Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов. Архив

Романов: сибирь жарасы жер кыртышында кылымдап жата берет

104
(жаңыланган 13:53 06.10.2020)
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов сибирь жарасын өз алдынча дарылап айыгууга мүмкүн эместигин айтты.
Романов: сибирь жарасы жер кыртышында кылымдап жата берет

Сибирь жарасынын козгогучу — бактерия. Күйдүргү спора түрүндө сакталып, айлана-чөйрөнүн терс шарттарына абдан туруктуу келип жер кыртышында кылымдап жата берет. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ылаң адамдарга ылаңдаган малдан тарап, адамдан адамга жукпайт.

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

"Бизде көп учурда ооруган малды союп, терисин сыйрып, ал жайды тазалаганда жана этин таратып жибергендин кесепетинен сибирь жарасы адамдарга жугуп калып жатат. Кыргызстанда анын Улуу Ата Мекендик согуш учурунан жана Советтер Союзунан бери сакталып келаткан, жер көчүп, сел алып кеткендиктен табылбай калган миңден ашык очогу бар. Өлкөбүздө оору менен күрөшүүгө республикалык бюджеттен акча бөлүнөт. Ага вакцина, очокторду жылына эки жолу дезинфекциялоо үчүн каражаттар сатып алынат. Ар жылы очоктордун айланасында жайылган төрт миллионго жакын малды бир жолу эмдөөдөн өткөрөбүз. Эгер оору аныкталып, өлүп калган малдар болсо, алар атайын инструкциянын негизинде бетондолуп, тегерек чети тосулуп, белгилер коюлат. Мындай учурлар биздеги маалыматтык базаларга очок катары каттоого алынып, картага түшүрүлөт. Бул аймак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилип, ал жерди иштетүүгө, турак жайларды курууга, мал жаюуга тыюу салынат", – деди Романов.

Адис Кыргызстан боюнча сибирь жарасынын 560 очогу каттоого алынганынын кошумчалады.

104
Белгилер:
Чыңгыз Романов, сибирь жарасы, күйдүргү, илдет
Тема боюнча
Ат-Башы: сибирь жарасы менен ооруган уйдун эти элге тарап, эки киши жабыркады
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков. Архив

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

26
(жаңыланган 11:17 21.09.2021)
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков Афганистандагы абалдан улам ЖККУнун аскердик окутуулары көбөйгөнүн белгиледи.

ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга өзүнүн алар менен күрөшүүгө даярдыгы тууралуу белги болот. Бул тууралуу Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Медетбеков: ЖККУнун аскердик окутуулары террордук уюмдарга белги болот

Анын айтымында, ЖККУ жылына ар кандай багыттагы окутууларды өткөрүп турат.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун машыгуулары жөн эле окутуу эмес. Анда байланыш системасын, штабдын башкаруусун, куралдардын колдонулуусу, жаңы куралдардын эффективдүүлүгү, аймактагы рельефке жараша кайсы атуучу куралдарды колдонуу окутулат. Аны көргөн террордук топтордун чалгынчылары уюм терроризм менен күрөшүүгө канчалык даярдыгын билип, кооптонуп турушат. Натыйжада жакынкы убакта же келечекте кандайдыр бир деңгээлдеги чатактарды чыгаруудан сестенишет", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал ЖККУнун Тажикстанда, Кыргызстанда бирден, Россия, Казакстанда экиден батальону бар экенин кошумчалады.

26
Белгилер:
Артур Медетбеков, ЖККУ, Россия, коопсуздук
Тема боюнча
ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев. Архив

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

21
(жаңыланган 11:09 21.09.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин баштагандар талапкер катары катталбай турганын айтты.

Жабык реклама методуна салып, эксперттердин пикири же дагы башка деген таризде мыйзамда көрсөтүлгөн убакытка чейин үгүт иштерин жасагандар жазаланат. БШКнын аларды талапкер кылып каттабай коюу укугу бар. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жылкыбаев: мыйзам көрсөткөн убакытка чейин үгүт жүргүзгөндөр жазаланат

Анын айтымында, кандайдыр бир эл чогулган жерлерде азыртадан үгүт иштерин жүргүзүп жаткандарды жарандар видеого тартып БШКга жиберсе болот.

"Мыйзамда үгүт иштерине бир ай убакыт бөлүнгөн. Ал шайлоо өтөр күнгө толук бир ай калганда башталат. Быйыл бул октябрдын соңку күндөрүнө туура келет. Эгер кимдир бирөө ушул убакытка чейин ар кандай иш-чараларда өздөрүн агитациялап же ачык эле элди чогултуп алып "мени шайлап койгула" деп жатса, алар талапкер катары катталбайт. Бирок муну далилдеген видеолор болушу шарт. Видеого ар бир эле кыргызстандык тартып, БШКга жиберсе болот. Ошону менен катар эле учурда иштеп жаткан депутаттар тигил же бул аймакка барып, мекемелердин ачылышына же башка иштерге катышып кала турган болсо, биз аларды тыя албайбыз. Анткени бул эл өкүлдөрү, учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизинде барып жатат", — деди Жылкыбаев.

Ал социалдык тармактарда белгиленген убакыттан эрте үгүт иштерин баштаган бир мандаттуу талапкерлер да, партиялар да мыйзам чегинде жазаланып, талапкерлик тизмеден четтетилерин кошумчалады.

21
Белгилер:
Узарбек Жылкыбаев, шайлоо, Жогорку Кеңеш, мыйзам, үгүт
Тема боюнча
Жактырган талапкерге добуш бере аласыз. Парламенттик шайлоодогу жаңы эреже
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров. Архив

ЛГБТны Чеченстанда да коргоого чакырган Байденге Кадыров жооп берди

0
(жаңыланган 23:35 21.09.2021)
Чечен Республикасынын президенти АКШ лидерине тамаша иретинде жооп берип, өз өлкөсүнө чакырган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөп жатып ЛГБТны коргоого чакырды.

"Биз, баарыбыз, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп турушубуз керек. Алар Чеченстанда же Камерунда, же дүйнөнүн башка бурчунда болобу, эч нерседен коркпой сүйүүсү менен ачык жашашы керек", — деди Байден.

Көп өтпөй Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага Telegram-каналы аркылуу жооп кайтарганын RT жазды.

"Байден ушунчалык акылга сыйгыс билдирүү жасады, жооп катары биздин республикага чакырам. Ал Чечен Республикасына келип бизде жадагалса андай сөз дагы жок экенин көрүп кетсин. Алардын ордуна бизде тооктун күйөөсү бар", — деп жазып, каткырган быйтыкча койгон.

Белгилей кетсек, учурда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы өтүп жатат.

0
Белгилер:
АКШ, Жо Байден, Рамзан Кадыров
Тема боюнча
Байден Австралиянын премьер-министринин атын эстей албай... Видео
Рамзан Кадыров UFC мушкери менен кармашты. Видео