Дарыгер-клиникалык фармаколог, косметолог Перизат Салянова

Адис скульптуралык укалоонун артыкчылыгын айтып берди

153
Дарыгер-клиникалык фармаколог, косметолог Перизат Салянова скульптуралык укалоонун жыйынтыгы дароо билинбегендиктен аялдар ийне сайдырууга кетип калышарын айтты.
Адис скульптуралык укалоонун артыкчылыгын айтып берди

Скульптуралык массаж бетинде жарасы, безеткиси барларга, артериалдык кан басымы жогоруларга, мээден жаракат алгандарга, гормоналдык көйгөйлөрү, көзү чалыр же көз оорулары барларга жана богок менен ооругандарга сунушталбайт. Бул тууралуу Перизат Салянова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят

Анын айтымында, скульптуралык укалоонун жашартуучу лимфодренаждык, миофасциалдык ыкмалары бар. Ар бир техникага жараша массаж май менен же май колдонулбай жасалат. Азыр майсыз укалоо жакшы жыйынтык берип жатат.

"Биз адамдарга ден соолугуна кам көрүү үчүн багыт берүүчүбүз. Массажга келген адам эгер өзү да аракет кылып, ден соолугун, келбетин жакшыртуу боюнча адистер менен чогуу иштесе, анда жакшы натыйжа болот. Бул ошол эле туура тамактануу, уктоо жана дене тарбия менен машыгуу. Укалоо дегенди укканда "ой жөн эле массаж турбайбы, кантип бырышты кетирмек эле" деп ийне сайдырганга ашыгышат. Албетте, укалоо дароо жыйынтыгын бербейт. Ал үчүн бир нече процедурадан өтүү керек. Бирок анын кийин кесепети жаман болбойт. Ал эми ботокс, филлер бул зыяндуу нерсе. Ал депрессияга алып келет. Булчуңдун иштешин жокко чыгарып, аны тоңдуруп салгандыктан канчалаган кан айлануучу жана лимфатикалык кан тамырлар иштебей калат. Булчуңдардын арасында толтурулган гель 3-6 айдан кийин күчүн жоготуп, беттеги булчуңдар мурдагы эле калыбына келет. Жаш кыздар келечекте эне болушат. Ботокс балалуу болууга канчалык зыяны бар экенин аңдап биле беришпейт. Ооба, бизде жакшы косметологдор бар, бирок алардын баары эле ботокстун зыяндуулугун айта беришпейт", — деди Салянова.

Дарыгер адамдардын сулуулугуна аппараттык косметология менен кам көрүүгө билими, мүмкүнчүлүгү болгонуна карабай табигый укалоону тандаганын кошумчалады.

153
Белгилер:
скульптура, ботокс, укалоочу
Тема боюнча
Дерматолог жаш кезде бырышты алдын алуунун сырын ачып берди
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов

Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат

37
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов кышка карата малды кайсы ылаңдардан эмдетүү керектигин айтып берди.
Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат

Учурда шарпка, бруцеллезго, кара санга, күл ылаңына, оспага, паразитардык илдеттерге жана оорунун очогу бар жерлерде эхинококкозго каршы эмдөө иштери жасалууда. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тогуз айдын планы дээрлик аткарылып, жугуштуу мал ылаңдары боюнча эпизоотиялык кырдаал өлкө боюнча туруктуу.

Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган

"Азыр малды күзгү эмдетүү иштери массалык түрдө жүргүзүлүүдө. Алсак, ири мүйүздүүлөргө шарпка, ал эми ача туяктууларга бруцеллезго, паразитардык ооруларга жана айрым жерлерде эхинококкозго каршы эмдөө иштери жасалууда. Мындан тышкары, майда жандыктарга кара сан, күл жана оспа ылаңдарына каршы сайылууда. Бул иштер атайын пландын негизинде аткарылып жатат. Райондук ветеринардык кызматтарда 10-11ден жалпы республика боюнча 300дөй ветеринардык инспектор бар. Аларга жогорку жана атайын орто билими бар, ветеринардык палатадан каттоодон өткөн, райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар менен келишими бар расмий ветеринардык адистер жардамдашат. Мындай адистердин жалпы саны өлкө боюнча 1200 адам. Булар кан алуу, ийне саюу иштерин жүргүзөт", — деди Саткынов.

Ошондой эле ал кутурма, күйдүргү, бруцеллез, күл, кыргын ылаңдары милдеттүү түрдө эмдетилип, аларга каршы сайыла турган вакциналар мамлекеттен бериле турганын кошумчалады.

37
Белгилер:
ветеринария, мал, эмдөө
Тема боюнча
Романов: сибирь жарасы жер кыртышында кылымдап жата берет
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары, кардиолог, ревматолог Назгүл Өмүрзакова

Өмүрзакова: артрит жүрөк, бөйрөк, өпкөнү да жабыркатат

254
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары, кардиолог, ревматолог Назгүл Өмүрзакова артритти туура дарылоо менен ооруну толук айыктырса болорун айтты.
Өмүрзакова: артрит жүрөк, бөйрөк, өпкөнү да жабыркатат

Артрит бул муундардын сезгенүү оорусу. Илдет бир муунда болсо моноартрит, бир нече муун ооруса полиартрит деп айырмаланат. Бул тууралуу Назгүл Өмүрзакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, артритте муундун айланасы, периартикулярдык ткандар сезгенет.

"Артриттин түрү бар. Мисалы, инфекциялык, подагра, остеоартрит жана ревматизм, полиартрит болуп бөлүнөт. Бул оорунун өрчүшүнө суук тийүү, организмдин коргонуу функциясынын төмөндөшү түрткү берет. Негизги белгилери муундар ооруп кызарат, анда сезгенүү суюктугу чогулуп шишик пайда кылат. Кээде оорулуу көпкө дарыланбай жүрө берет же өз алдынча дарылануудан күчөп, муундар кыйшайып, өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Мындан сырткары, артрит жүрөк, бөйрөк, өпкө сыяктуу ички органдарга да доо кетирет. Илдетти дарылоо максатында атайын көнүгүүлөрдүн комплекси бар. Ошондой эле хирургиялык дарылоо да кеңири колдонулат. Муун ооруларына таманын жука алып жүргөн, базарда, унаа жуучу жайда жана башка ушул сыяктуу муздак жерлерде иштегендер көбүрөөк чалдыгат. Өткөрүп жибербей врачка кайрылып, дарттан толугу менен айыгып кетүүгө болот", — деди Өмүрзакова.

Туздалган бадыраңды кандай оорусу барлар жебеш керек? Дарыгердин кеңеши

Дарыгер артриттин алдын алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо, ооз көңдөйүн дайыма карап жүрүү маанилүү экенин кошумчалады.

 

254
Белгилер:
оору, муунтуу, артрит
Катуу суукта бараткан беткапчан аял. Архивдик сүрөт

Академик: COVID-19 катуу суук түшкөндө басаңдайт

0
Адистин айтымында, коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. COVID-19 кыш келип, күндүн суукташы менен басаңдайт. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев "Известия" басылмасына билдирди.

"Коронавирус аба аркылуу жуккан башка илдеттер сыяктуу эле жыл мезгилинен көз каранды. Жаан-чачын башталып, нымдуу учурда көбөйүп, күн катуу сууктаганда басаңдайт. Келерки жазда дагы бир жайылып барып анан жоголот деп божомолдоп жатабыз. Бирок жазда азыркыдай күчтүү болбойт", — деди Пальцев.

Адис учурда коронавирус өтө күчөп турган чагы экенин эске салып, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, иммунитетти бекемдөө сыяктуу эрежелерди сактоого чакырат.

0
Белгилер:
адистер, прогноз, кыш, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ооруган балдар көбөйүүдө. Бишкекте окуучулар I чейректи онлайн окуп бүтүрөт