Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Марсбек уулу: ЕАЭБге айыл чарба продукциясын экспорттоо кескин өстү

© Фото / пресс-служба МинсельхозаАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу айыл чарба продукциясын экспорттоо иштери электрондоштурулганын айтты.
Марсбек уулу: ЕАЭБге айыл чарба продукциясын экспорттоо кескин өстү

ЕАЭБ өлкөлөрүнө жашылча, мөмө-жемиштерин чыгаруу үчүн документ иштери учурда ашып кетсе 3-4 сааттын ичинде бүткөрүлөт. Бул тууралуу Илич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экспорттук кагаз иштери электрондошкондон тарта өлкөдөн сыртка чыгарылган айыл чарба продукцияларынын көлөмү кескин жогорулаган.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда бирдиктүү документ жүгүртүү эрежеси кабыл алынган соң алгач Кыргызстан электрондоштуруу боюнча бир топ көйгөйлөргө кабылып келген. Бирок соңку жылдары уюмга мүчө башка мамлекеттерди кууп жетип, азыр беш мамлекет ортосунда бирдей тартипте иш жүргүзүлүүдө. Мунун ыңгайлуу жагын алгач эле продукциясын ЕАЭБ мамлекеттерине саткан дыйкандар сезишти. Мурда товарын чек арадан алып өтүү үчүн тиешелүү сертификат алууга бир нече күн коротуп кезек күтүшсө, азыр 700 сом төлөп, жарым күнгө жетпеген убакытта керектүү документтерин алып кетишет. Мунун жыйынтыгында соңку жети айда эле өлкөдөн 110 тонна жашылча-жемиш, 134 тонна фасоль жана жасмык (чечевица) ЕАЭБ мамлекеттерине жана Түркия, Чыгыш Европага экспорттолду. Бул багытта республика боюнча төрт лаборатория иш алып барууда, бешинчиси Нарын облусуна жаңыдан курулуп жатат. Кыргызстандан жөнөтүлүп жаткан жүккө алган документтери уюмга мүчө болгон беш мамлекеттин чек араларынан өтүүдө жарайт", — деди Марсбек уулу.

Ал пандемия учурунда да айыл чарба продукциялары уюм алкагында эч тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0