Ар бир беш жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программа кабыл алынат. Анын алкагында 2018-жылы кесиптик окуу жайларды кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 200 миллион сом каралган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин каражат иштетилбей турат. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кесиптик окуу китептерин чыгаруунун индикатору түзүлүп, ал өкмөт тарабынан бекитилген.
"2015-2020-жылдарга карата тилди өнүктүрүү боюнча иш планда кесиптик окуу жайларын мамлекеттик тилдеги китептер менен камсыздоого басым жасалган эле. Анын ичинде медициналык, техникалык жана көркөм өнөр, искусство жаатында китептер басылып чыкмак. 200 миллион сом каражат бөлүнүп, өкмөт иштелип чыккан индикаторду кабыл алган соң биз чоң көйгөйгө туш келдик. Көрсө, өлкөдө аталган тармактар боюнча талапка жооп бере турган, студенттер окуп билим алуусуна керектелүүчү окуу куралдарын жазып чыга алган адистер жок экен. Ошондуктан бул максаттар ишке ашпай калды. Аталган китептерди чыгарууга Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери жоопкерчилик алган", — деди Ишекеев.
Төрага бөлүнгөн каражат 2021-жылга ушул эле максатта которуларын кошумчалады.
Жусуп Абрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү үчүн даярдыктар былтыртан эле башталган. Быйыл коомдук ишмерге арналган иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт. Алгач илимий конференциялар, жаштарга бул инсанды таанытуу үчүн олимпиадалар мерчемделген. Бул тууралуу Мирбек Усебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдук ишмердин 120 жылдыгына карата быйыл Ысык-Көлдө республикалык деңгээлде көк бөрү боюнча турнир өтөт.
"Бул жылы Абдрахмановдун музейин ачуу планы бар. КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына лидердин атын берүү сунушталды. Коомдук ишмердин эстелигин кичи мекенине коюуну көздөп жатабыз. Азыр Чолпон-Ата шаарынын депутаттары менен сүйлөшүлдү. Ал жердеги паркка Абдрахмановдун атын берип, музейи ачылып, эстелиги коюлат. Ошондой эле Ош, Бишкек шаарларында да эстелик тургузулат. 12-мартта Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланган күнүн утурлай Кувейт эл аралык университетинде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" темасында конференция өтөт. Анын жыйынтыгы менен китеп чыгат. Тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин демилгеси менен "Абдрахманов — улут лидери" темасында студенттер арасында олимпиада уюштурулат", — деди Усебаев.
Ал Жусуп Абдрахмановдун раритеттик жеке иш столу Тарых музейинин балансына өткөрүп берилерин кошумчалады.
ШКУнун Run the Silk road IX эл аралык Ысык-Көл марафонунда 42 чакырым аралыкка чуркаган кыз-келиндер жана эркектер арасында 1-орунду алган жөө күлүктөргө 140 миң сомдон берилет. Марафон жарышында 1-орундан 6-орунга чейин көрсөткүчкө ээ болгон спортчулар акчалай сыйлыкка ээ болушат. Мындай маалыматты Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, жарым марафондук жарышта 1-орундан 3-орунга чейинки көрсөткүчтөргө ээ болгон атлеттер акчалай байге алышат.
"Негизи байге фондуна акчалай 1 миллион 44 миң сом каралган. 42 чакырымда кыздар жана эркектер арасында 1-орунду алгандарга 140 миң сомдон берилет. Ал 1-орундан 6-орунга чейин тапшырылат. 21 чакырымга да акчалай байгелер бар. Жарым марафондо 1-орундан 3-орунга чейин сыйлык тапшырылат. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар жана жаш курагы боюнча 4 категорияда жыйынтык көрсөткөн катышуучулар кур кол кайтышпайт. Эл аралык рейтинг боюнча марафондо чуркагандардын саны абдан аз болгонуна байланыштуу жаш курактарга карата бөлүүнү туура көрдүк," — деди Надыров.
Ошондой эле эл аралык ШКУ марафонунда мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга жана жаш курагына жараша ийгилик көрсөткөн катышуучуларга атайын сыйлыктар каралганын кошумчалады.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрында Нарын облусундагы Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.
Депутаттыкка чейин СССРдин коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.