Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков. Архивдик сүрөт

Сазбаков: Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү көбөйүүдө

69
(жаңыланган 13:05 01.09.2020)
Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков Кыргызстандан уюмга мүчө мамлекеттерге экспорттолгон сүт азыктарынын көлөмү жылына 13 пайызга жетип жаткандыгын айтты.
Сазбаков: Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү көбөйүүдө

Өлкөдөн ЕАЭБге чыгарылган товарлардын көлөмү жыл сайын өсүүдө. Бул тууралуу Алмаз Сазбаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сазбаков: COVID-19га каршы Россия чыгарган вакцина алгач ЕАЭБ өлкөлөрүнө берилет

Анын айтымында, уюмга мүчө өлкөлөр Кыргызстандан органикалык азык-түлүктөрдү көп талап кылышат.

"ЕАЭБдин алкагында алгач экспортту жөнгө сала албай бир аз кыйналдык. Бирок соңку жылдары өлкөдөн бирликке мүчө мамлекеттерге товар чыгаруу жакшы өнүгүп келе жатат. Өзгөчө айыл чарба продукциясы, кайра иштетүүчү товарлар же жеңил өнөр жайы бийик көрсөткүчтөргө жетип калды. Алсак, сүт азыктарын уюмга мүчө өлкөлөргө экспорттоо жылына 12, 5, 13 пайызга жетти. Мындан сырткары, айыл чарба азыктары да мыкты деңгээлде келе жатат. Бирок ЕАЭБдин бизден органикалык нукура азыктарга суроо-талабы күч. Азырынча, тилекке каршы, бул тармакты алар сураган көлөмдө өндүрүүгө чама-чаркыбыз жетпей келет. Ошентсе да жолго салынуучу маселе", — деди Сазбаков.

Ал өлкөдө ЕАЭБге азык-түлүктөрдү чыгаруу үчүн кыска убакытта шарттар түзүлүп, логистикалык борборлор курулгандыгын кошумчалады.

69
Белгилер:
экспорт, Кыргызстан, Алмаз Сазбаков
Тема боюнча
Жыл башынан бери КР кайсы мамлекеттерге канча азык-түлүк экспорттоду. Тизме
Быйыл Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө мурдагыдан көбүрөөк өрүк экспорттоду
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев

Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

67
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев көргөзмөлөргө барып, сүрөт тартып, токуп же жөн эле сейилдесе оорунун белигилери анча байкалбай деле каларын айтты.
Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

Альцгеймер оорусуна чалдыккан адамдарга вагабандаж жана плюшкин синдромдору мүнөздүү. Алар түйүнчөгүн чогултуп бир жака кете тургандай камданып жана сырттан болгон керексиз эски-уску буюмдарды алып келип топтой беришет. Бул тууралуу Музурхат Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жай кыймылдаган адамдардын өмүрү кыскабы? Окумуштуулардын жообу

Анын айтымында, Альцгеймер оорусун адамдар бири-бирине жумшак, сый мамиле жасап алдын алса болот.

"Республика боюнча Альцгеймер дартына кабылган 300дөн ашык киши каттоодо турат. Бирок бул сандар айсбергдин учу эле. Туугандары маани бербеген же ооруганын билип туруп кайрылбаган адамдар көп. Өзгөчө айыл жергесинде жашаган карылар ансыз деле үйдөн чыкпайт. Аларга балдары кийим, тамагын даярдап берип, пенсиясын алып келип беришет. Ошону менен бирге ата-энесинин ооруп калганын айткандан уялгандар да бар. Качан гана кийимин кие албай, таза эле өзүн алып жүрө албай калганда ооруканага кайрылышат. Негизи адам баласы бири-бирине жумшак, мээрим менен мамиле кылса, толеранттуу болсо Альцгеймерге кабылган адамдын оорусунун белгилери анча деле билинбей калат. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" дегендей, эгер адам мурда жумшак, сөзгө көнгөн адам болсо, ооруп калгандан кийин деле андан да жумшак болуп калат. Себеби альцгеймердин негизги белгиси мүнөздүн курчушу болуп жатпайбы. Эгер ооруган адамга жакшы мамиле жасаса, ал деле ошондой жооп алат. Мындайча айтканда, альтруисттик мамилени күчөтүү керек. Бул адамдар жаш баладан да таарынчаак болуп калат", — деди Курманалиев.

Дарыгер-психиатр Альцгеймер оорусун дарылап айыктыруу, ооруну кечеңдетүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

67
Белгилер:
психикалык абал, илдет, Альцгеймер оорусу
Тема боюнча
Алжыбай жашоонун эң жөнөкөй жолу айтылды
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Мира Тургунбаева

Тургунбаева: социалдык стационар мекемелеринде 700дөй улгайган жаран бар

48
(жаңыланган 12:00 01.10.2020)
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Мира Тургунбаева өлкөдө 1-октябрда карыялар күнү 30 жылдан бери белгиленип жатканын айтты.
Тургунбаева: социалдык стационар мекемелеринде 700дөй улгайган жаран бар

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 17 социалдык стационардын алтоосунда 700гө чукул карыяга мамлекет тарабынан кам көрүлүүдө. Бул тууралуу Мира Тургунбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда 513 миңден ашык адам улгайган жарандардын катарына кирип, карыялар калктын сегиз пайызын түзөт.

Карылар жана балдар үйүн коомдук көзөмөлгө алуу мыйзам долбоору сунушталууда

"Улгайган адамдарга карата мамлекеттик саясат улуттук мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Карыяларга кам көрүү боюнча өкмөттүн беш жылдык планы бекитилген. Анын негизинде иш жүрүүдө. Мындан тышкары, жыл сайын 15-сентябрдан тарта улгайган жарандар үчүн бир айлык жарыяланып, көмөк көрсөтүлүп келет. Тилекке каршы, быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу бул датага карата иш-чаралар жетиштүү деңгээлде уюштурулбай калды. Коомчулукта жашы өтүп калгандарга сый мамиле кылып, аларга кам көрүү менталитетке сиңип калган. Ошентсе дагы ар кандай турмуштук жагдайлардан улам жалгыз күн кечирип же асыроосуз калган карыяларыбыз жок эмес. Булар үчүн атайын мекемелерде кам көрүлөт. Алсак, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 17 социалдык стационар бар. Алардын алтоо улгайган жарандарга социалдык колдоо көрсөтөт. Учурда бул мекемелерде 700гө чукул карыя өкмөт тарабынан багууга алынган. Ошондой эле мамлекеттик социалдык тапшырык мыйзамынын негизинде улгайган жарандар үчүн атайын борборлор түзүлүп, социалдык колдоо көрсөтүү иштери жасалууда", — деди Тургунбаева.

Ошондой эле ал мыйзамга ылайык эркектер 63, ал эми аялдар 58 жаштан кийин улгайган болуп эсептелерин кошумчалады.

48
Белгилер:
коронавирус, Карылар үйү, камкордук
Тема боюнча
Айтматовдун 100гө чыккан мугалими карылар үйүндө. Ыктыярчы менен маек
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

0
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

0
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны