

"Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги азырынча 135 миң доза вакцина алдырып жатат. Андан тышкары кошумча 700 миңдей препарат сатып алуу пландалууда. Бул вакциналар өнөкөт оорусу барлар, улам ооруй бергендер, кош бойлуу аялдар, балдар үйүндөгү бөбөктөр, интернаттагы балдарга, кары-картаңдар жана медиктерге акысыз сайылат. Бирок 6,5 миллион калкы бар мамлекет үчүн бул препарат өтө эле аз. Тобокел тобуна кирген жарандарга эле жетип калат. Ошондуктан министрлик менен өкмөт жеке менчик медициналык борборлору жылда өз алдынча алып келип, каалоочуларды акча алуу менен эмдөөсүн колдойт. Быйыл дагы аларга уруксат берилди. Вакцинанын баасы былтыр 500-600 сомду түзгөн. Ал эми быйылкы баасы аныктала элек. Келишим боюнча препараттар сентябрь ортосунда келип түшөт. Келери менен айдын 20-25теринде эмдөө башталат. Вакцина жылына алты айдан тогуз жашка чейинки балдарга 0,25 миллилитр дозада эки жолу, ал эми чоңдорго 0,5 миллилитрден бир жолу гана сайылат. Бир гана дарыга же жумуртканын белогуна аллергиясы барларга, эмдөө учурунда дене табы нормадан жогору болуп тургандарга вакцина жүргүзүлбөйт",— деди Оторбаева.

Дарыгер коронавирус пандемиясы жүрүп жаткан маалда гриппке каршы вакцинаны алып коюну сунуштады.

63
Белгилер:
илдет, эмдөө, Динара Оторбаева
Тема боюнча
Россияда коронавирус менен грипптен бирдей коргоочу уникалдуу вакцина жасалууда
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архив

Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

66
(жаңыланган 18:54 19.09.2020)
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова стационар, ооруканалардан чыккан медициналык таштандыларды атайын ишканалар тазалап жатканын айтты.
Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

Пандемия башталгандан бери медициналык таштанды көбөйүп, өзгөчө маскалар туш келди ыргытыла баштады. Бул биз үчүн дагы бир "бет кап пандемиясы" болуп калды. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок.

"Тазалык": Бишкектин жаңы конуштары таштанды чыгаруунун акысын төлөбөй келет

"Коронавирус илдети күчөп, күндүзгү, түнкү стационарлар ачылган маалда медициналык таштандылар көп чыгып жатты. Аны утилизациялоонун өзүнүн эрежеси бар. Бул калдыктарды ар ким эле тазалай бербейт. Жадагалса "Тазалык" муниципалдык ишканасынын буга уруксаты жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын тендер менен тандалып алынган ишканалар тазалап жатышты. Жашырганда эмне, оору жугузуп алабызбы деп калдыктарга жологондон да корктук. Аны алып кетүүчү ишкана бир саат кечиксе эле, качан алып кетет деп чый-пыйыбыз чыгып жатты. ӨКМ, Санэпидкөзөмөл департаменти жана Санитардык-экологиялык инспекция бул жаатта көзөмөлдү абдан жакшы жүргүзүп жатат. Азыркы учурда шаарыбыздагы төрт районго жалпы 16 бала бөлүнүп, бизнес жасаган жайлардын айлана-чөйрөсүндөгү тазалыкты тыкыр текшеришүүдө. Талапты бузган жактарга эки ирет эскертүү берип, үчүнчүсүндө айып пул салабыз. Марттан бери эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча иштеп жатабыз. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин таштанды ыргыткандар көбөйүп, айрыкча бет каптарды туш келди ыргытып, отургучтарды талкалаган тартипсиздер көбөйдү", — деди Алмамбетова.

Калаа мэринин кеңешчиси жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөндөргө эскертүү бербестен дароо айып пул салынарын эскертти.

66
Белгилер:
тазалык, Бишкек мэриясы, Гуля Алмамбетова
Тема боюнча
Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт
Улуттук допингге каршы борбору дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова

Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

27
(жаңыланган 18:50 19.09.2020)
"Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова аталган мекеме спортчуларга допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул багытта билим бере турганын айтты.
Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

Кыргызстанда допингге каршы иш алып баруу боюнча талаптарга төп келген медиктер дээрлик жокко эсе. Андыктан жаңы түзүлгөн "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясына тийиштүү талаптарга жакын адистиктер тандалып алынат. Бул тууралуу Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жакында Допингге каршы эл аралык агенттиктин талабы менен "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясы түзүлдү.

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү

"Жаңы түзүлгөн дирекция спортчулардын арасында допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Допингге каршы эл аралык агенттиктин тийиштүү талаптарына ылайык иш алып барат. Спортчуларга кайсы препараттарды колдонууга мүмкүн экени айтылып, ал тургай анализдер терс натыйжа берип калбашы үчүн туура тамактануу боюнча сунуштар берилет. Мекемеде алты методист, инспектор, жалпысынан 10 тиешелүү кызматкер болушу шарт. Алардын милдетине бул багыттагы иштерди пландап, көзөмөлдөп, тийиштүү билим берүү, түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү кирет. Тилекке каршы, өлкөдө бул тармакта адис даярдап чыгарган окуу жай жок. Ошондуктан мекеменин ишмердүүлүгүнө жараша талаптарды коюп, ошолорго жакын адистиктердеги адамдарды издейбиз", — деди Кермакунова.

Ошондой эле ал учурда дирекциянын ишин регламенттөөчү документтерди тактоо боюнча аракеттер уланып жатканын кошумчалады.

27
Белгилер:
Кыргызстан, дирекция, спорт, допинг
Тема боюнча
Арпачиев: 2020-жылы Кыргызстанда допингге каршы конгресс өтөт
Иран генерал Сулейманинин портрети. Архивдик сүрөт

Иран генерал Сулейманинин өлүмү үчүн Америкадан дагы өч аларын билдирди

0
(жаңыланган 11:01 20.09.2020)
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ирактагы Американын аскер базаларына сокку уруу менен ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алып бүткөн жок. Бул тууралуу Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америкалыктар биз менен салгылашкысы келсе региондун сыртында эмес, ичинде болушу керек. Алар тыштан туруп согуш жүргүзө алышпайт. Биз алардын оюн ишке ашырбай, бардык аскер базаларын тартып алып, аймакты тазалап коюуга кудуретибиз жетет", — деген Салами.

Ал белгилегендей, Ирактагы Американын базаларына сокку урууда, анын ичинде Айн-аль-Асаддагы операциясы менен эле генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу токтоп калган жок. Бул окуя болгону психологиялык тең салмактуулукту калыбына келтиргени белгленди. ИРКК командиринин айтымында, америкалыктар аскер башчысынын өлүмү үчүн жооп бериши керек, бирок бул аракет али ишке аша  элек.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

Салами кошумчалагандай, Сулеймани үчүн жалпы америкалыктардан эмес, аны өлтүрүүгө катышкандардан гана өч алууну ойлоп жатышат. Себеби азыркыга чейин АКШнын бул ишке кириптер аскерлери жок кылынган эмес.

Буга чейин Иран бийлиги аталган операцияга катышкан делген 30 кишини, анын ичинде АКШ менен башка чет мамлекеттердин саясий жана аскерий ишмерлерин, ошондой эле Америка президенти Дональд Трампты тизмектеген.

Ал эми Трамп Тегерандын болжолдуу чабуулуна комментарий берип жатып, АКШнын буга жообу "миң эсе масштабдуу" билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

Мындан кийин "Хезболла" уюмунун тарапкерлери Багдаддагы америкалык дипломатиялык миссияны камалап, андан соң Вашингтондун атайын операциясында ирандык генерал Касем Сулеймани каза тапты. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан

8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган.

Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

0
Белгилер:
Чабуул, өч алуу, өлүм, Касем Сулеймани, Дональд Трамп, Америка, Иран
Тема боюнча
Котормочу болуп иштеген. Иранда ЦРУнун тыңчысы өлүм жазасына тартылды
Ирак АКШ аскерлерин аймактан чыгарууну талап кылууда. Пентагон ага каршы
Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды