Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев. Архивдик сүрөт

Ашырбаев: быйыл Бишкекте көмүр былтыркыга салыштырмалуу арзан

172
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев көмүр ишканалары күз-кыш мезгилине даяр экендигин айтты.
Ашырбаев: быйыл Бишкекте көмүр былтыркыга салыштырмалуу арзан

Көмүр социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Андыктан баасы Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Канат Ашырбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда республика боюнча 985 миң тонна көмүр даярдалды.

Боронов Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышып, көмүр келе электигин сындады

"2020-2021-жылдын күз-кыш мезгили үчүн бюджеттик-социалдык мекемелерге 240 миң тонна, ал эми элдин керектөөсүнө 1 миллион 110 миң тонна көмүр тартуу пландалган. Ошондой эле Бишкек ЖЭБи 1 миллион 110 миң тонна көмүр менен камсыздалуусу шарт. Мунун 700 миң тоннасы Кара-Кечеден, 60 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн, 336 миң тонна казак көмүрү алып келинет. Ал эми 127 миң тонна көмүр Кара-Кечеден ташылды. Баалар боюнча айта турган болсом, карантин учурунда көмүргө болгон муктаждык төмөндөдү. Анткени көптөгөн тамактануучу жайлар, мончолор иштеген жок. Мындан улам наркы арзандады. Учурда Кара-Кеченин көмүрүнүн базардагы баасы Бишкекте 3100-3300 сомго жетүүдө. Бул былтыркыга салыштырмалуу 200 сомго арзан. Көмүрдүн наркын Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөйт. Себеби ал социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Эгерде бааны жасалма көтөрүүгө аракеттенгендер болсо, аларга тийиштүү органдар тарабынан чара көрүлөт", — деди Ашырбаев.

Ошондой эле ал учурда көмүр казуу менен жалпысынан 45 ишкана алектенип жатканын кошумчалады.

172
Белгилер:
баа, даярдык, көмүр
Тема боюнча
Нарын: көмүр ташып бараткан айдоочуга таш ыргытып, ок аткандар изделүүдө
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев

Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

94
(жаңыланган 11:45 29.09.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акбай Сарыбаев жүрөк ооруларынын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер экенин айтты.
Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

Республикада жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында. Кыргызстандагы жалпы өлүмдүн дээрлик 52 пайызы ушул илдеттин кесепетинен болуп жатат. Бул тууралуу Акбай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

COVID пандемиясынан кийин жүрөк оорулуулар көбөйүшү мүмкүн

Анын айтымында, ар бир адам кан басымын, салмагын, боюнун узундугун, канындагы холестеринди, канттын көлөмүн билип, аны көзөмөлдөп турушу керек.

"Инсульт, инфаркт, жүрөктүн алсыздыгы  — калк арасында көп кездешкен илдеттер. Бул оорулардын пайда болушуна 90 пайыз кан тамырдын атеросклероз оорусу себепкер. Атеросклероз — бул артериялык кан тамырларынын биринин май менен бүтөлүп, кандын сызылып аз өтүп, бара-бара кан тамырдын ичкериши. Мындай учурда кайсы орган болбосун кан жетишпегендиктен ооруй баштайт. Эгер жүрөк болсо инфаркт, мээ болсо инсульт болот. Ал эми атеросклероздун пайда болушунун үч башкы себеби бар. Биздин өлкөдө биринчи орунда жогорку кан басым же гипертония, экинчиде тамеки чегүү, үчүнчүсү канда холестериндин көп болушу. Мындан кийинки факторлор ашыкча салмак, аз кыймылдоо, кант диабети, стресс жана спирт ичимдиктерин ичүү. Статистиканы алып карасак, Кыргызстанда 21 жаштан өйдө адамдардын 47,8 пайызы гипертония менен жабыркайт. Ошону менен бирге бизде 18 жаштан баштап ар бир төртүнчү адам тамеки чегет. Элдин 26 пайызында ашыкча салмак маселеси бар. 30 пайыздан ашыгы ичимдикти көп ичет жана 80 пайызы аз кыйлмылдайт. Ушуну баары жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет", — деди Сарыбаев.

Кардиолог туура тамактануу, көп кыймылдоо жана ден соолуктун абалын көзөмөлдөп туруу жүрөк ооруларын алдын аларын кошумчалады.

94
Белгилер:
кардиолог, жүрөк, Акбай Сарыбаев
Тема боюнча
Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов

Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

15
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов Россия миграциялык карталарды электрондоштурса эмгек мигранттарына тийгизе турган таасири тууралуу айтып берди.
Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

Россия миграциялык карталарды электрондоштурууну пландап жатат. Мындан чочулоонун кажети жок, тескерисинче, эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу Мурзапаяз Карагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттар аталган документти жоготуп алып түйшүк тарткан учурлар көп эле кездешет.

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

"Россиянын аймагына киргенде чек ара кызматкерлери паспортуң аркылуу камерадан өткөрүп, колуңа миграциялык кагаз берет. Муну жоготуп алып Федералдык миграциялык кызматка (ФМС) кайрылып, убара тартып калыбына келтирген учурлар көп. Андыктан миграциялык карталар электрондошсо, эмгек мигранттарынын өздөрүнө эле ыңгайлуу болмок. Анткени дагы бир көйгөй, биздин жарандар көп учурда Кыргызстандын ички паспорту (ID-карт) менен келип, миграциялык картасын да жоготуп алган жагдайлар кездешет. Андыктан чет элге чыгуучу паспорт менен учууга кеңеш берип кетмекчимин. Ошондо мөөр басылып, кайсы күнү чек араны кесип өткөнү так билинет. Миграциялык картасын жоготуп алган учурда да бул мөөр далил болуп бере алат. Аталган документти электрондоштуруу мына ушундай түйшүктөн арылтат ", — деди Карагулов.

Ал кыргызстандыктарды Россияга чыгып жатканда бул жактын эмгек мигранттарына тиешелүү маалыматтар менен таанышып алуусу зарыл экенин кошумчалады.

15
Белгилер:
миграция, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо
Ресторан. Архив

Пандемиянын мейманкана, ресторан ишине тийгизген кесепети. Сандар

0
(жаңыланган 20:26 29.09.2020)
Министрлик жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен тармактарды атап, сандарды келтирди. Анткен менен августтун жыйынтыгы башкача болду.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жыл башынан бери мейманканалар менен ресторандардын ишмердүүлүгү 45,4 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

"Пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартты. 2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болгон, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түзгөн"
— деп билдиришти аталган министрликтен.

Министрлик аны менен кошо эле жалпы кызмат көрсөтүүнүн ичинен ишмердүүлүгү төмөндөп кеткен башка тармактарды да келтирген.

Былтыркы ушул жылга салыштырмалуу автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун азайышы негизинен дүң көлөмдүн (19,4 пайызга), чекене сооданын (16,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган. Анткен менен өткөн айларга салыштырганда августта дүң – чекене соода секторунда 0,3 пайызга өсүш байкалган.

Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн ресторан, тойканалар ачылат

Отчеттук мезгил аралыгында транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 19 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 39,1 пайызга ылдыйлаган. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү авиа каттамдар менен автоунаа менен ташуулардын өлкө ичинде да, башка өлкөлөргө да ташуулардын төмөндөшү менен шартталган. Жалпысынан алганда I кварталдын аягынан тарта ай сайын өтө төмөндөөлөр болуп, кээде айына 6 пайызга түшкөн мезгилдер болгон. Августтун жыйынтыгы менен ушул сектордун көрсөткүчтөрү ушул жылдын июль айынын деңгээлинде калууда.

"Демек, бул аталган сектордо төмөндөө азайып, калыбына келүү фазасына өтүп жаткандыгын көрсөтүп турат", - деп айтылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жаткандыгын экономикалык бяндамадан окуй аласыз.

0
Белгилер:
экономика, кызмат көрсөтүү, коронавирус, Кыргызстан
Тема боюнча
Кафе-ресторандарда 100 кишиге чейин отурууга уруксат берилиши мүмкүн