Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: маркалоодон өтпөгөн айрым товарлар экспортко чыкпайт

© Sputnik / Асель СыдыковаНачальник отдела администрирования косвенных налогов ГНС КР Нурлан Джумабеков
Начальник отдела администрирования косвенных налогов ГНС КР Нурлан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктарды башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жумабеков товарларды маркалоо көмүскө экономика менен күрөшүүгө көмөктөшө турганын айтты.
Жумабеков: маркалоодон өтпөгөн айрым товарлар экспортко чыкпайт

Маркалоодон өтпөгөн айрым товарлар Россияга экспортко чыга албай калат. Бул тууралуу Нурлан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда бул системаны ишке ашырууну Россия каржылап берет.

ЕЭК сүт азыктарын маркалоонун артыкчылыктарын айтып берди

"Товарларды маркалоо жарандарды контрафактылык продукциядан коргойт. Ошондой эле экономикага дагы оң таасирин тийгизет. Анткени чыгарылган товар тууралуу бардык маалыматтар атайын QR-коддун өзгөчө түрүндө катылат. Аны карапайым жарандардан тарта тийиштүү органдарга чейин уюлдук телефондун жардамы менен окуй алат. Натыйжада керектөөчүлөрдүн укугу корголот. Кыргызстанда 1-июлдан тарта тамеки жана алкоголдук товарларды ыктыярдуу түрдө маркалоо боюнча сынамык долбоор иштеп жатат. Ушул жылдын октябрынан тарта тамеки продукциялары милдеттүү түрдө маркалоого өтөт. Ал эми алкоголдук товарлар 1-ноябрдан баштап өтүшү керек эле, бирок салык төлөөчүлөр мөөнөттү узартып берүү өтүнүчү менен кайрылышууда. Буга коронавируска байланыштуу кризис жана даярдыктар жетиштүү деңгээлде көрүлбөй калганы себеп экенин билдиришүүдө", — деди Жумабеков.

Ошондой эле ал маркалоо товар чыгаруучуларга көп деле каржылык зыян келтирбей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0