Эколог, айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери Айгүл Ырсалиева

Ырсалиева: экология жаатында коомдун аң-сезимин өстүрүү керек

59
Эколог, айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери Айгүл Ырсалиева өлкөдө кен байлыктар казылып алынгандан кийин рекультивация иштери жүргүзүлбөй жатканын айтты.
Ырсалиева: экология жаатында коомдун аң-сезимин өстүрүү керек

Экологиялык маселелер бир гана адистердин эмес, жалпы журттун көйгөйү экенин коомчулук түшүнүүсү зарыл. Бул тууралуу Айгүл Ырсалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын пикиринде, өлкөнүн бир аймагындагы экологиялык көйгөйгө республиканын башка жагында жашагандар маани деле беришпейт.

Экологияга өтө чоң коркунуч жараткан 5 кроссовер тизмектелди

"Кен казуу иштеринин экологияга тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн рекультивация иштерин жүргүзүү зарыл. Бүт дүйнөдө бул аракеттер жасалат. Ал эми бизде көптөгөн кендерибиз казылган боюнча калууда. Ал жаратылышка, өсүмдүктөргө, жаныбарларга зыянын тийгизүүдө. Ошондой эле экология жаатында коомдун аң-сезимин өстүрүү керек. Жөнөкөй мисал келтире турган болсом, эгерде жерде таштанды жатса, биздин жарандар "бул мэриянын, "Тазалыктын" иши", "менин тиешем жок" деп басып кетет. Чынында экологиялык көйгөйлөр баарыбызга тиешелүү. Ошол эле абанын булгануусун алсак, өкмөт же эколог эле дем алып жаткан жок да. Жаш баладан тарта улгайган адамдарга чейин дем алат, натыйжада түтүн ден соолугуна зыян келтирүүдө", — деди Ырсалиева.

Эколог жер көчкүнүн алдын алуу жана жер кыртышын сактоо үчүн бадалдарды көп отургузуу керектигин кошумчалады.

59
Белгилер:
кен, көйгөй, экология
Тема боюнча
Желим баштыкты колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева

Донбаева: жаңы сейил бактарга жергиликтүү көчөттөрдү отургузуш керек

44
(жаңыланган 19:09 28.10.2020)
Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева аталган бакчанын уникалдуулугу эмнеде экенин айтып берди.
Донбаева: жаңы сейил бактарга жергиликтүү көчөттөрдү отургузуш керек

Ботаникалык бакчада ар кандай ооруларга туруктуу өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар. Алар жаңы салынып жаткан сейил бактарга отургузуу үчүн сунушталууда. Бул тууралуу Гүлайым Донбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, тыштан алып келинген өсүмдүктөр өлкөнүн шартына ылайыкташтырылбагандыктан өспөй калууда.

Ботаника багын Илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат

"Эгемендүүлүк алгандан бери жеке ишкерлер чет өлкөдөн көчөттөрдү алып келип, көчөлөрдө сатышууда. Алып келинген бак-шактар менен бирге ар кандай өсүмдүктөрдүн дарттары кошо кирип жатат. Ал ооруга бул жакта мурдатан өскөн бактар туруштук бергени менен сырттан алып келингендер зыян тартып жатышат. Мисалы, учурда эмен багы, каштандардын жай мезгилинде эле жалбырагы саргарып түшүп жатканына күбө болуп жатабыз. Мезгилдин өтүшү менен өсүмдүктөр климатка жараша өзгөрүүдө. Акыркы жылдары Бишкек шаарында экологиялык абал начарлап, ар кандай себептер менен түтүн каптап жатат. Бул өсүмдүктөргө дагы терс таасирин тийгизүүдө. Мындан улам Ботаникалык бакчанын илимий кызматкерлери изилдөө жүргүзүп, ар кандай ооруларга туруктуу көчөттөрдү отургузууну, жаңы салынып жаткан сейил бактарга дагы жергиликтүү көчөттөрдү тигүүнү сунуштап жатышат", — деди Донбаева.

Ал бакчада 6500дөн ашык өсүмдүктүн түрү бар экенин кошумчалады.

44
Белгилер:
экология, парк, өсүмдүктөр
Тема боюнча
Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео
Лид-аниматор Самара Мастанова

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

226
(жаңыланган 17:43 28.10.2020)
Лид-аниматор Самара Мастанова Кыргызстанда кандай анимациялык эмгектер жасалып жатканын айтып берди.

Мастанова: он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөбүз

Лид-аниматор сценаристтер жана сүрөтчү-мультипликатор менен иштейт. Алсак, окуяга канча каарман, кандай фон, образдар керектигин дал ушул адис айтып турат. Бул тууралуу Самара Мастанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Балдар видеороликтери менен укмуштай акча тапчубуз. Дасыккан ютубердин баяны

Анын айтымында, бир команда кыска метраждуу он мүнөттүк мультфильмди төрт күндө жасап бүтөт.

"Мен Кыргыз-түрк "Манас" университетин аяктап жатканда дипломдук ишимде анимация жасадым. Албетте, бизде бул тармакка басым жасалып окутулбайт. Бирок интернетте видео сабактардын жардамы менен анимациялык тасма жаратса болот. Ошону менен бирге аталган окуу жайда Кыргызстандын алдыңкы аниматорлорунун бири Каныбек Өмүрбековдун кошумча курстарына катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыр мен — иштеп жаткан студияда лид-аниматормун. Менин функциям тапшырык келсе бөлүштүрүп, жумуштун аткарылышын көзөмөлдөп, бүткөн анимациянын композициясы, пландарын карап, каталарын текшерүү. Алсак, бизде 8-9 кишиден турган 2D жана 3D жасаган командалардын бирден лид-аниматору болот. Азыркы учурда биздин эмгектер "Ютубдагы" каналга чыгып жатат. Бул өспүрүмдөргө арналган контент десек болот. Анда адамдардын жашоосундагы ийгилиги же жеңилүүсү, сүйүү же көңүл калуу жана кайгылуу, же тескерисинче, күлкүлүү окуялары чагылдырылат. Анимациялардын үнү кыргызча, түркчө, казакча, орусча, немец жана англис тилинде коштолуп чыгып жатат", — деди Мастанова.

Ал 2D жана 3D анимацияларды Moho pro, Blender программаларынын жардамы менен жасап жатышканын кошумчалады.

226
Белгилер:
анимация, тасма, мультфильм
Тема боюнча
Мультфильм каарманына айланган ар улуттун кыздары. Суктанткан сүрөттөр
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев. Архив

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

46
(жаңыланган 10:53 29.10.2020)
Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу тиешелүү токтомго шаарга жаңы эле башчынын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык алмашуу болуп, Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди
    © Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
  • Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    Социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Алмаз Бакетаев биринчи вице-мэрликке кайтып келди

Анын ордундагы Нариман Түлеев иштен бошотулган.

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

Ал эми социалдык суроолор боюнча вице-мэрликке Айжан Чыныбаева дайындалды.

Тиешелүү токтомдорго шаарга жаңы эле башчылыктын милдетин аткаруучу болуп келген Балбак Түлөбаев кол койгону белгилүү болду.

Калаа башчысынын орду 5-6-октябрдагы элдик толкундоо болгондон бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда мэриянын алдында кайрадан митинг өткөргөн.

Көп өтпөй учурдагы бийлик мэриянын мурдагы аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн бошотуп, Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

46
Белгилер:
вице-мэр, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти