Заместитель директора Центра трудоустройства граждан КР при Министерстве труда, миграции и молодежи Алмаз Алыбаев во время интервью Sputnik Кыргызстан

Алыбаев: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү электрондук эмгек биржасы ишке кирет

94
Миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев Кыргызстан чет жакка эмгек күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча донор болуп саналарын белгиледи.
Алыбаев: ЕАЭБ алкагында бирдиктүү электрондук эмгек биржасы ишке кирет

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында бирдиктүү электрондук эмгек биржасы ишке кирет. Бул тууралуу Алмаз Алыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор боюнча 2019-жылы тийиштүү мониторинг, анализдер жүргүзүлүп, быйыл аны ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө.

Кыргызстанда 18 миң жумуш ордуна муктаждык бар

"Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан ЕАЭБ алкагында бирдиктүү электрондук эмгек биржасын ишке киргизүү боюнча долбоор кабыл алынган. Аны ишке ашыруу үчүн улуттук координаторлор бекитилген. Кыргызстанда бул жоопкерчилик Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Мамлекеттик миграция кызматына жүктөлгөн. Бирдиктүү электрондук биржа zanyatost.kg порталынын базасында түзүлмөкчү. Белгилүү болгондой, Россия жана Казакстанда жалпысынан 700 миңден ашуун жараныбыз бар. Андыктан бул долбоор мекендештерибизге, уюмга мүчө-мамлекеттердин жарандарына ЕАЭБдин ичинде эч кандай тоскоолдуксуз иш табууга жана иштөөгө мүмкүндүк берет. Уюмдун алкагында жумушчу күчтүн чек арасыз жүрүшүнө шарт түзөт", — деди Алыбаев.

Аткаминер долбоор учурда сынамык иретинде иш алып барып, кийинки жылдан тарта толугу менен эксплуатациялана турганын кошумчалады.

94
Белгилер:
миграция, биржа, эмгек, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
Сазбаков: Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы келечеги абдан кең
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архив

Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

67
(жаңыланган 18:54 19.09.2020)
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова стационар, ооруканалардан чыккан медициналык таштандыларды атайын ишканалар тазалап жатканын айтты.
Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

Пандемия башталгандан бери медициналык таштанды көбөйүп, өзгөчө маскалар туш келди ыргытыла баштады. Бул биз үчүн дагы бир "бет кап пандемиясы" болуп калды. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок.

"Тазалык": Бишкектин жаңы конуштары таштанды чыгаруунун акысын төлөбөй келет

"Коронавирус илдети күчөп, күндүзгү, түнкү стационарлар ачылган маалда медициналык таштандылар көп чыгып жатты. Аны утилизациялоонун өзүнүн эрежеси бар. Бул калдыктарды ар ким эле тазалай бербейт. Жадагалса "Тазалык" муниципалдык ишканасынын буга уруксаты жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын тендер менен тандалып алынган ишканалар тазалап жатышты. Жашырганда эмне, оору жугузуп алабызбы деп калдыктарга жологондон да корктук. Аны алып кетүүчү ишкана бир саат кечиксе эле, качан алып кетет деп чый-пыйыбыз чыгып жатты. ӨКМ, Санэпидкөзөмөл департаменти жана Санитардык-экологиялык инспекция бул жаатта көзөмөлдү абдан жакшы жүргүзүп жатат. Азыркы учурда шаарыбыздагы төрт районго жалпы 16 бала бөлүнүп, бизнес жасаган жайлардын айлана-чөйрөсүндөгү тазалыкты тыкыр текшеришүүдө. Талапты бузган жактарга эки ирет эскертүү берип, үчүнчүсүндө айып пул салабыз. Марттан бери эреже бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча иштеп жатабыз. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин таштанды ыргыткандар көбөйүп, айрыкча бет каптарды туш келди ыргытып, отургучтарды талкалаган тартипсиздер көбөйдү", — деди Алмамбетова.

Калаа мэринин кеңешчиси жалбырактарды, таштандыларды өрттөгөндөргө эскертүү бербестен дароо айып пул салынарын эскертти.

67
Белгилер:
тазалык, Бишкек мэриясы, Гуля Алмамбетова
Тема боюнча
Алмамбетова: бейтаптар медиктердин бетинен өөп жиберейин дейт
Улуттук допингге каршы борбору дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова

Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

31
(жаңыланган 18:50 19.09.2020)
"Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова аталган мекеме спортчуларга допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул багытта билим бере турганын айтты.
Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

Кыргызстанда допингге каршы иш алып баруу боюнча талаптарга төп келген медиктер дээрлик жокко эсе. Андыктан жаңы түзүлгөн "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясына тийиштүү талаптарга жакын адистиктер тандалып алынат. Бул тууралуу Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жакында Допингге каршы эл аралык агенттиктин талабы менен "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясы түзүлдү.

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү

"Жаңы түзүлгөн дирекция спортчулардын арасында допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Допингге каршы эл аралык агенттиктин тийиштүү талаптарына ылайык иш алып барат. Спортчуларга кайсы препараттарды колдонууга мүмкүн экени айтылып, ал тургай анализдер терс натыйжа берип калбашы үчүн туура тамактануу боюнча сунуштар берилет. Мекемеде алты методист, инспектор, жалпысынан 10 тиешелүү кызматкер болушу шарт. Алардын милдетине бул багыттагы иштерди пландап, көзөмөлдөп, тийиштүү билим берүү, түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү кирет. Тилекке каршы, өлкөдө бул тармакта адис даярдап чыгарган окуу жай жок. Ошондуктан мекеменин ишмердүүлүгүнө жараша талаптарды коюп, ошолорго жакын адистиктердеги адамдарды издейбиз", — деди Кермакунова.

Ошондой эле ал учурда дирекциянын ишин регламенттөөчү документтерди тактоо боюнча аракеттер уланып жатканын кошумчалады.

31
Белгилер:
Кыргызстан, дирекция, спорт, допинг
Тема боюнча
Арпачиев: 2020-жылы Кыргызстанда допингге каршы конгресс өтөт
Шайлоо участкасында добуш берип аткан бишкектиктер. Архивдик сүрөт

БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

0
(жаңыланган 11:27 20.09.2020)
Соңку убакта социалдык тармактарда азыркы партиялардын парламентке келишине бөгөт коюу максатында баарына каршы добуш берүүнү активдүү үгүттөгөндөр болууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүнө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса кайра шайлоо өтүп, азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен.

“Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи.
Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

0
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама