Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акназаров: шайлоого 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аттанган

© Sputnik / Асель СыдыковаБашкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаров
Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкар Акназаров шайлоону мыйзамдын алкагында өткөрүү үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.
Акназаров: шайлоого 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аттанган

140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер талапкер катары шайлоого аттанган. Булардын баары шайлоо аяктаганга чейин өз милдеттерин токтотушкан. Бул тууралуу Залкар Акназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоо процессине байланыштуу 28 арыз-даттануу келип түшкөн.

Инжект: 437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер депутаттыкка талапкер катары катталган болсо, алар шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин милдеттерин убактылуу токтотуп турушу керек. Бул Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынан тышкары мамлекеттик саясий жана муниципалдык саясий кызматтарга дагы тиешелүү. Эгерде жетекчиси талапкер болгон мекемеде мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан жогору болсо, ал дагы милдетин убактылуу токтотуусу зарыл. Бул багытта БШКнын документтеринин негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер талапкер катары катталганы аныкталып, бирок булар мыйзамдын талаптарын так аткарган. Ошондой эле үгүт иштерине жана үгүт материалдарына 18 жашка толо электерди, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, байкоочуларды, диний ишмерлерди, чет элдик жарандарды жана уюмдарды аралаштыруу мыйзам бузуу болуп саналат", — деди Акназаров.

Ал мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер байкоочу, партиянын ишенимдүү жана ыйгарым укуктуу өкүлү боло албай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0