Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Улуттук допингге каршы борбору" дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова
Улуттук допингге каршы борбору дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова аталган мекеме спортчуларга допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул багытта билим бере турганын айтты.
Кермакунова: өлкөдө допингге каршы иш алып барган адистер жок

Кыргызстанда допингге каршы иш алып баруу боюнча талаптарга төп келген медиктер дээрлик жокко эсе. Андыктан жаңы түзүлгөн "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясына тийиштүү талаптарга жакын адистиктер тандалып алынат. Бул тууралуу Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жакында Допингге каршы эл аралык агенттиктин талабы менен "Улуттук допингге каршы борбору"дирекциясы түзүлдү.

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук антидопинг борбору түзүлдү

"Жаңы түзүлгөн дирекция спортчулардын арасында допингге каршы аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Допингге каршы эл аралык агенттиктин тийиштүү талаптарына ылайык иш алып барат. Спортчуларга кайсы препараттарды колдонууга мүмкүн экени айтылып, ал тургай анализдер терс натыйжа берип калбашы үчүн туура тамактануу боюнча сунуштар берилет. Мекемеде алты методист, инспектор, жалпысынан 10 тиешелүү кызматкер болушу шарт. Алардын милдетине бул багыттагы иштерди пландап, көзөмөлдөп, тийиштүү билим берүү, түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү кирет. Тилекке каршы, өлкөдө бул тармакта адис даярдап чыгарган окуу жай жок. Ошондуктан мекеменин ишмердүүлүгүнө жараша талаптарды коюп, ошолорго жакын адистиктердеги адамдарды издейбиз", — деди Кермакунова.

Ошондой эле ал учурда дирекциянын ишин регламенттөөчү документтерди тактоо боюнча аракеттер уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0