Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубат кызы: өлкөдө бал аарычылык боюнча адистер жокко эсе

© Sputnik / Табылды КадырбековАгроном, аарычылык боюнча адис Айжан Кубат кызы
Агроном, аарычылык боюнча адис Айжан Кубат кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агроном, аарычылык боюнча адис Айжан Кубат кызы Кыргызстандан көбүнесе кургак жемиштер, бал жана жаңгак экспорттолорун айтты.
Агроном, специалист по пчеловодству Айжан Кубат кызы

Бал аарычылык өлкөдө жападан жалгыз биринчи жылда эле киреше берүүчү тармак болуп саналат. Аарычылык менен алектенгендер мал баккандай жайы-кышы карабайт. Болгону сезон маалында карап коюу жетиштүү. Бул тууралуу Айжан Кубат кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жыл башынан бери 18 өлкө кыргыз балынын даамын таткан. Тизме

Анын айтымында, ISO, HACCP деген азык-түлүктүн сапатын текшерген системалардын талабына жооп берүү үчүн бал аарычылык боюнча адистер квалификациясын жогорулатуусу зарыл.

"Азыр Кыргызстандын балы дүйнө жүзүнө сапатынын мыктылыгы менен таанылып жатат. Биздин мамлекетте түрдүү гүлдөр өскөндүктөн тоо балынын курамы витаминдерге өтө бай. Мисалы, дүйнөлүк стандарт боюнча балдын нормалдуу диастазы жети болсо, Алай, Кара-Кулжанын балыныкы 49га чейин жетет. Бул ошончо эсе курамы күчтүү экенин билдирет. Япония, Кытай, Американын эли биздин балды жесе буга чейин жеп көрбөгөндүктөн аллергия болуп кетет. Азыр чынында мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүү боюнча программа жок. Болгону 2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы бар. Учурда Бал аарычылар ассоциациясы тарабынан мыйзам долбоору, өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда. Муну Жогорку Кеңешке депутаттар келгенде кароого жөнөтөбүз. Негизи илим менен бизнес айкалышып жумуш алып барышы керек эле. Андан тышкары, бизде бал аарылардын дарыгерлери, технологдору жок. Буга агрардык университетте бал аарычылык боюнча бөлүмдүн жоктугу себеп. Айыл чарба министрлигинде мал чарбачылык бөлүмү болгону менен анда аарычылык боюнча адистер абдан аз. Азыр дүйнөнүн талабы башка. Биздеги бал аарычылар Советтер Союузунан бери келе жаткан адистер. Мурда суюк бал чогултулганда, ата-апаларыбыз алюминий флягаларга куюп коюшчу. Азыр атайын идиштерге сактоо талап кылынат", — деди Кубат кызы.

Адис аарыларды ветеринарлар өздөрү билгендей дарылагандыктан балдын курамынан туура эмес заттар чыгып калып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0