Председатель правления Государственной ипотечной компании Эльмира Абжапарова

Абжапарова: 10 пайыз менен каалаган жаран ипотека ала алат

2829
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы Элмира Абжапарова мамлекеттик кызматкер болбогон жарандар турак жай насыясын ала аларын айтты.
Абжапарова: 10 пайыз менен каалаган жаран ипотека ала алат

Эми Кыргызстандын көрсөтүлгөн талаптарга туура келген бардык жарандары МИК тарабынан ипотека ала алышат. Бул насыя 10 пайыз менен 15 жылга берилерин Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирген.

Эржигитов: беш жыл аралыгында МИК аркылуу 4 700 адам үйлүү болду

Анын айтымында, аталган кредит мамлекеттик кызматкерлерден сырткары фермерлер, дыйкандар жана башка жеке сектордо иштегендерге да берилет.

"10 пайыз менен насыя үч багытта — турак жай курууга, даяр үйдү сатып алууга жана жер тилкеси болсо там тургузуп же жашап жаткан үйүн оңдоп-түзөтүүгө берилет. Бул ипотекалык кредитти бардык эле Кыргызстандын жараны ала алат. Мурдагыдай бир гана мамлекеттик кызматкерге берилет деген чек жок. Баштапкы төлөмү жалпы сумманын 20 пайызын түзүүсү керек. Ошону менен бирге эле баштапкы төлөмгө каражаты жок болсо кыймылсыз мүлк же жер тилкесин күрөөгө койсо болот. Бул насыя Бишкек жана Ош шаарларынан башка жерден турак жай алууга бөлүнөт. Максаты — аймактарды өнүктүрүү. Мамлекеттик ипотекалык компаниясында учурда бул багытка бөлүнгөн акча бар", — деди Абжапарова.

Ал аталган насыя боюнча аймактардагы РСК, KIСB жана "АКБ Кыргызстан" банктарына кайрылып, талап кылууга болорун кошумчалады.

2829
Белгилер:
каражат, аймактар, ипотекалык насыя
Тема боюнча
Абжапарова: аткаминер тууганын ортого салып басым жасагандар бар
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова. Архивдик сүрөт

Турсункулова: кишинин семирип кетишинин үч башкы себеби бар

608
Эндокринолог Гүлжамал Турсункулова эркектерге караганда аялдар бат эле ашыкча салмак кошуп аларын айтты.
Турсункулова: кишинин семирип кетишинин үч башкы себеби бар

Кишинин семирип кетүүсүнүн үч башкы себеби бар. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди

Анын айтымында, ашыкча салмак кант диабетинин пайда болушуна жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаралышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

"Адамдардын ашыкча салмак кошуп алышынын башкы үч себеби бар. Алар — туура эмес тамактануу, генетика жана гормондордун бузулушу. Өзүнүн семирип баратканын түшүнгөн адам алгач эндокринологго кайрылып, себебин аныктап алганы жакшы. Анткени арыктайм деген айрым кишилер дароо эле диета кармоодон башташат. Эгер толуп кетүүсүнүн себеби туура эмес тамактануу болбосо, анда мындай диеталар организмге олуттуу зыян келтирип коюшу мүмкүн. Дагы бир маанилүү маселе — бизде туура тамактануу дегенди калориялуу азык-түлүктөрдү жеш керек деп түшүнгөндөр да жок эмес. Тескерисинче, майлуу, күчтүү тамактар организм үчүн пайдасы аз азыктар болуп эсептелет. Дүйнөдө семирип кетүүнү кедей өлкөлөрдүн "оорусу" деп аташат. Анткени калкы бай жашаган мамлекеттерде адамдар жашылча, жемиштерди төрт мезгил бою жеп, туура тамактанууга далалаттанышат",— деди Турсункулова.

Дарыгер таттуу, газы бар суусундуктар да салмак кошууга өбөлгө болорун кошумчалады.

608
Белгилер:
ден соолук, салмак
Тема боюнча
Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева

Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

39
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Кыргызстанда либералдык валюта саясаты ишке ашырылгандыктан эл аралык валюталарды колдонуу жарандардын чечиминен көз каранды экендигин айтты.
Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

Соңку учурларда өлкөлөр арасында өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонуу актуалдуу болууда. Доллардан арылуу маселеси ЕАЭБдин кеңешинде дагы талкууланып келет. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, АКШ — Кытай соода тиреши жана АКШнын Россияга санкцияларды киргизүүсү Россия менен Кытайдын ортосунда улуттук валютаны колдонууга түрткү болууда.

ЕАЭБ менен Кытай: кызматташуунун бир нече тармагы талкууланды

"Акыркы учурда өлкөлөр арасында өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонуу абдан актуалдуу болууда. Доллардан арылуу маселелери ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешиндеги отурумунда бир нече жолу каралган. Учурда Россия жана Кытайдын соода жүргүзүүсүндө АКШ долларынын үлүшү азаюуда. Мындай кадам келечекте ЕАЭБ ичинде акча жүгүртүүгө юань же башка бир бирдиктүү акча кирип калышы мүмкүн деген да ойду жаратпай койбойт. Ошондой эле дүйнөлүк эксперттер да юандын дүйнөлүк же регионалдык валюта болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышууда. Анткен менен бул үчүн бир катар шарттар болушу зарыл. Алсак, өлкөлөр аралык экспорттук-импорттук операциялардын көлөмү бирдей болушу керек. Валюта тобокелчиликтерин камсыздандырууга мүмкүнчүлүк берген жагдай түзүлүүсү шарт", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал Кытайдын бийлиги акыркы он жылда өз акчасынын ролун жогорулатууга жана эл аралык валюта статусун алууга багытталган аракеттерди жүргүзүп, натыйжада доллар, евро, фунт жана иена менен бирге 2016-жылдан тартып юань эл аралык валюта фондунун куржунунда экенин кошумчалады.

39
Белгилер:
соода, юань, Евразиялык экономикалык биримдик, Аида Карабаева
Тема боюнча
Ишемкулов: Өзбекстандын ЕАЭБге жакындашуусу эки тарапка тең пайдалуу
Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар. Архив

Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

0
(жаңыланган 20:23 24.09.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттарын канча адам шайлай алары белгилүү болду. Массалык мушташка жооптуу талапкерлер жарыштан четтетилди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйында айтылган маанилүү билдирүүлөрдүн топтомун сунуштайт.

Шайлоо учурундагы коопсуздук талкууланды. Жээнбеков УКМК төрагасын онлайн кабыл алды

  • Шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланып, 3 миллион 523 миң 532 кыргызстандык катталды. Бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 735 адамга көп же 27,6 пайызга өсүш болду;
  • Убактылуу жашаган жеринен добуш берүү үчүн 488 873 шайлоочу №2 формасын алды;
  • Чет өлкөдө жүргөн 32 582 мигрант ЖК депутаттарын шайлоого катыша алат. 2015-жылы 15 312 гана кыргызстандык добуш берүүгө укук алган;
  • Документтерди кароо учурунда ар кайсы партиядан 42 талапкер шайлоого катышуу укугунан ажыратылды;
  • Жалпы жонунан 2 475 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинен 45и чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө;
  • Шайлоо өнөктүгү маалында 128 мыйзам бузуу катталып, прокуратура тергеп жатат. Анын 82си Жазык кодекси, 46сы Жоруктар кодекси менен каралууда;
  • Башкы прокуратура административдик ресурсту колдонуу боюнча 11 фактыны иликтеп жатат. Азырынча эч бир мамлекеттик кызматкерге чара колдонула элек;
  • Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен 40 кылмыш иши козголду;
  • Араванда үгүт учурунда массалык мушташты тутандырган деп алты адам айыпталууда. Учурда анын бешөө тергөө абагына киргизилген, бирөө ооруканада жатканына байланыштуу баш коргоо чарасы тандала элек. Жалпысынан тогуз адам ооруканада жатат;
  • Шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо жана шайлоо участкаларын кайтаруу үчүн 11 507 милиция кызматкери тартылат;
  • 27-сентябрдан тарта Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт;
  • ИИМ шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 236 фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады;
  • 24-сентябрда кечки саат 17:00дө БШКнын отуруму болуп, Аравандагы массалык мушташ боюнча маселе каралды. Натыйжада жаңжалга жооптуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов жана "Биримдиктин" талапкери Шүкүрулло Файзуллаев жарыштан четтетилди.
0
Белгилер:
прокурор, мыйзам бузуулар, талапкер, каттоо, шайлоо, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме
Президент Жээнбеков аны сындаган талапкерлер боюнча оюн айтты
Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды