Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

© Sputnik / Асель СыдыковаВрач-психиатр Музурхат Курманалиев
Врач-психиатр Музурхат Курманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев көргөзмөлөргө барып, сүрөт тартып, токуп же жөн эле сейилдесе оорунун белигилери анча байкалбай деле каларын айтты.
Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

Альцгеймер оорусуна чалдыккан адамдарга вагабандаж жана плюшкин синдромдору мүнөздүү. Алар түйүнчөгүн чогултуп бир жака кете тургандай камданып жана сырттан болгон керексиз эски-уску буюмдарды алып келип топтой беришет. Бул тууралуу Музурхат Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жай кыймылдаган адамдардын өмүрү кыскабы? Окумуштуулардын жообу

Анын айтымында, Альцгеймер оорусун адамдар бири-бирине жумшак, сый мамиле жасап алдын алса болот.

"Республика боюнча Альцгеймер дартына кабылган 300дөн ашык киши каттоодо турат. Бирок бул сандар айсбергдин учу эле. Туугандары маани бербеген же ооруганын билип туруп кайрылбаган адамдар көп. Өзгөчө айыл жергесинде жашаган карылар ансыз деле үйдөн чыкпайт. Аларга балдары кийим, тамагын даярдап берип, пенсиясын алып келип беришет. Ошону менен бирге ата-энесинин ооруп калганын айткандан уялгандар да бар. Качан гана кийимин кие албай, таза эле өзүн алып жүрө албай калганда ооруканага кайрылышат. Негизи адам баласы бири-бирине жумшак, мээрим менен мамиле кылса, толеранттуу болсо Альцгеймерге кабылган адамдын оорусунун белгилери анча деле билинбей калат. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" дегендей, эгер адам мурда жумшак, сөзгө көнгөн адам болсо, ооруп калгандан кийин деле андан да жумшак болуп калат. Себеби альцгеймердин негизги белгиси мүнөздүн курчушу болуп жатпайбы. Эгер ооруган адамга жакшы мамиле жасаса, ал деле ошондой жооп алат. Мындайча айтканда, альтруисттик мамилени күчөтүү керек. Бул адамдар жаш баладан да таарынчаак болуп калат", — деди Курманалиев.

Дарыгер-психиатр Альцгеймер оорусун дарылап айыктыруу, ооруну кечеңдетүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0