БШКнын шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт иштеринин эрежелери боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Адилет Шаршеналы уулу

Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн

41
БШКнын шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт иштеринин эрежелери боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Адилет Шаршеналы уулу шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт учурунда санитардык эрежелерди сактоого милдеттүү экенин айтты.
Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн

Жазык кодекси боюнча, үгүт иштерин өткөрүп жаткан тарапка санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузса 260-300 миң сомго чейин айып пул салуу же 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми Жоруктар кодексинде 30-60 миң сомго чейин айып пул же бир жылга чейин ээлеген кызматынан бошотуу, болбосо белгилүү бир иштер менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Бул тууралуу Адилет Шаршеналы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Парламенттик шайлоо: БШК эл аралык 25 байкоочуну каттады

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялардын өкүлдөрүн чакырып, санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берди.

"4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого үгүт иштери башталды. БШК менен Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү пандемия шартына байланыштуу үгүт иштерин өткөрүү боюнча алгоритм иштеп чыккан. Ага жараша эл көп чогулган жерде ошол жыйналышты уюштуруп жаткан талапкер же партия элдин дене табын текшерип, колдоруна санитайзер сээп, ар бир келген адамды бир жолку колдонуучу бет кап менен камсыз кылып, аралыкты сактоо менен белгиленген сандан көп адамды чогултпай өткөрүүсү зарыл эле. Учурда, тилекке каршы, бул эрежелер сакталбай жатканына күбө болуудабыз. Андыктан 8-сентябрь күнү биз шайлоого катышып жаткан партиялардын өкүлдөрүн чакырып, эскертүү бердик. Мындан ары да аталган талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деди Шаршеналы уулу.

Ал шайлоочуларга дистанттык түрдө маалымат жеткирүү максатында https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/ порталы иштелип чыкканын кошумчалады.

41
Белгилер:
эреже, мыйзам, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020 (160)
Тема боюнча
Бекматов: шайлоодо акча тараткандар да, алгандар да 2,5 жылга чейин соттолот
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова. Архивдик сүрөт

Турсункулова: кишинин семирип кетишинин үч башкы себеби бар

608
Эндокринолог Гүлжамал Турсункулова эркектерге караганда аялдар бат эле ашыкча салмак кошуп аларын айтты.
Турсункулова: кишинин семирип кетишинин үч башкы себеби бар

Кишинин семирип кетүүсүнүн үч башкы себеби бар. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди

Анын айтымында, ашыкча салмак кант диабетинин пайда болушуна жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаралышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

"Адамдардын ашыкча салмак кошуп алышынын башкы үч себеби бар. Алар — туура эмес тамактануу, генетика жана гормондордун бузулушу. Өзүнүн семирип баратканын түшүнгөн адам алгач эндокринологго кайрылып, себебин аныктап алганы жакшы. Анткени арыктайм деген айрым кишилер дароо эле диета кармоодон башташат. Эгер толуп кетүүсүнүн себеби туура эмес тамактануу болбосо, анда мындай диеталар организмге олуттуу зыян келтирип коюшу мүмкүн. Дагы бир маанилүү маселе — бизде туура тамактануу дегенди калориялуу азык-түлүктөрдү жеш керек деп түшүнгөндөр да жок эмес. Тескерисинче, майлуу, күчтүү тамактар организм үчүн пайдасы аз азыктар болуп эсептелет. Дүйнөдө семирип кетүүнү кедей өлкөлөрдүн "оорусу" деп аташат. Анткени калкы бай жашаган мамлекеттерде адамдар жашылча, жемиштерди төрт мезгил бою жеп, туура тамактанууга далалаттанышат",— деди Турсункулова.

Дарыгер таттуу, газы бар суусундуктар да салмак кошууга өбөлгө болорун кошумчалады.

608
Белгилер:
ден соолук, салмак
Тема боюнча
Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева

Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

39
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Кыргызстанда либералдык валюта саясаты ишке ашырылгандыктан эл аралык валюталарды колдонуу жарандардын чечиминен көз каранды экендигин айтты.
Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

Соңку учурларда өлкөлөр арасында өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонуу актуалдуу болууда. Доллардан арылуу маселеси ЕАЭБдин кеңешинде дагы талкууланып келет. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, АКШ — Кытай соода тиреши жана АКШнын Россияга санкцияларды киргизүүсү Россия менен Кытайдын ортосунда улуттук валютаны колдонууга түрткү болууда.

ЕАЭБ менен Кытай: кызматташуунун бир нече тармагы талкууланды

"Акыркы учурда өлкөлөр арасында өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонуу абдан актуалдуу болууда. Доллардан арылуу маселелери ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешиндеги отурумунда бир нече жолу каралган. Учурда Россия жана Кытайдын соода жүргүзүүсүндө АКШ долларынын үлүшү азаюуда. Мындай кадам келечекте ЕАЭБ ичинде акча жүгүртүүгө юань же башка бир бирдиктүү акча кирип калышы мүмкүн деген да ойду жаратпай койбойт. Ошондой эле дүйнөлүк эксперттер да юандын дүйнөлүк же регионалдык валюта болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышууда. Анткен менен бул үчүн бир катар шарттар болушу зарыл. Алсак, өлкөлөр аралык экспорттук-импорттук операциялардын көлөмү бирдей болушу керек. Валюта тобокелчиликтерин камсыздандырууга мүмкүнчүлүк берген жагдай түзүлүүсү шарт", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал Кытайдын бийлиги акыркы он жылда өз акчасынын ролун жогорулатууга жана эл аралык валюта статусун алууга багытталган аракеттерди жүргүзүп, натыйжада доллар, евро, фунт жана иена менен бирге 2016-жылдан тартып юань эл аралык валюта фондунун куржунунда экенин кошумчалады.

39
Белгилер:
соода, юань, Евразиялык экономикалык биримдик, Аида Карабаева
Тема боюнча
Ишемкулов: Өзбекстандын ЕАЭБге жакындашуусу эки тарапка тең пайдалуу
Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив

Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

0
(жаңыланган 20:23 24.09.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттарын канча адам шайлай алары белгилүү болду. Массалык мушташка жооптуу талапкерлер жарыштан четтетилди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөрдүн топтомун сунуштайт.

Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды

  • Шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланып, 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өсүш болду;
  • Убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 шайлоочу №2 формасын алды;
  • Чет өлкөдө жүргөн 32 582 мигрант ЖК депутаттарын шайлоого катыша алат. 2015-жылы 15 312 гана кыргызстандык добуш берүүгө укук алган;
  • Документтерди кароо учурунда ар кайсы партиядан 42 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылды;
  • Жалпы жонунан 2 475 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинен 45и чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө;
  • Шайлоо өнөктүгү маалында 128 мыйзам бузуу катталып, прокуратура тергеп жатат. Анын 82си Жазык кодекси, 46сы Жоруктар кодекси менен каралууда;
  • Башкы прокуратура административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 фактыны иликтеп жатат. Азырынча эч бир мамлекеттик кызматкерге чара колдонула элек;
  • Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен 40 кылмыш иши козголду;
  • Араванда үгүт учурунда массалык мушташты тутандырган деп алты адам айыпталууда. Учурда анын бешөө тергөө абагына киргизилген, бирөө ооруканада жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы тандала элек. Жалпысынан тогуз адам ооруканада жатат;
  • Шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана шайлоо участкаларын кайтаруу үчүн 11 507 милиция кызматкери тартылат;
  • 27-сентябрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт;
  • ИИМ шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 236 фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады;
  • 24-сентябрда кечки саат 17:00дө БШКнын отуруму болуп, Аравандагы массалык мушташ боюнча маселе каралды. Натыйжада жаңжалга жооптуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов жана "Биримдиктин" талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жарыштан четтетилди.
0
Белгилер:
прокурор, мыйзам бузуулар, талапкер, каттоо, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020 (160)
Тема боюнча
Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды