Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив

Ишекеев: тилге байланыштуу бири-бирине каршы келген мыйзамдар бар

69
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыкканын билдирди.
Ишекеев: тилге байланыштуу бири-бирине каршы келген мыйзамдар бар

Кыргыз тилинин системалуу өнүгүшү үчүн алгач тилге байланыштуу мыйзамдарды иреттеп алыш керек. Анткени бири-бирине карама-каршы келгендери да бар. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, алгачкы кадам катары көрнөк-жарнак боюнча мыйзамдар иреттелип чыкты.

"Мамлекеттик тилди өркүндөтүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн алгач бири-бирине каршы келген мыйзамдарды иреттеп чыгуу зарыл. Бул иштер тилди өнүктүрүү боюнча беш жылга түзүлгөн жаңы программада жигердүү колго алынат. 2015-2020-жылдарга карата түзүлгөн иш планга да киргизилип, айрымдары аткарылган. Алсак, көрнөк-жарнак боюнча мыйзамдар толугу менен иреттелип, эми анын мазмунуна да айыл өкмөттөрү, район жетекчилиги жана шаар мэриясы жооп берет. Аларда атайын түзүлгөн комиссиянын курамына тилчилер кирген", — деди Ишекеев.

Төрага 2021-2025-жылдарга карата түзүлгөн мамлекеттик тилди өркүндөтүү программасында кыргыз тилин окутуу методологиясын жана технологиясын өнүктүрүүгө басым жасаларын кошумчалады.

69
Белгилер:
көйгөй, мыйзам, мамлекеттик тил, Назаркул Ишекеев
Тема боюнча
Ишекеев: адамдын эне тилин билүү деңгээли апасынан көз каранды
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков. Архив

Өмүрзаков: акимдерди аттестациялоо 9-мартта башталат

7
Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков өлкөдө алгачкы ирет аймактык кадрлар резервин түзүү пландалып жатканын айтты.
Өмүрзаков: акимдерди аттестациялоо 9-мартта башталат

Райондук администрация башчылары — акимдерди аттестациялоо ушул жылдын 9-мартынан башталат. Аталган күнү биринчи туру өтүп, анда тестирлөө жүргүзүлсө, 10-11-март күндөрү экинчи турунда маектешүү болот. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган аттестацияны жүргүзүү үчүн 11 мамлекеттик кызматкерден турган комиссия түзүлөт.

"Акимдерди аттестациялоодо алардын эки орун басары да катышат. Орун басарларга өздөрү тейлеген тармак боюнча суроолор берилсе, райондук администрация жетекчилерине жалпы суроолор узатылат. Максаты — учурда иштеп жаткан акимдердин аркалаган кызматына дарамети жетерин аныктоо. Аларды аттестациядан өткөрүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, эки эл өкүлү, өкмөт аппаратынан жана тиешелүү министрликтин орун басары рангынан төмөн эмес адамдардан турган комиссия түзүлөт. Комиссия мүчөлөрү жалпы 11 кишиден турат. Муну менен катар эле район жетекчилери жана орун басарлыгына аймактык кадр резервин түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин конкурс жүргүзүлөт. Аймактык кадр резервиндеги адистер бошоп калган региондорго барып иштей беришет", — деди Өмүрзаков.

Ал аттестацияда акимдердин билим деңгээли, тил билүүсү да караларын кошумчалады.

7
Белгилер:
конкурс, аттестация, аким, Мыктыбек Өмүрзаков
Тема боюнча
Өмүрзаков: өкмөттүн реформасында жергиликтүү бийлик тууралуу сөз жок
Механизациялоо жана айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Алишер Мамытов

Мамытов: быйыл 13 айыл чарба техникасы лизингге берилди

7
Механизациялоо жана айыл чарбасын энергия менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Алишер Мамытов республика боюнча 80 миңге чукул ар кандай үлгүдөгү айыл чарба техникасы бар экенин билдирди.

2011-жылдан бери 3 281, ал эми байыл 13 айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул тууралуу Алишер Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мамытов: быйыл 13 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Анын айтымында, өлкөдө 22 миң 100 трактор, 2 миң 200 дан комбайны, 17 миң 400 тиштүү мала, 2 миң 800 үрөн сепкич, 3 миңге чукул чөп чапкыч, 2 миңге чукул пресс жыйнагыч жана башка техника бар.

"Учурда алты лизинг долбоору бар. Бул долбоор 2011-жылдан бери иштеп жатат. Ошол убакыттан бери жалпы 5 миллиард 35 миллион сомго 3 миң 281 даана айыл чарба техникасы берилген. Бүгүнкү күндө лизингди өнүктүрүү үчүн 1,5 миллиард сомго барабар кредит топтому иштеп жатат. Аны алуу мөөнөтү 7ден 10 жылга чейин. Пайыздык чени 6дан тогузга чейин. Өздүк салым 10дон 30 пайызга чейин чыгат. Эгерде 30 пайыздан жогору өздүк салым төлөнсө, айыл чарба техникасы күрөөгө коюлат. Кайтарым шарты боюнча 3-6 айга чейин жеңилдик берилген. Негизги сумма бир жылда эки жолу, ал эми пайыздык чени ар квартал сайын төлөнөт. Быйыл лизинг үчүн 540 миллион сом бөлүнүп, учурда 13 айыл чарба техникасы берилди", — деди Мамытов.

Ошондой эле ал республика боюнча 5 миң 900 трактор, 2 миң 600 комбайн жетишсиз экенин кошумчалады.

Маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот.

7
Белгилер:
дыйкан, техника, айыл чарба, лизинг
Тема боюнча
Министрдин орун басары: быйыл айыл чарба техникасынын дефицити болбойт