Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева. Архивное фото

Адис вакцина алган айрым адамдардын кайра ооруп жаткан себебин айтты

635
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева грипп менен COVID-19 адамга бир учурда жугуп калганда вакцина грипптин жүрүшүн жеңилдетерин айтты.
Адис вакцина алган айрым адамдардын кайра ооруп жаткан себебин айтты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл сайын февраль айында, келе жаткан күз-кыш айларында грипптин кандай түрлөрү болорун алдын ала болжолдошот. Ошол болжолдуу иликтөөлөргө таянуу менен тумоого каршы вакцинаны сунушташат. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоого каршы эмдөө 1949-жылдан бери жасалып келет.

Оторбаева: быйыл сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

"Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде ДССУнун көрсөтмөсү жок бир дагы вакцина чыгарылбайт. Ал эми көрсөтмө алган завод дароо эле массалык түрдө чыгарып жибербестен, препаратты 5-6 ай сыноодон өткөрөт. Изилдөө ийгиликтүү аяктагандан кийин гана чоң көлөмдө чыгарылат. Учурда калк арасында, ошол эле медкызматкерлер дагы сасык тумоого каршы эмдөө алсам деле ооруп калдым деп айтып келишет. Менимче, алар маалыматтын жоктугунан ушинтип айтышууда. Негизи сасык тумоонун түрлөрү көп. Вакцина ошолордун бирине гана каршы сайылат. Кайсы жылы грипптин кандай түрү жайылары алдын ала божомолдонуп, эмдөө ошого каршы жүргүзүлөт. Ал эми башка адана вирус, паротиттин төрт түрү, риновирус, коронавирус, респиратордук-синцитиалдык жана башка бир топ курч респиратордук вирустук инфекциялардын түрлөрү да бар. Адам булардын кайсы бирине чалдыкканда симптомдору окшош болгондуктан, жалпысынан эле сасык тумоо деп аталып келет. Бирок алган эмдөөсү жогорудагы вирустардын бирөөнөн гана коргой алат. Ошондуктан вакцина алса деле вирустун башка түрлөрүн илештирип алып, ооруп калышы мүмкүн", — деди Оторбаева.

Дарыгер сасык тумоого каршы вакцина алган адамдар вирустук инфекциянын башка түрүнө кабылса да оору жеңил формада өтөрүн кошумчалады.

635
Белгилер:
вакцина, оору, Динара Оторбаева
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2252)
Тема боюнча
Россияда COVID-19га каршы вакцинаны жаңыча сыноого уруксат берилди
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова. Архивдик сүрөт

Кубатова: угуу жана сүйлөөсү начар адамдарга сурдокотормо кызматы көрсөтүлөт

15
(жаңыланган 11:31 28.09.2020)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова министрлик тарабынан иштелип чыккан угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сурдокотормо кызматын көрсөтүү долбоору 2021-жылы ишке кирип каларын айтты.
Кубатова: угуу жана сүйлөөсү начар адамдарга сурдокотормо кызматы көрсөтүлөт

Токтом долбоорунун негизги максаты – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда мамлекет кепилдеген сурдокотормо кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Бул тууралуу Кульира Кубатова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

КРде майып балдар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, ата-энелерге сунушталды

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда жалпы 193,7 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, анын 5500дөн ашууну угуп жана сүйлөө жагынан майып адамдар.

"2019-жылы кыргыз өкмөтү БУУнун Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясын ратификациялаган. Анын негизинде мамлекет конвенциянын жоболорун аткарууга милдеттүү. Ага ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сурдокотормо кызматтарын көрсөтүү тартибин" иштеп чыгып, өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Кыргызстандын жарандары, ошондой эле өлкөдө туруктуу жашаган жана сурдокотормо боюнча керектөөчүлөрдүн реестрине киргизилген адамдар кепилденген сурдокотормо кызматын алууга укуктуу. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар календарлык жылда 15 саат мамлекет тарабынан сурдокотормо кызматын пайдалана алат. Бирок биз муну 40 саатка чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул кызмат ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда, мамлекеттик органдардын же мекемелердин, сот органдарынын талабы боюнча көрсөтүлүшү мүмкүн. Ошону менен бирге билим берүү, саламаттык сактоо жана документ толтуруу сыяктуу тармактарда котормочу жардам берет. Бизде котормочулар абдан аз. Ошондуктан үч жылдык планга сурдокотормочуларды окутуу кызматын киргизүү мерчемделүүдө", — деди Кубатова.

Ал өлкөнү санариптештирүү жылына ылайык аталган кызматты көрсөткөн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу да каралганын кошумчалады.

15
Белгилер:
кызмат, өкмөт, котормо
Тема боюнча
Кубатова: майып балдарды карагандарга 4 900 сомдон айлык төлөнүүдө
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов

Романов: сибирь жарасынын инкубациялык мөөнөтү 3-4 күн

52
(жаңыланган 21:11 27.09.2020)
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов ооруган малдын этин пайдаланганга болбой турганы байма-бай айтылганына карабай адамдар аны союп, этин таратып салган учурлар болуп жатканын айтты.
Романов: сибирь жарасынын инкубациялык мөөнөтү 3-4 күн

Ооруган малдын этин бышырып, көпкө кайнатып, кууруса деле сибирь жарасы сырткы чөйрөгө туруктуу болгондуктан илдет жуктуруп алуу коркунучу жогору. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ат-Башы: сибирь жарасы менен ооруган уйдун эти элге тарап, эки киши жабыркады

Анын айтымында, Кыргызстанда жылына сибирь жарасына кабылган 2-3 учур аныкталат.

"Микроб териге кирген жерде алгач кызыл так пайда болот, андан кийин томпоюп шишимик тартат. Кийинчерээк ал ыйлакчага айланып, сууга, бир аздан кийин ириңге толуп, бат эле жарага айланат. Ал эми өпкөдөн же ичеги-карындан кармаган күйдүргү өмүргө коркунучтуу. Бактыга жараша, бизде мындай формада кармаган учур каттала элек. Оору сасык тумоого кабылгандай эле башталып, бактерия тез көбөйүп, канга өтүп кетет. Сибирь жарасынын инкубациялык мөөнөтү 3-4 күн. Диагнозду өз убагында коюп, дарылабаса оорулуу 2-3 күндүн ичинде эле өлүмгө учурашы мүмкүн. Клиникалык белгилери температура көтөрүлүп, ичи өтүп, жөтөлгөндө кан аралаш какырык чыгат, тамак шишип кетет", – деди Романов.

Адис быйыл сибирь жарасы малдан жана топурактан эки, ал эми адамдардан үч учур катталганын кошумчалады.

52
Белгилер:
дарылоо, сибирь жарасы
Тема боюнча
Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек
АКШ президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

Саясат таануучу: Трамптын Навальный жөнүндөгү "чуулуу окуяга" аралашкысы жок

0
(жаңыланган 12:29 28.09.2020)
Америкалык сенаторлордун тобу Алексей Навальный кабылган окуядан улам Россияга каршы санкция киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун алып чыкты. Sputnik радиосунун эфиринде саясат таануучу Владимир Можегов бул демилгени "абаны чайкоо" деп атап, себебин түшүндүрдү.

Америкалык сенаторлордун тобу Алексей Навальный боюнча окуядан улам Россияга каршы мыйзам долбоорун алып чыкканын республикачы сенатор Марко Рубионун сайтында жарыяланган.

Авторлордун пикири боюнча, документте "эл аралык укукту көз көрүнөө бузууга", анын ичинде Навальныйдын "ууланышына" тиешеси бар россиялык расмий адамдарга каршы чектөөлөрдү киргизүү да каралат.

Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп

Мыйзам долбоору америкалык бийликтен Россиянын президенти Владимир Путин жана анын айланасындагылардын каржылары жөнүндө эмне белгилүү болсо, конгрессте отчет берүүнү талап кылат. Мындан тышкары, ал Ак үйдөн химиялык жана биологиялык куралды пайдаланууга тыюу салган АКШнын мыйзамдарын бузган-бузбаганына жооп берүүгө милдеттендирет.

Марко Рубиодон сырткары, документти республикачы сенатор Митт Ромни, ошондой эле демократтар Крис Кунс, Бен Кардин жана Крис Ван Холлен да кубаттайт. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн аны сенат жана өкүлдөр палатасы колдоп, АКШ президенти кол коюуга тийиш.

Sputnik радиосунун эфиринде саясат таануучу Владимир Можегов сенаторлордун демилгеси боюнча оюн мындайча билдирди: "Бул коомдук иш. Кандай отчеттор болсун? Таптакыр болбогон нерселер. Булардын баары шайлоо алдындагы шыкактоо. Анан да Навальныйдын иши демократтардын күн тартибинде. Республикачылар буга кыйылып жатып кошулушкан. Менимче, мындан ары колдошпойт. Кандай болгон күндө да мунун баарына Трамп өтө этияттык менен алып келди. Мамлекеттик катчы Майк Помпео окуянын бардык фактылары белгилүү болгондо гана реакция кылуу керектигин айткан, азырынча эмне болуп жатканы анча так эмес", —дейт Владимир Можегов.

Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

Анын пикиринде, америкалыктар Навальный жөнүндө маалыматтарды немецтерден ала алышмак, бирок алардан өтүнүч түшө элек.

"Бул санкциялар үчүн кандайдыр бир негиз болмок, бирок андай өтүнүчтөр али түшө элек. Ошол себептен мунун баары мага абаны чайкоо болуп сезилүүдө... Бул кандайдыр күңүрт окуя, ошондуктан Трамп ага аралашкысы, демократтардын алдамчылыгына илешкиси жок. Менимче, демократтар бул теманы пиар кылууну күчөтүшөт, ал эми Трамп булардын баарынан оолак турат", – деп эсептейт саясат таануучу.

Алексей Навальный учакта абалы начарлап, Омскиде 20-августта ооруканага жаткырылган. Врачтар зат алмашуусу бузулганын, андан улам канда канттын көлөмү кескин түшүп кеткенин аныкташкан. Ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз, бирок Навальныйдын каны жана заарасынан уулуу зат табылган эмес. Кийинчерээк аны Германияга которушкан.

Сентябрдын башында немец өкмөтү россиялык жаран "Новичок" деп аталган согуштук заттардын субстанциясы менен ууландырылганын жарыялашкан. Москва берлиндик лабораториянын анализдеринин жыйынтыгы тууралуу толугураак маалымат сурап кайрылган, бирок жооп болгон эмес.

Россия ТИМи Берлиндин Навальный тууралуу билдирүүсүнө үн катты

Ошону менен бирге эле германиялык BND чалгын кызматынын 1990-жылдардан бери "Новичокту" алууга мүмкүнчүлүгү бар экени белгилүү. Андан сырткары, 20 батыш өлкөсү, атап айтканда, Улуу Британия, АКШ, Швеция, Чехия аны изилдеп келген.

Россия 1992-жылы, президенттин жарлыгына ылайык, химиялык курал чөйрөсүндөгү иштеп чыгууларын токтоткон, ал эми 2017-жылы андай заттардын бардык запасын жок кылган. Муну Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм да тастыктаган.

0
Белгилер:
өтүнүч, санкциялар, Россия, АКШ, Дональд Трамп
Тема боюнча
Германия Алексей Навальныйды үн катпоого мажбурлайт. Саресеп
Россия ТИМи Берлиндин Навальный тууралуу билдирүүсүнө үн катты