АРИСтин Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун адиси Жылдыз Турдугулова. Архив

Турдугулова: быйыл 16 мектептин ички санитардык курулушу калыбына келтирилет

69
(жаңыланган 14:29 07.09.2020)
АРИСтин "Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун адиси Жылдыз Турдугулова 2017-жылдан бери аталган долбоор ишке ашырылып жатканын айтты.
Турдугулова: быйыл 16 мектептин ички санитардык курулушу калыбына келтирилет

Айылдарда активдүү жарандар менен биргеликте гигиенаны сактоо үчүн шарттарды түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жылдыз Турдугулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул багыттагы иштер атайын долбоордун алкагында жасалууда. Аны КРдин өкмөтү Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырып жатат.

Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт

"Айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында мектептерди суу менен камсыздоо, гигиенаны сактоо үчүн ажатканаларды талаптарга жооп бергидей реабилитациялоо пландалган. Натыйжада Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы 94 айылдагы 95 мектепте социалдык курулуштар модернизацияланды. Учурда 25 мектепте бул иш жыйынтыкталды. Ал эми быйылкы жылга карата 16 мектепте ички санитардык объектилер калыбына келтирилет. Мындан тышкары, төрт мектепте тышкы ажатканалар шартка ылайык курулат. Долбоордун алкагында айыл тургундары менен гигиенаны сактоо үчүн санитардык шарттарды түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", — деди Турдугулова.

Адис долбоордун максаты жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн аймактардагы санитардык абалды жакшыртуу болуп саналарын кошумчалады.

69
Белгилер:
долбоорлор, гигиена, санитария
Тема боюнча
Боронов: 79 айыл таза суу менен камсыз болот
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев

Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

123
(жаңыланган 11:45 29.09.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев жүрөк ооруларынын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер экенин айтты.
Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

Республикада жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында. Кыргызстандагы жалпы өлүмдүн дээрлик 52 пайызы ушул илдеттин кесепетинен болуп жатат. Бул тууралуу Акбай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

COVID пандемиясынан кийин жүрөк оорулуулар көбөйүшү мүмкүн

Анын айтымында, ар бир адам кан басымын, салмагын, боюнун узундугун, канындагы холестеринди, канттын көлөмүн билип, аны көзөмөлдөп турушу керек.

"Инсульт, инфаркт, жүрөктүн алсыздыгы  — калк арасында көп кездешкен илдеттер. Бул оорулардын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер. Атеросклероз — бул артериялык кан тамырларынын биринин май менен бүтөлүп, кандын сызылып аз өтүп, бара-бара кан тамырдын ичкериши. Мындай учурда кайсы орган болбосун кан жетишпегендиктен ооруй баштайт. Эгер жүрөк болсо инфаркт, мээ болсо инсульт болот. Ал эми атеросклероздун пайда болушунун үч башкы себеби бар. Биздин өлкөдө биринчи орунда жогорку кан басым же гипертония, экинчиде тамеки чегүү, үчүнчүсү канда холестериндин көп болушу. Мындан кийинки факторлор ашыкча салмак, аз кыймылдоо, кант диабети, стресс жана спирт ичимдиктерин ичүү. Статистиканы алып карасак, Кыргызстанда 21 жаштан өйдө адамдардын 47,8 пайызы гипертония менен жабыркайт. Ошону менен бирге бизде 18 жаштан баштап ар бир төртүнчү адам тамеки чегет. Элдин 26 пайызында ашыкча салмак маселеси бар. 30 пайыздан ашыгы ичимдикти көп ичет жана 80 пайызы аз кыйлмылдайт. Ушуну баары жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет", — деди Сарыбаев.

Кардиолог туура тамактануу, көп кыймылдоо жана ден соолуктун абалын көзөмөлдөп туруу жүрөк ооруларын алдын аларын кошумчалады.

123
Белгилер:
кардиолог, жүрөк, Акбай Сарыбаев
Тема боюнча
Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов

Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

22
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов Россия миграциялык карталарды электрондоштурса эмгек мигранттарына тийгизе турган таасири тууралуу айтып берди.
Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

Россия миграциялык карталарды электрондоштурууну пландап жатат. Мындан чочулоонун кажети жок, тескерисинче, эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу Мурзапаяз Карагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттар аталган документти жоготуп алып түйшүк тарткан учурлар көп эле кездешет.

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

"Россиянын аймагына киргенде чек ара кызматкерлери паспортуң аркылуу камерадан өткөрүп, колуңа миграциялык кагаз берет. Муну жоготуп алып Федералдык миграциялык кызматка (ФМС) кайрылып, убара тартып калыбына келтирген учурлар көп. Андыктан миграциялык карталар электрондошсо, эмгек мигранттарынын өздөрүнө эле ыңгайлуу болмок. Анткени дагы бир көйгөй, биздин жарандар көп учурда Кыргызстандын ички паспорту (ID-карт) менен келип, миграциялык картасын да жоготуп алган жагдайлар кездешет. Андыктан чет элге чыгуучу паспорт менен учууга кеңеш берип кетмекчимин. Ошондо мөөр басылып, кайсы күнү чек араны кесип өткөнү так билинет. Миграциялык картасын жоготуп алган учурда да бул мөөр далил болуп бере алат. Аталган документти электрондоштуруу мына ушундай түйшүктөн арылтат ", — деди Карагулов.

Ал кыргызстандыктарды Россияга чыгып жатканда бул жактын эмгек мигранттарына тиешелүү маалыматтар менен таанышып алуусу зарыл экенин кошумчалады.

22
Белгилер:
миграция, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

0
(жаңыланган 01:15 30.09.2020)
Пашинян жаңжалга Түркиянын аралашканын сындап чыкса, Алиев аталган өлкө Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Россия 1" телеканалынын "60 минут" программасынын эфиринде Тоолуу Карабахтагы жаңжал тууралуу бири-бирине комментарий беришти.

Маанилүү билдирүүлөрү:

  • Илхам Алиев Азербайжан тараптан 11 жай тургун, анын ичинде эки жаш бала каза таап, аскерлер дагы набыт болгонун билдирди. Мындан улам Баку тийиштүү жооп кайтарганын айтты;
  • Никол Пашинян Түркия Карабахтагы жаңжалга кадимкидей аралашып, жадагалса Түркиянын жогорку даражалуу адамдары аскердик аракеттерди жетектеп турганын билдирди;
  • Алиев Түркия Ереван менен болгон жаңжалга катышып жатканы туурасында маалыматты четке кагып, "фейк" деп атады;
  • Пашинян армян элине коркунуч жаралып жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулукту Баку менен Анкаранын аракеттерин талкуулоого жана Түркияны "Түштүк Кавказдан кетүүгө" аргасыз кылууга чакырды.
  • Алиев Армениянын талаптары Карабах боюнча сүйлөшүүгө ылайыксыз деп атады. Ал "Армениянын премьер-министри "Карабах — бул Армения, ошону менен чекит коюлушу керек" деп ачык эле айтууда. Мындай учурда кандай сүйлөшүү процесси тууралуу кеп кыла алабыз?" — деди;
  • Пашинян Карабахтагы жаңжалга түркиялык учактын катышканы көрүнүп турган факт экенин айтты;
  • Алиев Түркия Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

0
Белгилер:
Жаңжал, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү
Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...