Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: кулактын жумшак жери "көнчөк" делет

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда туура сүйлөөгө терең көңүл бурулгандыгын айтты.
Талантбеков: кулактын жумшак жери "көнчөк" делет

Кулак калканчынын жумшак бөлүгү "Манаста" "көнчөк" деп айтылат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөз эпостун бир нече жеринде кездешет.

Талантбеков: жарым ай "Манаста" "айчык" деп берилген

"Жан багуу парз деп айтылат "Манаста". Аны адал тамак жеп, адал иш кылуу менен ишке ашырса болот. Мындан тышкары, туура сөздү угуп, аны өзгөртүүсүз жеткире билүүсү дагы жанды багууга кире турганын эпостон баамдасак болот. Ошондуктан айрым сөздөрдү туура колдонуубуз зарыл. Маселен, кулактын жумшак бөлүгү бар. Кыздарга сөйкө дал ошол жерине салынат. Аны жалпылап кулак же кулактын учу деп коебуз. Ал эми эпосто ал "көнчөк" деп берилет. Каныкей апабыздын Тайторуну чабар алдында бул сөз кездешкен саптарды жолуктурабыз. Абыке менен Көбөш Каныкейди чабарда ага "Кулактан тартып кыбырлап, көнчөктөн тартып шыбырлап. Кулагына энеңдин, айтып койду шыбырап" деп периштеси белги бергени тууралуу айтылган", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал күнүмдүк турмушта көөнө сөздөрдү колдонуу тилди байыта турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0