Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов. Архив

Токтомаметов: мугалимдер онлайн окутууда билбегенин тартынбай сурап турсун

76
(жаңыланган 18:43 31.08.2020)
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов бала бакчага, даярдоо классына барган балдардын жакшы окуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болорун айтты.
Токтомаметов: мугалимдер онлайн окутууда билбегенин тартынбай сурап турсун

Онлайн билим берүүдө мугалимдер да, ата-энелер да дүрбөлөңгө түшүп, өздөрүн психологиялык жактан кысымга албай билбеген маселелерин тартынбай эле сурап турганы жакшы. Ошол эле кесиптештеринен же жогорку класстын окуучуларынан тигил же бул техникалык суроолоруна жооп ала алышат. Бул тууралуу Алмаз Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сентябрдан тарта мугалимдер үчүн вебинарлар байма-бай өткөрүлүп турат.

Сайназаров: онлайн окутууда айрым аткаминерлер мугалимдерди чүнчүтүп койду

"Аралыктан окутууда айрым педагогдор ар түрдүү маселелерден улам дүрбөлөңгө түшүп калышат. Мисалы, ошол эле керектүү техниканы колдонууда, маалымат издөөдө кыйынчылыктарга дуушар болушат. Мындай учурда тартынбай эле билген кесиптештеринен, жогорку класстын окуучуларынан үйрөнүп алса болот. Өзгөчө дүрбөлөңгө алдырбоону башталгыч класстын мугалимдеринен суранып кетер элем. Анткени 1-класстын, даярдоо класстарынын окуучуларынын андан аркы билимге болгон кызыгуусу толугу менен мугалимден көз каранды. Бул бөбөктөрдүн ар бирине өзгөчө мамиле талап кылынат. Ушундай эле кадамга ата-энелер да баруусу зарыл. Азыр ар кандай тармактарда топтор ачылып, талкууга аянтчалар түзүлүүдө. Керектүүсүнө сөзсүз катталып алуу зарыл. Ошондой эле сентябрь айынан тарта мугалимдер үчүн вебинарлар өткөрүлүп турат. Аларга да активдүү катышып турса иштөөсүнө жеңил болот", — деди Токтомаметов.

Педагог ата-энелер менен мугалимдер тыгыз байланышта, ынтымактуу иш алып баруусу зарылдыгын кошумчалады.

76
Белгилер:
мугалим, ата-эне, онлайн окутуу
Тема боюнча
Сайназаров: онлайн окутуу учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктар күчөдү
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев

Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

25
(жаңыланган 19:04 26.09.2020)
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 2015-2020-жылдарга тилди өнүктүрүү боюнча бөлүнгөн каражаттар айрым тармактарда колдонулбай турганын айтты.
Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

Ар бир беш жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программа кабыл алынат. Анын алкагында 2018-жылы кесиптик окуу жайларды кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 200 миллион сом каралган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин каражат иштетилбей турат. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кесиптик окуу китептерин чыгаруунун индикатору түзүлүп, ал өкмөт тарабынан бекитилген.

"2015-2020-жылдарга карата тилди өнүктүрүү боюнча иш планда кесиптик окуу жайларын мамлекеттик тилдеги китептер менен камсыздоого басым жасалган эле. Анын ичинде медициналык, техникалык жана көркөм өнөр, искусство жаатында китептер басылып чыкмак. 200 миллион сом каражат бөлүнүп, өкмөт иштелип чыккан индикаторду кабыл алган соң биз чоң көйгөйгө туш келдик. Көрсө, өлкөдө аталган тармактар боюнча талапка жооп бере турган, студенттер окуп билим алуусуна керектелүүчү окуу куралдарын жазып чыга алган адистер жок экен. Ошондуктан бул максаттар ишке ашпай калды. Аталган китептерди чыгарууга Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери жоопкерчилик алган", — деди Ишекеев.

Төрага бөлүнгөн каражат 2021-жылга ушул эле максатта которуларын кошумчалады.

25
Белгилер:
көйгөй, китеп, мамлекеттик тил, Назаркул Ишекеев
Тема боюнча
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармакты тандоо зарыл

18
(жаңыланган 18:39 26.09.2020)
Экономист Нургүл Акимова ишкер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу айтып берди.
Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

Бизнесмен болуу да кесип тандоо сыяктуу эле. Бирөөнүн кирешеси тууралуу угуп алып эле кызыга берген болбойт. Сөзсүз түрдө жасаган бизнесиң көңүлүңө төп келүүсү зарыл. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Анын айтымында, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөдө тарбияланган бала бизнеске оңой аралашып кете алат.

"Ишкерлик жөндөм бардык адамда болот. Ал кайсы тармакта бизнес жасай алат, көңүлүнө эмне туура келет, ошону гана аныктап алуусу зарыл. Албетте, ишкер чөйрөдө чоңойгон баладан бизнесмендер көп чыгат. Анткени алар кичинекейинен аки-чүкүсүн  билет. Бирок кийин келип ишкерликке аралашып, ийгилик багындырууга да толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы - адам жүрөгүнө жаккан иштин түрүн тандоосу абзел. Эгер ал өсүмдүктөргө жакын болсо, ушул багытта кетсин, же  сулуулук индустриясы кызыктырат дейли, анда ошол тармакты караштырсын. Жөн гана башка бирөөнүн тапкан кирешеси тууралуу угуп алып бизнес жасоого киришкен адамды көп учурда жаңылыштык, жаза басуу күтүп турат. Бизнестин тили менен айтканда, банкрот. Бирок анын да пайдасы бар, себеби сабак алып, тажрыйба топтойт. Эгер жасап жаткан бизнесиң көңүлүңө жакса, мындай учурда кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче өжөрлүк менен уланта аласың ", — деди Акимова.

Экономист ийгиликтүү ишкер болуу үчүн ар дайым бизнестин ошол багытында билимин тереңдетип туруу зарылдыгын кошумчалады.

18
Белгилер:
ишкер, каражат, үй-бүлө, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив

ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек

7
(жаңыланган 12:11 27.09.2020)
ДССУ өкүлүнүн айтымында, катуу чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрү COVID-19дан өлүмдүн саны көбөйүп кетпеши үчүн кайрадан катаал карантин киргизүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын жетекчиси Майк Райанга шилтеме берип ВВС жазды.

Райандын айтымында, мындай чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал. Ал жакын арада вакциналар чыгарын жана дарылоо ыкмалары бир топ жакшырарын айтып, ошол эле учурда бул нерселер өлүмдүн азаюусуна анча жакшы жардам бере албасын кошумчалады.

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

"Болгон аракетибизди жумшабасак, тилекке каршы өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетиши ыктымал”, — деди жетекчи.

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматына карганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32,7 миллионго жетти. Алардын арасынан 993 миң киши каза болуп, 22,6 миллион киши сакайды.

7
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, өлүм, чектөө, карантин, пандемия, коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандардан жуктургандар көбөйдү. Статистика