Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Элмира Абжапарова

Абжапарова: аткаминер тууганын ортого салып басым жасагандар бар

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Элмира Абжапарова ипотека алууга кезекке туруу электрондошконун айтты.
Абжапарова: аткаминер тууганын ортого салып басым жасагандар бар

Биринчи көйгөй — каражаттын тартыштыгы. Мунун кесепетинен кезекте көпкө күтүп калган кардарлар бар. Бул тууралуу Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда иш алып баруу аталган мекемеде бир топ кыйынчылыкты жаратты.

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын чоң көйгөйү — каражаттын тартыштыгы. Ушунун кесепетинен узун кезек жаралып калууда. Анан да буга чейин керектүү документтерин тез арада чогултуп, алгачкы төлөмдү төгүп аракет кылган жарандар алдыга жылып, насыя алып келген. Санариптештирүүнүн алкагында эми электрондук тизме түзүлдү. Ошого карабай кезегин күткүсү келбеген айрым кардарларыбыз чоң кызматтагы тууган-уругун ортого салып, компанияга басым жасап жатышат. Алар башка учурда мыйзамды так билип, талап кылганды билишет, бирок өздөрүнө келгенде эрежени унутуп калышууда", — деди Абжапарова.

Ал адамдар пандемиядан улам да чыдамсыз болуп баратышканын кошумчалады.

Белгилер:
мыйзам, насыя, ипотекалык насыя
Тема боюнча
Сагындык уулу: эми шаардыктар ижара боюнча онлайн кайрылышат
Sputnik Кыргызстан радиосунун Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков жаңы кирген сөздөрдү колдонууда дароо эле түз которууга ашыкпай, ата-бабаларыбыз сүйлөп жүргөн аталыштарга маани берүү керектигин айтты.
Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын айтты.

Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.

"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.

Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.

Белгилер:
тарбия, балдар, китеп, жомок, Бегайым Жайчиева
Тема боюнча
Психолог: жомок угуп чоңойгон баланын иммунитети бекем болот
АКШнын президенти Жо Байден. Архив

Путинге Байден менен жолугуунун эмне зарылчылыгы бар

Ансыз да олку-солку болуп турган Россия-Америка мамилелери акыркы айда өзүнчө эле театрга, вашингтондук актёрлор койгон оюнга айланып кетти.

Алгач Байден Путинди "жан алгыч" деп атады, андан соң "Россиянын Украинаны басып алуу кооптуулугун" күчөткөн Байден Путинге чалып жакын арада жолугушууну сунуштады да эртеси жаңы санкциялар тууралуу жарлыкка кол койду. Андан кийин ЖМК алдына чыгып, "Россия менен чырдашууну каалабай турганын", АКШ чогуу иштешүүгө кызыкдар экенин, бул үчүн жай айларында Путин менен жолугушуу ниети бар экенин айтты. Көшөгө.

Кырдаалга РИА Новости абай салды.

Ушу тапта Байдендин жаңылганын да тамашалоо орунсуз болуп калды. Бирок Вашингтондогулар Россиянын айласын таппай, улам бир ыкманы пайдаланып жатат деп да айта албайсың. Жок, Ак үйдө максатын так түшүнгөн, Россия боюнча көрчү аракеттери айкын адамдар отурат. Буга мүмкүнчүлүгү жетиштүүбү, америкалык кызыкчылыктын көз карашынан алып караганда канчалык туура стратегия? Жок, дарамети жетпейт. Муну түшүнүү Кремль үчүн стратегиялык планда маанилүү, ал эми азыр тактикалык планда башка нерсе кызык болуп турат: Путин болуп жаткан окуяларга кандай мамиле жасашы керек? Же Байден менен жолугушууга барышы керекпи?

Бир караганда сүйлөшүү россиялыктарга караганда америкалыктар үчүн зарыл сыяктуу эле. Мындан улам Байден оң-тескери кадамдары менен Путинди жолугушууга мажбурлап жатат деген да сөз болгон. Демек, ою менен болуп сүйлөшүүлөргө барбай, тыным алып туруу керек деген кептер айтылган болчу.

Америкалыктар чындап эле моюн толгогондорду жаман көрөт, өздөрү да сүйлөшүүгө көп бара беришпейт. Кээде мындай аракет акталып калат, Иран менен Түндүк Кореянын мисалы буга далил. Пхеньян АКШнын кезектеги жосунсуз аракетинен соң бир жылдан бери америкалыктар менен байланышка чыкпай келет. Коронавирус боюнча чектөөлөрдөн улам деп айтууга болбойт. Ирандыктар да түз байланыштан бир нече ирет баш тартты, керек болсо жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө макул болбой жүрөт. Бул ошол өлкөлөрдүн, алардын АКШ менен болгон алакасынан алып караганда туура, татыктуу кадам. Россиянын масштабы да, контексти да такыр бөлөк.

Кеп Путиндин биринчи болуп жолугушууну сунуштаганында деле эмес. Эскерте кетсек, РФ лидери АКШ президентинин чуулуу сөзүнөн кийин түз эфирде дебат форматында жолугууну демилгелеген. Путин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ким менен болсо да сүйлөшүүгө даяр. Россиянын кызыкчылыгы эмнеде? Санкцияларды жумшартуу боюнча Америка менен келишүүбү? Же Жакынкы Чыгыш, Афганистандагы көйгөйлөр, Ирандын өзөктүк келишими, Түндүк Кореянын ракеталык-өзөктүк программасы сыяктуу аймактык маселелер боюнча тил табышуубу? Украинабы?

Жок, мунун баары локалдык көйгөй. Канчалык маанилүү болсо да бул маселелер Байден менен жолугушууга себеп болуп бере албайт. Мында адамдык кызыкчылык баарынан жогору турат: кантсе да Путин үчүн Байден бешинчи президент, экөө мындан он жыл мурун жолуккан жайы бар. РФ лидери ал кезде Байдендин инсандыгын анализдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк алган, ошентсе да дүйнөлүк аренада иштөө үчүн адамдын кандай экенин көбүрөөк билүү эч качан ашыктык кылбайт эмеспи.

Россиянын геосаясий стратегиясы, тышкы саясий оюну — мына ушул нерсе жолугушуунун кызыгын арттырууда. Россия XXI кылымдын дүйнөлүк системасын калыптандырууга катышуу ниетин билдирип тим болбостон бул жаатта жигердүү иш алып барууда. Америкалыктардай болбой, дүйнө үчүн таптакыр жаңы каркас түзүү менен алек. Ооба, Кытай менен иштешип жатат, анткени кызыкчылыктар дал келүүдө. Ооба, АКШга тыкыр баам салып, убагында жооп берип жатат, анткени америкалыктардын дүйнөнү деконструкциялоо аракети бардык ревизионисттик күчтөрдүн маанилүү маселесине айланып кетти.

Байден Россия АКШнын ишине кийлигишип жатат деп туура айтты. Кийлигишип жатат, бирок шайлоосуна эмес. Муну айтып, талашып-тартышуу бекер, "вашингтондун сазын" байырлагандар үчүн бул ички да, тышкы да саясатынын элементине айланып кеткен. Керек болсо "шайлоого кийлигиштирип" АКШ Россияны таасири күч держава катары сыпаттап койду.

Ооба, Россия кийлигишип, "АКШнын кызыкчылыктарын кыйратууда", болгону бул жерде алардын глобалдуу кызыкчылыгы, өзүн "эге" сезип алган текеберлиги тууралуу сөз болууда. Кошмо Штаттардын лидер аталууга күчү, дарамети жетпей калды. Материалдык жактан Америкадан алда канча алсыз болуп турган Россиянын орчундуу артыкчылыгы бар.

Өлкө тарыхтын туура багыты менен баратат, башкача айтканда, стратегиялык жактан аныкталып-такталган глобалдуу архитектура менен өнүгүүнүн тенденцияларына таянып өз тактикасын курууда. Россия учурда өзгөрүүлөрдүн лидери. Бул жагынан алып караганда Байден болобу, Камала Харрис болобу, кайсы лидер менен болсо да жолугушуунун зарылдыгы бар.

Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жолугушуу, санкциялар, Владимир Путин, Жо Байден, АКШ, Россия