Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Хакимов: коомдук транспортко видеокөзөмөл орнотулат

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаведующий отделом муниципального предприятия "Бишкекское пассажирское автотранспортное предприятие" Сатыбалды Хакимов
Заведующий отделом муниципального предприятия Бишкекское пассажирское автотранспортное предприятие Сатыбалды Хакимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясына караштуу Транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов коомдук транспорттун ишине мониторинг жасаган онлайн-система автобус жана троллейбустарга орнотула турганын айтты.
Хакимов: коомдук транспортко видео көзөмөл орнотулат

 Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коомдук транспортко видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу Хакимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 250 автобус, троллейбус бар. Бул борбор калаага керектелүүчү коомдук транспорттун төрттөн бир гана бөлүгүн түзөт.

Россияда коомдук транспортто жүрүү акысыз болушу мүмкүн

"Санариптештирүүнүн алкагында коомдук транспортко электрондук билет системасы киргизилген. Анын негизинде автобус, троллейбустардын иши онлайн текшерилет. Ал үчүн атайын система орнотулуп, коомдук транспорттун графигине, айдоочунун кызмат көрсөтүүсүнө жана электрондук билеттерди колдонууга мониторинг жасалат. Мындан тышкары, видеокөзөмөл орнотулуп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Видеобайкоолор аркылуу карантин учурунда санитардык талаптардын аткарылып, жүргүнчүлөрдүн аралыкты сактап-сактабаганы көзөмөлгө алынат. Системанын атайын тиркемеси аркылуу жүргүнчүлөр автобусу же троллейбус кайсы жерге жеткенин көрө алат", — деди Хакимов.

Ошондой эле ал шаардын ичин муниципалдык коомдук транспорт менен камсыздоо үчүн быйыл 100 автобус алып келине турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0