Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармакты тандоо зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт по экономическим вопросам Нургуль Акимова
Эксперт по экономическим вопросам Нургуль Акимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова ишкер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу айтып берди.
Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

Бизнесмен болуу да кесип тандоо сыяктуу эле. Бирөөнүн кирешеси тууралуу угуп алып эле кызыга берген болбойт. Сөзсүз түрдө жасаган бизнесиң көңүлүңө төп келүүсү зарыл. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Анын айтымында, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөдө тарбияланган бала бизнеске оңой аралашып кете алат.

"Ишкерлик жөндөм бардык адамда болот. Ал кайсы тармакта бизнес жасай алат, көңүлүнө эмне туура келет, ошону гана аныктап алуусу зарыл. Албетте, ишкер чөйрөдө чоңойгон баладан бизнесмендер көп чыгат. Анткени алар кичинекейинен аки-чүкүсүн  билет. Бирок кийин келип ишкерликке аралашып, ийгилик багындырууга да толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы - адам жүрөгүнө жаккан иштин түрүн тандоосу абзел. Эгер ал өсүмдүктөргө жакын болсо, ушул багытта кетсин, же  сулуулук индустриясы кызыктырат дейли, анда ошол тармакты караштырсын. Жөн гана башка бирөөнүн тапкан кирешеси тууралуу угуп алып бизнес жасоого киришкен адамды көп учурда жаңылыштык, жаза басуу күтүп турат. Бизнестин тили менен айтканда, банкрот. Бирок анын да пайдасы бар, себеби сабак алып, тажрыйба топтойт. Эгер жасап жаткан бизнесиң көңүлүңө жакса, мындай учурда кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче өжөрлүк менен уланта аласың ", — деди Акимова.

Экономист ийгиликтүү ишкер болуу үчүн ар дайым бизнестин ошол багытында билимин тереңдетип туруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0