Мамлекеттик ипотекалык компания пандемиядан улам кардарларга жеңилдиктерди берүүдө. Ар бир насыя алуучу менен жекече сүйлөшүү жүрөт. Бул тууралуу Мелис Эржигитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бюджеттен быйыл 500 миллион сом каралган. Аталган сумманын 61 миллиону берилип, калганы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу токтоп турган. Эми 200 миллиону бөлүндү.
"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын түзүлгөнүнө беш жыл толду. Бул аралыкта 16 000ден ашуун үй-бүлө турак жайлуу болду. Жалпысынан 5 миллиард сомдон ашуун каражат жумшалды. Бирок пандемия учурунда бизде да кыйынчылыктар жаралды. Өлкө бюджетинен бөлүнчү каражаттын 200 миллиону экинчи жарым жылдыкта араң берилип отурат. Бул да болсо коронавирустун экономикага тийгизген таасиринен деп билсек болот. Ошого карабай биз өз кардарларыбызга жеңилдиктерди берүүнү улантуудабыз. Буга чейин 1000дей жаран арыз менен кайрылып насыясынын мөөнөтүн белгилүү бир учурга жылдырып туруу боюнча жеңилдик алышты", — деди Эржигит уулу.
Ал жеңилдик берүүнүн негизинде 40 миллионго чукул каражатты төлөө мөөнөтү узартылганын кошумчалады.
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.
Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.
"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.
Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.
Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.
Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.
Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".
Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.
Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.
Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:
"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.
Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.
Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.
80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.
Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.
"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.
Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.
Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.