Байланыш жана маалыматтык технология мамлекеттик комитетинин Коопсуз шаар долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева

Жээнбаева: "Коопсуз шаар" киргенден бери Бишкекте жол кырсыгы 70%га азайды

159
Байланыш жана маалыматтык технология мамлекеттик комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева аталган долбоордун экинчи этабында борбор калаанын дагы 44 кесилишине камера орнотуларын айтты.
Жээнбаева: "Коопсуз шаар" киргенден бери Бишкекте жол кырсыгы 70%га азайды

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери Бишкек шаарында 70, ал эми Чүй облусунда 50 пайызга жол кырсыгы менен жол эрежелерин бузган учурлардын азайганы байкалды. Ошондой эле бир топ кылмыштын бетин ачууга да жардам берди. Бул тууралуу Элнура Жээнбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр эң негизги көйгөй ишеним кат менен машина сатып алып, эреже бузган айдоочулар болуп жатат.

Жээнбаева: "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы Ысык-Көлдөн башталат

"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы 2019-жылдын 4-мартында ишке кирген. Анда бузууларды тартуу жана видеобайкоо системасы иштеп баштады. Биринчи этаптын алкагында 110 жерге аппараттык-программалык комплекстер орнотулган. Бишкек шаары менен Чүй облусунун камера орнотулган жерлеринде жол кырсыгы менен жол эрежелерин бузган учурлардын азайганы байкалган. Ал эми ар бир түшкөн айып пулдун 217 сому инвесторго которулууда. Калган каражат "Кыргыз почтасы", Транспорт жана жол министрлигине, жергиликтүү органдарга жолду сапаттуу кармап, тийиштүү иштерди аткаруусуна бөлүнөт. Ошону менен бирге тез жардам унаалары да алынды. Андан тышкары, долбоор киргенден бери камералар талкаланган учурлар болду. Көзөмөл камералары жарактан чыгып же бирөөлөр тарабынан талкалана турган болсо, аны подрядчы өзүнүн каражатына оңдоп, калыбына келтирет. Ошондой эле эгер камера белгисиз бирөөлөр тарабынан талкалана турган болсо, бул учурда алар укук коргоо органдарына кайрылып, сот аркылуу мыйзам чегинде чыгымын өндүрө алат", — деди Жээнбаева.

Ал "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабында өлкөнүн бардык аймактарына камералар коюларын кошумчалады.

159
Белгилер:
санариптешүү, долбоорлор, Коопсуз шаар
Тема боюнча
"Коопсуз шаардын" экинчи этабы башталды. Камера бардык аймакка коюлат
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архив

Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

58
(жаңыланган 18:54 19.09.2020)
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова стационар, ооруканалардан чыккан медициналык таштандыларды атайын ишканалар тазалап жатканын айтты.
Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

Пандемия башталгандан бери медициналык таштанды көбөйүп, өзгөчө маскалар туш келди ыргытыла баштады. Бул биз үчүн дагы бир "бет кап пандемиясы" болуп калды. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок.

"Тазалык": Бишкектин жаңы конуштары таштанды чыгаруунун акысын төлөбөй келет

"Коронавирус илдети күчөп, күндүзгү, түнкү стационарлар ачылган маалда медициналык таштандылар көп чыгып жатты. Аны утилизациялоонун өзүнүн эрежеси бар. Бул калдыктарды ар ким эле тазалай бербейт. Жадагалса "Тазалык" муниципалдык ишканасынын буга уруксаты жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын тендер менен тандалып алынган ишканалар тазалап жатышты. Жашырганда эмне, оору жугузуп алабызбы деп калдыктарга жологондон да корктук. Аны алып кетүүчү ишкана бир саат кечиксе эле, качан алып кетет деп чый-пыйыбыз чыгып жатты. ӨКМ, Санэпидкөзөмөл департаменти жана Санитардык-экологиялык инспекция бул жаатта көзөмөлдү абдан жакшы жүргүзүп жатат. Азыркы учурда шаарыбыздагы төрт районго жалпы 16 бала бөлүнүп, бизнес жасаган жайлардын айлана-чөйрөсүндөгү тазалыкты тыкыр текшеришүүдө. Талапты бузган жактарга эки ирет эскертүү берип, үчүнчүсүндө айып пул салабыз. Марттан бери эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча иштеп жатабыз. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин таштанды ыргыткандар көбөйүп, айрыкча бет каптарды туш келди ыргытып, отургучтарды талкалаган тартипсиздер көбөйдү", — деди Алмамбетова.

Калаа мэринин кеңешчиси жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөндөргө эскертүү бербестен дароо айып пул салынарын эскертти.

58
Белгилер:
тазалык, Бишкек мэриясы, Гуля Алмамбетова
Тема боюнча
Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт
Улуттук допингге каршы борбору дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова

Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

23
(жаңыланган 18:50 19.09.2020)
"Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова аталган мекеме спортчуларга допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул багытта билим бере турганын айтты.
Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

Кыргызстанда допингге каршы иш алып баруу боюнча талаптарга төп келген медиктер дээрлик жокко эсе. Андыктан жаңы түзүлгөн "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясына тийиштүү талаптарга жакын адистиктер тандалып алынат. Бул тууралуу Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жакында Допингге каршы эл аралык агенттиктин талабы менен "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясы түзүлдү.

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү

"Жаңы түзүлгөн дирекция спортчулардын арасында допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Допингге каршы эл аралык агенттиктин тийиштүү талаптарына ылайык иш алып барат. Спортчуларга кайсы препараттарды колдонууга мүмкүн экени айтылып, ал тургай анализдер терс натыйжа берип калбашы үчүн туура тамактануу боюнча сунуштар берилет. Мекемеде алты методист, инспектор, жалпысынан 10 тиешелүү кызматкер болушу шарт. Алардын милдетине бул багыттагы иштерди пландап, көзөмөлдөп, тийиштүү билим берүү, түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү кирет. Тилекке каршы, өлкөдө бул тармакта адис даярдап чыгарган окуу жай жок. Ошондуктан мекеменин ишмердүүлүгүнө жараша талаптарды коюп, ошолорго жакын адистиктердеги адамдарды издейбиз", — деди Кермакунова.

Ошондой эле ал учурда дирекциянын ишин регламенттөөчү документтерди тактоо боюнча аракеттер уланып жатканын кошумчалады.

23
Белгилер:
Кыргызстан, дирекция, спорт, допинг
Тема боюнча
Арпачиев: 2020-жылы Кыргызстанда допингге каршы конгресс өтөт
Россиялык алып баруучу Ольга Шелест. Архив

Россиялык алып баруучу аз убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берди

0
(жаңыланган 09:08 20.09.2020)
Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россиялык алып баруучу Ольга Шелест "Телепрограмма" басылмасына маек берип жатып тез убакыттын ичинде кантип арыктаганын айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, социалдык тармактын колдонуучулары алып баруучунун сындуу болуп калганын байкашып, андан кантип арыктаганын сурашкан.

Шелесттин айтымында, ал эки айдын ичинде жети килограмм салмак таштаган. Алып баруучу 10 жылдан бери мынчалык арыктай электигин белгилеп, мунун баарын таттуу менен байланыштырган.

"Бир отурганда эле бир тортту жеп койчумун. Бирок кийин кумшекерден баш тарттым. Эки айдан кийин жети килограмм таштаганымды билдим. Атайын деле "арыктайм" деп максат койгон эмесмин. Анткени өзүмдүн тулку-боюм жакшы эле формада болчу", — деди ал.

Алып баруучу карантинде кокустан "Мен таттууну жакшы көрбөйм" деген китеп окуп калганын айтты. Ошондон баштап анын кумшекер, таттууга болгон көз карашы өзгөргөн.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

"Бул китепте кумшекер кантип жаралганы, адамдар ага эмнеге жакын болуп калганы тууралуу илимий негизде маалыматтар берилген. Ошондой эле биз аталган "жасалма баңгизатты" колдонгондо организмде кандай реакция жүрөрү да айтылган", — деди Шелест.

Алып баруучу кумшекердин ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билгенден кийин таттуудан толугу менен баш тартканын кошумчалады.

0
Белгилер:
Кумшекер, арыктоо, алып баруучу, Россия
Тема боюнча
30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү
Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди