Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: Россиядагы мигранттарга 12 млн. сомдон ашуун акча которулду

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов пандемия учурунда атайын уюштурулган каттамдар аркылуу 32 526 мекендеш өлкөгө келгенин билдирди.
Жекшенкулов: Россиядагы мигранттарга 12 млн. сомдон ашуун акча которулду

Өкмөт Россиядагы эмгек мигранттарын колдоо үчүн пандемия учурунда жалпысынан 12 миллион 981 миң сом каражат которду. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, аталган каражаттын 10 миллион 980 миң сому коротулуп, резервде 2 миллион 393 миң сом кармалып турат.

Кыргызстандан Россияга уча турган авиакаттамдардын убакыт-сааты жарыяланды

"Пандемия башталганда өкмөт бул жактагы кыргызстандыктарга азык-түлүк үчүн 12 миллиондон ашуун сом бөлдү. Анын эсебинен 3 миллион 557 миң сомго 7 500 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы жасалып таратылды. Мындан сырткары, хостелдерде жаткан мекендештерибизге да 3 миллион сом жумшалды. Ошондой эле уюштурулган авиакаттамдарга, автобустарга төлөнүп жана Москвадан башка аймактарга да каражат жиберилди. Учурда резервде 2 миллион сомдон ашуун акча турат", — деди Жекшенкулов.

Элчи жалпысынан Россиянын 21 аймагынан 131 авиакаттам жана 95 автобус уюштурулгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0