Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Психиатр Альцгеймер оорусунун негизги белгилери тууралуу айтып берди

© Sputnik / Асель СыдыковаВрач-психиатр Музурхат Курманалиев
Врач-психиатр Музурхат Курманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев Альцгеймер оорусуна билимине, жашоо образына, жашаган социалдык катмарына карабастан бардык адамдар чалдыгышы мүмкүн болгон психикалык оору экенин айтты.
Психиатр Альцгеймер оорусунун негизги белгилери тууралуу айтып берди

Альцгеймер оорусу — эс тутумдун бузулушу, жүрүм-турумдун өзгөрүшү жана интеллектинин прогрессивдүү түрдө төмөндөшү менен мүнөздөлгөн борбордук нерв системасынын дегенеративдүү илдети. Бул тууралуу Музурхат Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жай кыймылдаган адамдардын өмүрү кыскабы? Окумуштуулардын жообу

Анын айтымында, 65 жаштан жогорку адамдардын 5-10 пайызы Альцгеймер же кем акыл оорусунан азап тартып келишет.

"Бул илдеттин белгилери 45 жаштан тарта байкала баштайт. Алсак, адамдын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрөт. Индивидуалдык сапаттар өтө курч, рельефтүү, даана көрүнөт. Мисалы, мурда активдүү, шаңдуу жүргөн адам оорудан улам андан бетер шайыр болуп калат. Көпчүлүктүн арасында тамашалашканда, анысы башкаларга өөн, өтө орой болуп, иренжитип же уялтып коюшу мүмкүн. Айрым адамдар жаш кезинде лидер болсо, кийин кеп-сөзгө келбей калат. Бул нерсе жакын туугандарына мүнөзү бузулуп баштагандай көрүнөт. Бара-бара оору экени анык билине баштайт. Андан тышкары, эске тутуусу начарлайт. Адам турмушта өтө унутчаак болуп, маалыматтарды кабыл алышы кыйындайт. Жадагалса тууган-тааныштарынын атын, жүзүн, өзүнүн жашаган көчөсүн унутат. Эң кызыгы, акыркы маалыматтарды унутканы менен тээ мурдагы болгон окуяларды так, даана, жаңы эле болуп өткөндөй айтып бере алат. Илдет тууралуу немис психиатры Алоис Альцгеймер 1907-жылы биринчи жолу сүрөттөп жазган. Ал далилдегендей, мээнин клеткаларынын азыктануу процесси начарлайт. Ошондон улам жогорку психикалык функциялар бузулат. Бул эс-акыл деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Башкача айтканда, абстракциялык ой жүгүртүүсү начарлап кетет. Айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуялардын логикалык байланышын жоготот. Андан тышкары, өзүн кароого таптакыр мүмкүнчүлүгү болбой калат да, алар башкалардын камкордугуна муктаж болот. Ошондуктан аларды үйдө жалгыз калтыруу өтө кооптуу", — деди Курманалиев.

Дарыгер деменция менен Альцгеймер оорусунун окшоштугу көп болгондуктан экөө тең бирдей дарыланарын жана ошону менен бирге адамдын кароосуна муктаж экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0