Улам кийинки муундун боюнун кичирейип бара жатышы туура эмес тамактанууга байланыштуу. Организмге өз убагында кирген пайдалуу азыктар бойдун өсүшүнө, акыл-эстин калыптанышына таасирин тийгизет. Бул тууралуу Турсун Мамырбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туура эмес тамактануу балдарга, кош бойлуу келиндерге, жашы улгайган адамдарга дагы терс таасирин тийгизет.
Диетолог: помидорду ар ким эле жей албайт, зыяны бар
"Акыркы убакта ашыкча салмакка байланыштуу жүрөк-кан тамыр оорулары күч алууда. Тамактануу бойдун өсүшүнө, акыл-эстин калыптанышына дагы өз таасирин тийгизет. 1995-жылы жүргүзүлгөн изилдөө боюнча азык-түлүктүн курамындагы тийиштүү витаминдердин жетишсиздигинен ар бир төртүнчү баланын бою өспөй калганы аныкталган. Андан бери бир кыйла иштер аткарылып келе жатат. 2006-жылы бул көрсөткүч 25 пайыздан 18 пайызга төмөндөгөнү белгилүү болгон. Ал эми 2018-жылдагы изилдөөлөр боюнча 12 жылда бул көрсөткүч беш пайызга түшүп, 13 пайызды түзгөн. Азыр 20-25 жаш курактагы улан-кыздардын бою анча өспөй калганы байкалат. Ошондой эле учурда балдардын 43 пайызы кандын жетишсиздиги менен ооруйт. Иммунитеттин калыптанышына темирдин ролу абдан чоң. Негизи эле иммунитет күчтүү болуусу үчүн адам түйүлдүк кезинен тийиштүү витаминдер менен камсыздалып, андан кийин дагы туура тамактануу аркылуу иммунитетти күчтөндүрүп туруусу зарыл. Аны кыска убакыттын ичинде ар кандай витаминдер же тамактануу аркылуу калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес", — деди Мамырбаева.
Дарыгер беш жашка чейинки балдардын витаминдүү тамак менен камсыздалышына шарт түзүү керектигин кошумчалады.
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.
Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.
"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.
Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ — АУЦА) президенти Эндрю Качинс ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында чакырылганы айтылат.
Министрлик сотко чейинки өндүрүш боюнча маалымат Жазык-процессуалдык кодексинин 160-беренесине ылайык ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.