Экономист Нургүл Акимова

Экономист: той берүү ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

51
Экономист Нургүл Акимова убакытты тапкан каражатты коротууга жумшабай, "кантип акча табам" деп ойлонуу үй-бүлө бюджети үчүн пайдалуу экенин айтты.
Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын түрү. Ал бизнесинин келечегин ойлоп, байланыш куралы катары тойду колдонуп, өзүнө керектүү кишилерди чакырат. Бирок мындай негизде той өткөргөн адамдар өтө аз. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: эки нерсеге салынган инвестициядан ар дайым пайдасын гана көрөсүң

Анын айтымында, адам экономикалык көз карандысыздыкка жетишүү үчүн киреше булактарын көбөйтүүсү зарыл.

"Ар бир адам өзүнүн каржы булагынын эртеңин ойлоно жүрүүсү керек. Өзгөчө жалданып иштеген жарандар бир эле киреше булагы менен отуруп калбай, түрдүү идеяларын ишке ашырып, кошумча каражат табууга далалаттанганы дурус. Ошону менен бирге эле өзүнүн чыгымдарын да иреттеп алганы жакшы. Маселен айрымдар той өткөргөндү жакшы көрөт. Жалпысынан алганда той берүү жаман адат эмес. Бирок ал үй-бүлөлүк бюджетке зыян алып келбеши керек. Кээ бирөөлөр экономикалык жактан алып караганда өздөрүнөн кескин айырмаланган коомдо жүрүшөт. Айланасындагыларга тең келип той берем деп чоң суммадагы карызга батышат. Бул туура эмес. Мага мындай коом менен достошуудан эмне пайда бар деп өзүнө суроо бериши керек. Ал эми айрымдар той берүүнү бизнесин андан ары өркүндөтүү үчүн колдонушат. Тойго келечекте өзүнө кереги тие турган, багыты бир адамдарды чогултат. Мындай ишкерлер, тилекке каршы, абдан аз", — деди Акимова.

Экономист айрым адамдар аң-сезимдин деңгээлинде эле ашыкча чыгым жасаганга жол бербесе, өзүн көзөмөлдөй албай калгандар күнүмдүк короткон акчасын жаза жүргөнү туура экенин кошумчалады.

51
Белгилер:
үнөмдөө, каражат, үй-бүлө, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов

Романов: сибирь жарасынын инкубациялык мөөнөтү 3-4 күн

48
(жаңыланган 21:11 27.09.2020)
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов ооруган малдын этин пайдаланганга болбой турганы байма-бай айтылганына карабай адамдар аны союп, этин таратып салган учурлар болуп жатканын айтты.
Романов: сибирь жарасынын инкубациялык мөөнөтү 3-4 күн

Ооруган малдын этин бышырып, көпкө кайнатып, кууруса деле сибирь жарасы сырткы чөйрөгө туруктуу болгондуктан илдет жуктуруп алуу коркунучу жогору. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ат-Башы: сибирь жарасы менен ооруган уйдун эти элге тарап, эки киши жабыркады

Анын айтымында, Кыргызстанда жылына сибирь жарасына кабылган 2-3 учур аныкталат.

"Микроб териге кирген жерде алгач кызыл так пайда болот, андан кийин томпоюп шишимик тартат. Кийинчерээк ал ыйлакчага айланып, сууга, бир аздан кийин ириңге толуп, бат эле жарага айланат. Ал эми өпкөдөн же ичеги-карындан кармаган күйдүргү өмүргө коркунучтуу. Бактыга жараша, бизде мындай формада кармаган учур каттала элек. Оору сасык тумоого кабылгандай эле башталып, бактерия тез көбөйүп, канга өтүп кетет. Сибирь жарасынын инкубациялык мөөнөтү 3-4 күн. Диагнозду өз убагында коюп, дарылабаса оорулуу 2-3 күндүн ичинде эле өлүмгө учурашы мүмкүн. Клиникалык белгилери температура көтөрүлүп, ичи өтүп, жөтөлгөндө кан аралаш какырык чыгат, тамак шишип кетет", – деди Романов.

Адис быйыл сибирь жарасы малдан жана топурактан эки, ал эми адамдардан үч учур катталганын кошумчалады.

48
Белгилер:
дарылоо, сибирь жарасы
Тема боюнча
Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев

Жолдошев: Кыргызстанда азырынча 583 археологиялык аймак бар экени белгилүү

17
(жаңыланган 19:21 27.09.2020)
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев өлкөдөгү петроглифтер тууралуу айтып берди.
Жолдошев: Кыргызстанда азырынча 583 археологиялык аймак бар экени белгилүү

Кыргызстанда азырынча илимге белгилүү 583 археологиялык жайлар бар. Алардын 85и окумуштуулар тарабынан иликтенип, каттоого алынган. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо 400гө жакын баалуу петроглифтер жайгашкан.

"Кыргызстандын ичинде тарыхый баалуу аймактар абдан көп. Илимге белгилүү болгону азырынча 583 деп катталган. Ал эми археологдордун буту баса элек канча жер белгисиз жатат. Петроглифтерди республиканын бардык облустарынан эле кезиктирүүгө болот. Мисалы, Өзбекстан менен чектеш Сүрөттүү-Таш айылында б.з.ч. II кылымга таандык күлүк жылкылары менен атагы чыккан Даван мамлекетинин аттары таштарга чегип түшүрүлгөн. Бул ошол кезинде кытай империясы суктанган Даван өлкөсү тууралуу кенен маалыматты камтып турган ачык асман алдындагы документтер десек болот. Ушул эле доорго таандык саймалы таштар Араванда, Ноокат районунда да бар. Алайдын Үч-Дөбө айылынан чыгып келаткан талаада петроглифтер али толук иликтене элек. Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунда Тору-Айгыр айылынан тарта Чолпон-Ата шаарына чейин бүтүндөй эле петроглифтердин мекени десек болот. Таласта Манас ордонун ичинде жана Жалтырак-Таш деген жерде түрк дооруна таандык уникалдуу петроглифтер жатат. Дүйнөнү таң калтырып, жылына бир ай гана көрүүгө мүмкүн болгон, деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте жайгашкан Тогуз-Тородогу саймалы таштар коло дооруна таандык", — деди Жолдошев.

Адис петроглифтерди коргоп, сактоо ар бир кыргызстандыктын милдети экенин кошумчалады.

17
Белгилер:
тарыхый баалуулуктар, петроглиф
Тема боюнча
Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет
Сабак учурунда биринчи класстын окуучусу. Архив

5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

0
(жаңыланган 11:18 28.09.2020)
Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 5-октябрдан тарта окуучулар мектепке барып салттуу режимде окуй баштайт деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар кайрылып, мессенжерлерде 5-октябрдан тарта салттуу режимде окуу баштала тургандыгы боюнча министрликтин буйругу тарап жатканын айтышкан.

Буйрук "Билим берүү уюмдарында 2-6-класстардын окуучуларын реалдуу шартта окутууга даярдык көрүү боюнча" деп аталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул буйрукту министрлик чыгарбаганын айтып, документ реалдуу окууга даярдык боюнча гана район деңгээлинде жасалганын билдирди.

"Мындай маселени министрлик чечпейт, буйруктун бизге тиешеси жок. Чечимди өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды карап көрүп, алгач Республикалык штаб кабыл алат. Андан кийин гана министрлик буйрук чыгарат", — деди министрликтин маалымат кызматынын өкүлү.

Буга чейин министр Каныбек Исаков президент Сооронбай Жээнбековго октябрдан тарта окуучуларды мектепке тартууну сунуштаган.

Бирок кийинчерээк билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баары эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экенин айтып, балдардын качан мектепке барары белгисиз экенин билдирген.

0
Белгилер:
буйрук, министрлик, сабак, бөбөктөр, мектеп, окуу
Тема боюнча
Балага мектепте басмырлоо болуп жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши