Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архивдик сүрөт

Сазыков: ЕАЭБдин импорт-экспортчулары отчет тапшыруусу зарыл

(жаңыланган 14:24 07.09.2020)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков салыктык отчетторду тапшыруу 1-октябрда аяктай турганын айтты.
Сазыков: ЕАЭБдин импорт-экспортчулары отчет тапшыруусу зарыл

ЕАЭБ алкагында импорт-экспорт менен алектенгендер отчетторун тапшырып туруусу зарыл. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салык төлөөчүлөр өз убагындай отчет тапшырбай калса эч кандай айып салынбайт.

Унаа салыгын төлөп, бирок жанында чеги жок айдоочу эмне болот? Расмий жооп

"Салыктык отчетторду тапшыруу пандемияга байланыштуу эки жолу өкмөт тарабынан жылдырылды. Алгач 1-июлга, андан кийин ишкерлердин суранычы боюнча 1-октябрга чейин жылдырылган. Кеч калган салык төлөөчүлөр отчет тапшырбаса эч кандай айып салынбайт. Бул жерден белгилеп кетүүчү жагдай, ЕАЭБ алкагында импорт-экспорт менен алектенгендер отчетторун тапшырууга милдеттүү. Алар товарды киргизгенден кийин бир ай өтүп тийиштүү отчетту бериши керек. Болбосо кийинки товар ташып келүүсү үчүн салык кызматтарынан керектүү маалым катты ала албай калышы ыктымал", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал салыктарды аралыктан төлөө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, отчет, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Сазыков: салыктык туумдарды жоё турган мыйзам ишке кирди
Sputnik Кыргызстан радиосунун Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков жаңы кирген сөздөрдү колдонууда дароо эле түз которууга ашыкпай, ата-бабаларыбыз сүйлөп жүргөн аталыштарга маани берүү керектигин айтты.
Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын айтты.

Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.

"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.

Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.

Белгилер:
тарбия, балдар, китеп, жомок, Бегайым Жайчиева
Тема боюнча
Психолог: жомок угуп чоңойгон баланын иммунитети бекем болот
Мектептеги класс. Архив

Эки окуучудан COVID-19 табылды. Ошто №20 мектеп карантинге жабылды

(жаңыланган 17:41 19.04.2021)
Окуучулар коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу мектеп эки жумага жабылды. Буга чейин дагы бир нече билим берүү мекемеси онлайн форматка өткөн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын эки окуучусунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектеп 19-апрелде эки жумалык карантинге жабылып, сабактар онлайн өтүлө баштайт.

Эске салсак, 13-апрелде калаанын "Олимп" жана "Жетиген" мектептеринде да эки окуучу илдетке кабылган. Алар бир туугандар болуп, коронавирус аларга энесинен жуккандыгы аныкталган.

Мындан улам алар менен байланышта болгондордон анализ алынып, мектептер онлайн режимге өткөн.

Белгилер:
коронавирус, билим берүү, мектеп, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте дагы үч мектеп аралыктан окууга өттү
Мугалим COVID жугузуп алган. Бишкектеги №67 мектеп карантинге жабылды