Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абжапарова: ипотекалык насыя боюнча Кыргызстан ЕАЭБде үчүнчү орунда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова ЕАЭБ
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова ЕАЭБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү турак жай менен камсыздоо программаларына саресеп салды.
Абжапарова: ипотекалык насыя боюнча Кыргызстан ЕАЭБде үчүнчү орунда

Мамлекет тарабынан калкты үй менен камсыздоо саясаты Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр арасында жаман эмес позицияда турат. Мындай иликтөөсү менен Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында бөлүштү.

Абжапарова: 10 пайыз менен каалаган жаран ипотека ала алат

Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө ИДП менен алганда Армения биринчи орунга чыгып, жалпы ички дүң продукциясынын 5,5 пайызын ипотека берүүгө жумшайт. Экинчиде 2,7 пайыз менен Россия турса, Кыргызстан жарандарын турак жай менен камсыз кылууга ИДПсынын 1,6 пайызын коротот.

"ЕАЭБ мамлекеттеринин калкты турак жай менен камсыздоо программалары бири-биринен кескин айырмаланып турат. Бул калкынын санынан, географиялык жайгашуусунан жана кардарлардын төлөө мүмкүнчүлүгүнөн, өлкөнүн ички экономикасынан көз каранды. Кыргызстан бул багытта өтө эле артта эмес. Жалпысынан алганда уюмга мүчө-өлкөлөрдө ипотекалык насыянын орточо пайызы Россия, Казакстанда төрт, Кыргызстанда алты пайыз, Арменияда жети, Беларуста 11 пайызга жакындап барат. Ал эми төлөө мөөнөтү да 10-30 жылды камтып, ар өлкөнүн өзүнө ылайыкташкан программасы бар. Ошондой эле уюмга мүчө бизден башка мамлекеттерде калкты турак жай менен камсыздоо багытында бир гана компания алектенбей, комплекстүү иш алып барышат. Маселен, документтерин чогулткан өзүнчө мекеме болсо, курулуш жагын караган башка ишкана жардамдашат. Кыргызстандан башка өлкөлөрдө мына ушундай системалашкан. Бизде азырынча болгону жалгыз МИК иштеп жатат, себеби өлкөнүн ипотекалык саясатты баштаганына беш гана жыл болду", — деди Абжапарова.

Ал Кыргызстанда МИК тарабынан берилчү ипотеканын мөөнөтүн кийинки беш жылдыктан тарта 20 жылга узартуу сунушу өкмөткө жиберилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0