Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова. Архив

Кубатова: майып балдарды карагандарга 4 900 сомдон айлык төлөнүүдө

210
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова учурда өлкөдө майып балдарды багууга каралашкан 7000дей жеке жардамчы кызматкер бар экендигин айтты.
Кубатова: майып балдарды карагандарга 4 900 сомдон айлык төлөнүүдө

Майып балдардын ата-энелеринин түйшүгүн жеңилдетүү максатында жеке жардамчы кызматы түзүлгөн. Бул кызматты 18 жаштан тарта 65ке чейинки жакындары же каалаган эле адам аркалай алат. Бул тууралуу Кульира Кубатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мамырбаева: иммунитет кыска убакыттын ичинде калыбына келбейт

Анын айтымында, жеке жардамчыларга мамлекет тарабынан 4 900 сом айлык акы төлөнөт.

"2019-жылдын 1-январынан тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине көмөк көрсөтүү максатында жеке жардамчы кызматы ишке кирген. Майып балдардын ата-энеси бул кызматтан пайдаланып баласына көмөкчү ала алат. Ал адам менен эмгек шарттарын өздөрү сүйлөшөт. Мамлекет бул учурда жеке жардамчынын айлык акысын төлөп берет жана бул кызматты аркалаган адам пенсиялык фондго каражат которбойт. Тагыраагы, пенсияга бөлүнүүчү салыкты өкмөт төлөп берет", — деди Кубатова.

Адис жеке жардамчы кызматын ата-энелер майыптыгы менен төрөлгөн учурдан тарта эле пайдаланса болорун кошумчалады.

210
Белгилер:
көмөк, балдар, майып
Тема боюнча
Бөйрөгүмдү сатайын десем, жараксыз экен. Майып кыздын оорулуу энесинин баяны
Кадамжайда жаштар майып классташына үй салып, ичин кошо жасап беришти. Сүрөт
Экспортчулар менен импортчулардын Кыргызлэнд ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова

Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

134
(жаңыланган 11:56 22.09.2020)
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова этти экспорттоодо эң чоң көйгөй катары контрабанданы атады.
Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

Өлкөдө эттин кымбаттап жатышына доллардын өсүшү, контрабанда, тоютка болгон баанын жогорулашы өз таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Ленара Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, учурда ишкерлер Өзбекстанга эт эмес, майда жана ири мүйүздүү малдын өзүн экспорттоодо.

Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

"Өзбекстанга эт массалык түрдө экспортко чыгарылган жок. Аталган өлкө менен чек ара ачылып, мамилелер жакшыра баштагандан бери өлкөдөн майда жана ири мүйүздүү малды экспорттоо жолго коюла баштады. Булар жандуу булак деп аталып, улам ордуна келип турат. Ошентсе деле экспорт жаатында Кыргызстан эл аралык рынокто өз ордун толук кандуу ээлей элек. Анткени Пакистан, Араб өлкөлөрүнө эт башаламан сатылып келген. Ал эми Өзбекстанга чыгарылган кой боюнча экспорт 0,4 пайыз, ири мүйүздүү малды экспорттоо 0,3 пайызды түзөт. Бул өлкөдө экспорт дээрлик жок дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик органдар тиешелүү аналитиканы дурустап бере албай жатат. Анткени учурда эттин баасынын көтөрүлүшүнө доллардын кымбатташы, тоют баасынын өсүшү, алып сатуу менен алектенгендер себеп болууда", — деди Ниязбекова.

Ошондой эле ал мамлекеттик органдар мониторинг кылуу менен гана чектелип жатат деген пикирин кошумчалады.

134
Белгилер:
соода, Өзбекстан, экспорт, эт, Ленара Ниязалиева
Тема боюнча
Бийлик Кыргызстанда эттин кымбаттап кеткен себебин айтты
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев

Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

47
(жаңыланган 11:27 22.09.2020)
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев тарыхый эстеликтердин статусуна токтолду.
Жолдошев: петроглифтер табылгандан тарта тарыхый баалуулук болуп эсептелет

Тарыхый эстеликтер тууралуу мыйзамда так көрсөтүлгөн. Кыргызстандын аймагынан жөнөкөй жаран болобу, кайсы бир ишкана же чет өлкөлүк инсан болобу, тарыхый эстелик таап алса, аны өз алдынча талкалоого, бузууга, ал тургай ордунан жылдырууга акысы жок. Бардык өлкө аймагынан табылган тарыхый эстеликтер ошол замат "кол тийбестикке" ээ болот. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тарыхый эстеликтер архитектуралык, монументалдык, искусстволук, жаратылыш тарабынан пайда болгон жана археологиялык болуп бөлүнөт. Булардын эң баалуусу — археологиялык табылгалар.

"Мыйзам боюнча республиканын кайсы гана аймагынан археологиялык эстелик табылбасын, ал мамлекеттик баалуулук катары эсептелип, зыян келтирүүгө тыюу салынган. Керек болсо жайгашкан ордунан да жылдырууга болбойт. Эгер бул эгин талаасы, курулуш түшө турган же башка бир турмуш-тиричиликке колдонулуучу аянт болсо, аны таап алган тарап Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тез арада билдирүү жибериши зарыл. Аны археологдор иликтеп, өз баасын берген соң гана ал аймакта андан ары кандайдыр бир аракеттерди жүргүзсө болор-болбосу аныкталат. Кээ бир тарыхый эстелик табылган жерге керек болсо бак отургузууга да тыюу салынат. Ал эми Алай районуна караштуу Терген-Таш аймагы боюнча айта турган болсок, алгач бул жер илимге 1985-жылы белгилүү болгон. 2000-жылдары да окумуштуулар барып, иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок тилекке каршы, толук аягына чыкпай токтоп калган. Демек бул жерди иликтенип жаткан тарыхый аймак десек болот. Мындай жерден көмүр казууга тыюу салынат. Азыр эми көмүр казуу иштери токтотулду. Иликтөө иштери жасалганда да алгач айыл өкмөтү, андан соң район, облустун деңгээлинде тиешелүү токтомдор чыгып, анан республикалык маанидеги тарыхый жай деп табылат. Тарыхый баалуу жай катары дүйнөлүк деңгээлде корголгон аймакка кирип калышы да мүмкүн", — деди Жолдошев.

Адис кыргызстандыктардан петроглиф же башка тарыхый эстеликтер табылган учурда дароо тиешелүү органдарга билдирип коюуну өтүндү.

Иштебеген Тарых музейинин айланасына тосмо эмне үчүн коюлган? Расмий жооп

Эскерте кетсек, мындан бир жума мурда Алай районуна караштуу Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көлдүн айланасындагы уникалдуу петроглифтер талкаланып, көмүр казуу иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй жергиликтүү бийлик казуу иштери убактылуу токтотулганын билдирген.

47
Белгилер:
тарыхый баалуулуктар, петроглиф
Тема боюнча
Алайда талкаланган петроглифтер маданий баалуулуктар тизмесинде жок болуп чыкты
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Өзгөндө 200 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Сүрөт

0
Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Церемония открытия новой школы на 200 мест в Узгенском районе Ошской области
    Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
  • Начало строительствановой школы в Узгенском районе Ошской области
    Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Ош облусунун Өзгөн районунда 200 орундуу мектептин курулушу аяктап, ишке берилди

Алча-Башат айылында жайгашкан №86 Кысык-Алма орто мектебинин ачылышына министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев катышкан.

 

"Мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 32 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Мектептин ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Компьютердик классы бар. Мектептин спорт залынын курулуш иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ушул эле райондун Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Т. Оморкулов атындагы мектептин жаңы 150 орундуу имаратынын (спорт залы менен бирге) курулушу башталды.

Аталган мектеп 1990-жылы салынган. Анын 1-корпусу 2015-жылдын 17-ноябрындагы жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөнү маалым болду.

0
Белгилер:
Билим берүү жана илим министрлиги, курулуш, курулуш материалдары, Өзгөн
Тема боюнча
Министрлик: окуучулар мектепке октябрда барар-барбасы арсар