Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

© Фото / пресс-служба посольства КР в РоссииРоссиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов Россия миграциялык карталарды электрондоштурса эмгек мигранттарына тийгизе турган таасири тууралуу айтып берди.
Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

Россия миграциялык карталарды электрондоштурууну пландап жатат. Мындан чочулоонун кажети жок, тескерисинче, эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу Мурзапаяз Карагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттар аталган документти жоготуп алып түйшүк тарткан учурлар көп эле кездешет.

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

"Россиянын аймагына киргенде чек ара кызматкерлери паспортуң аркылуу камерадан өткөрүп, колуңа миграциялык кагаз берет. Муну жоготуп алып Федералдык миграциялык кызматка (ФМС) кайрылып, убара тартып калыбына келтирген учурлар көп. Андыктан миграциялык карталар электрондошсо, эмгек мигранттарынын өздөрүнө эле ыңгайлуу болмок. Анткени дагы бир көйгөй, биздин жарандар көп учурда Кыргызстандын ички паспорту (ID-карт) менен келип, миграциялык картасын да жоготуп алган жагдайлар кездешет. Андыктан чет элге чыгуучу паспорт менен учууга кеңеш берип кетмекчимин. Ошондо мөөр басылып, кайсы күнү чек араны кесип өткөнү так билинет. Миграциялык картасын жоготуп алган учурда да бул мөөр далил болуп бере алат. Аталган документти электрондоштуруу мына ушундай түйшүктөн арылтат ", — деди Карагулов.

Ал кыргызстандыктарды Россияга чыгып жатканда бул жактын эмгек мигранттарына тиешелүү маалыматтар менен таанышып алуусу зарыл экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0