Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: өлкөдө тубаса жүрөк кемтиги менен жылына 5000дей бала төрөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаев. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаев эмне себептен жүрөк кемтиги бар балдар көп төрөлүп жатканын айтып берди.
Сарыбаев: өлкөдө тубаса жүрөк кемтиги менен жылына 5000дей бала төрөлөт

Биздеги кош бойлуу аялдар ден соолугун жакшы карабайт. Туура тамактанбайт, вирустук оорулар менен ооруп калышат, дарыгерге убагында кайрылып эмдөөлөрдү албайт. Ошонун айынан жүрөк кемтиги менен балдар жарык дүйнөгө келип жатат. Бул тууралуу Акпай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

Анын айтымында, Борбор Азияда биринчи жолу жүрөктүн кемтигине операция 1998-жылы жасалган.

"Биздин өлкөдө бийик тоолуу аймактарда жашаган адамдар көп болгондуктан тубаса жүрөк кемтиги менен жылына 5000дей бала төрөлөт. Анын үстүнө кош бойлуу аялдар ден соолугун жакшы карабайт. Баланын жүрөгү ооруганынан шек жаралганда эле эрте диагноз коюп, кардиолог-педиатр менен дарылоо ыкмасын аныкташ керек. Бул багытта бизде абал жаман эмес. Алсак, Самидин Шабралиев деген мыкты кардиохирургубуз бар. Ал эң биринчилерден болуп Орто Азияда бир жашка чейинки кичинекей бөбөктөргө жүрөк операциясын жасаган. Ушул сыяктуу башка мыкты дарыгерлерден уучубуз куру эмес. Бирок балдарга жетиштүү жардам берүү үчүн дарыгерлерди жакшы аппараттар, тийиштүү каражат менен камсыз кылуу зарыл. Алсак, 80-жылдын аягынан баштап ушул убакка чейин өтө өнүккөн ыкма операциясыз миниинвазивдик кардиохирургия технологиясы бар. Бул кан тамыр менен кирип жүрөктүн кемтигин дарылайт. Биз азыр жабдыктар, каражаттар жетиштүү болсо, азыркыдан 20 эсе көп операцияларды жасайт элек", — деди Сарыбаев.

Кардиолог жыл сайын жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркаган 30 балага Бийик технологиялар фонду каражат бөлүп турганын, акыркы эки жылда акча берилбей калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0