Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шаршенова: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бирдиктүү база түзүлдү

© Sputnik / Асел СыдыковаМамлекеттик кадр кызматынын электрондук башкаруу бөлүмүнүн башычы Индира Шаршенова. Архив
Мамлекеттик кадр кызматынын электрондук башкаруу бөлүмүнүн башычы Индира Шаршенова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы Индира Шаршенова аталган мекемеде санариптештирүү иштери 100 пайызга аткарылып бүтүп калганын айтты.
Шаршенова: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бирдиктүү база түзүлдү

2019-жылы аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Мамлекеттик кадр кызматына тапшырма берилген. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы документ алмаштыруу иштерин электрондук форматка өткөрүү милдети коюлган. Бул тууралуу Индира Шаршенова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда 630 мамлекеттик мекемеде жана алардын аймактык бөлүмдөрүндө "Е кызмат" деп аталган иш кагаздарын электрондоштуруу системасы орнотулду.

Кыргызстанда "Санарип аймак" системасына 176 айыл өкмөт кошулду

"Былтыр аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Мамлекеттик кадр кызматына милдеттеме коюлган. Ага ылайык, региондордо жайгашкан мамлекеттик органдардын иш кагаздарын алмашуу электрондоштурулушу керек эле. Бул багытта "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте алгылыктуу иштер аткарылды. Тагыраагы, 2020-жылга карата коюлган тапшырмалар 100 пайызга ишке ашты деп айтсак болот. Учурда 36 миңден ашуун мамлекеттик кызматкерлердин жеке маалыматтары электрондук түрдө сакталып турат. Мындан сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында документ алмашуу иштери да электрондошуп жатат", — деди Шаршенова.

Ал аталган электрондук система менен иштеген аймактан келген 2000ден ашуун адисти окутуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0