Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арстанбекова: скульптуралык массаж баш оорудан, чач түшүүдөн да арылтат

© Sputnik / Асель СыдыковаСкульптуралык бет массажынын адиси Айгерим Арстанбекова
Скульптуралык бет массажынын адиси Айгерим Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Скульптуралык бет массажынын адиси Айгерим Арстанбекова 30 жашка чейин укалоону алдын алуу максатында, ал эми андан өйдө пайда болгон бырыштан арылуу үчүн жасаларын айтты.
Арстанбекова: скульптуралык массаж баш оорудан, чач түшүүдөн да арылтат

Скульптуралык массаждын жыйынтыгы кечирээк билинип, натыйжасы көпкө чейин сакталат. Бул тууралуу Айгерим Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дерматолог жаш кезде бырышты алдын алуунун сырын ачып берди

Анын айтымында, скульптуралык массаж бул бырышты алдын алуунун табигый жолу.

"Адам баласы 20-25 жашка чейин өсөт. Жаш өйдөлөгөн сайын териге коллаген менен гиалурондук кислота синтези жетишсиз болот. Ошондон улам бетке акырындан бырыш түшө баштайт. Андан тышкары, туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы, аз уктоо, күндүн нуру жана кышындагы сууктан улам тери кургап бырыш басат. Ошону менен бирге стресс да өзүнүн таасирин бербей койбойт. Аз кыймылдан далы, моюндун булчуңдары катып калат да, дайыма бүкүрөйүп жүргөн адамдардын кан тамырлары кысылып башка кан жакшы жетпей калат. Укалоо бир гана бетке эле эмес, бүт тулку бойго жасалат. Ал беттеги бырыштан тышкары баш оорудан, чач түшүүдөн да арылтат. Массаждын жардамы менен алгач моюн, далы, көкүрөктүн булчуңдары жумшартылып, кан айлануу жакшырат. Андан кийин гана беттин булчуңдарына өтөбүз. Мисалы, кургап бараткан гүлдүн тамырына суу куйбай, жалбырагын суулап, сүртүп койсок ал соолуп калат. Дал ошондой эле массаж бир гана бетке жасалса натыйжа болбойт. Скульптуралык укалоо адамдын терисинин, булчуңдарынын абалына, жашына жараша 10-12 процедуранын ар бири эки сааттан жасалат", — деди Арстанбекова.

Адис массаждын натыйжасы үчүнчү процедурадан кийин билине баштаарын белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0