Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

© Фото / пресс-служба Нацбанка КРУлуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Кыргызстанда либералдык валюта саясаты ишке ашырылгандыктан эл аралык валюталарды колдонуу жарандардын чечиминен көз каранды экендигин айтты.
Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

Соңку учурларда өлкөлөр арасында өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонуу актуалдуу болууда. Доллардан арылуу маселеси ЕАЭБдин кеңешинде дагы талкууланып келет. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, АКШ — Кытай соода тиреши жана АКШнын Россияга санкцияларды киргизүүсү Россия менен Кытайдын ортосунда улуттук валютаны колдонууга түрткү болууда.

ЕАЭБ менен Кытай: кызматташуунун бир нече тармагы талкууланды

"Акыркы учурда өлкөлөр арасында өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валютаны колдонуу абдан актуалдуу болууда. Доллардан арылуу маселелери ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешиндеги отурумунда бир нече жолу каралган. Учурда Россия жана Кытайдын соода жүргүзүүсүндө АКШ долларынын үлүшү азаюуда. Мындай кадам келечекте ЕАЭБ ичинде акча жүгүртүүгө юань же башка бир бирдиктүү акча кирип калышы мүмкүн деген да ойду жаратпай койбойт. Ошондой эле дүйнөлүк эксперттер да юандын дүйнөлүк же регионалдык валюта болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышууда. Анткен менен бул үчүн бир катар шарттар болушу зарыл. Алсак, өлкөлөр аралык экспорттук-импорттук операциялардын көлөмү бирдей болушу керек. Валюта тобокелчиликтерин камсыздандырууга мүмкүнчүлүк берген жагдай түзүлүүсү шарт", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал Кытайдын бийлиги акыркы он жылда өз акчасынын ролун жогорулатууга жана эл аралык валюта статусун алууга багытталган аракеттерди жүргүзүп, натыйжада доллар, евро, фунт жана иена менен бирге 2016-жылдан тартып юань эл аралык валюта фондунун куржунунда экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0