Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Райымбекова: көп убакыт бою бир эле өсүмдүктү эгүү айдоо жерге зыян

© Sputnik / Асель СыдыковаАгроном Анара Райымбекова
Агроном Анара Райымбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агроном Анара Райымбекова айдоо жерди туура колдонуу, сапаттуу түшүм алуу үчүн колдонула турган ыкмалардын бир нече түрүн айтып берди.
Райымбекова: көп убакыт бою бир эле өсүмдүктү эгүү айдоо жерге зыян

Айдоо жерге бир өңчөй зыянкечтер, оору жана отоо чөптөр толуп кетпеш үчүн убак-убагы менен башка өсүмдүктөрдү эгүү керек. Бул тууралуу Анара Райымбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар "жерди эс алдыруу максатында" деп беде сепкени ушул себептен.

Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу

"Органикалык деп саналган биогумусту даяр болгондо эле жерге сээп койсо болот. Алар жердин борпоңдугун камсыздап, топуракта микроорганизмдердин жакшы сакталышына өбөлгө түзөт. Анткен менен органикалык жер семирткичтер бардык талап кылынган заттарды камсыздай албайт. Өзү СССР учурунда "севооборот" (которуштуруп айдоо) деп, өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү ыкмасы кеңири колдонулчу. Анткени ал кезде жердин баары колхоздуку болуп, өсүмдүктөрдү которуп отургузуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Азыр жерлер менчикке бөлүнүп калгандыктан, андай кылууга шарт жок. Өсүмдүк көп убакыт бою бир аянтта өстүрүлсө зыянкечтер, отоо чөптөр жана оору ошол жерде көбөйүп кетет. Ал эми убак-убагы менен алмаштырылып турса, жер эс алып калат. Мисалы, учурда кызылча бир талаага үч жылдан ашуун убакыт себилүүдө. Натыйжада кызылчага ар кандай карантиндик оорулар жабышууда. Мындан тышкары, жердин рН көрсөткүчү дагы маанилүү. Ага да көңүл бөлүү зарыл. Себеби туздуулугу көп жерге канчалык минералдык заттарды берсе дагы натыйжа бербейт. Андай болбош үчүн акиташ, кальций-селитрасы жана башка заттарды күздө минералдар менен кошо себүү керек. Бул топурактын рН көрсөткүчүн нейтралдуу формага келтирет", — деди Райымбекова.

Ал ошондой эле айдоо жеринен адамдын ден соолугуна зыян тийгизбеген түшүм алуу үчүн минералдык заттарды колдонууда агроном менен кеңешүү керектигин кошумчалады.

рН көрсөткүчү — топурактын кычкылдуулугун билдирүү үчүн колдонулат. Бул көрсөткүчү жогору топурактын курамында өсүмдүккө зыян тийгизген оор металлдар басымдуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0