Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошев: петроглифтерди консервациялоо абдан татаал иш

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев петроглифтерди консервациялоо иштери тууралуу айтып берди.
Жолдошев: петроглифтерди консервациялоо абдан татаал иш

Петроглифтерди консервациялоо абдан татаал. Колдонулуучу каражаттар лабораториялык текшерүүлөрдү, дасыккан адистердин ишин талап кылат. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагындагы петроглифтер соңку ирет 20 жыл мурда консервацияланган.

"Тарыхый саймалуу таштарды консервациялоо бир тарабынан туура деп табылганы менен кооптуу да жайы бар. Бир эле нерсесинен ката кетсе петроглифтерге олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, быйыл бир методология кабыл алынды, колдонулган клей канча бир убакыт турган соң химиялык терс реакция бериши ыктымал. Андыктан бул маселеде чечим кабыл алуу абдан оор. Ошондой эле таштар да ар кандай болуп бөлүнөт. Кумдуу таштарга тартылган сүрөттөр ачык асман алдында тура берип күбүлө баштайт. Аларга, албетте, консервация иштери талап кылынат. Ушунун негизинде 2000-жылы Ысык-Көл облусу менен Сулайман-Тоодо жайгашкан кум ташка тартылган петроглифтер оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал иштер ийгиликтүү жасалып, тарыхый баалуулуктардын ушул күнгө чейин жакшы абалда сакталышына жардам берди", — деди Жолдошев.

Адис петроглифтерди изилдөө иштери 200-300 жыл гана мурда башталгандыктан, көп жагдайлар ачыла электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0