Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Архив

Керималиев: буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча Талас алдыда

46
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев пандемияга карабастан быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы болгонун белгиледи.
Керималиев: буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча Талас алдыда

Кылкандуу дан эгиндери гектарына 31,8 центнер түшүм берип, жылдагыга салыштырмалуу абдан жакшы көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл дан эгиндери, жер-жемиш жана бакча өсүмдүктөрү дагы жакшы түшүм берген.

Түркия Кыргызстанга жардам катары 10 тоннадан ашык үрөн, жер семирткич берди

"Оруп-жыюу иштери негизинен жыйынтыкталып калды. Учурда кылкандуу дан эгиндери толугу менен чабылып бүттү. Азыркы тапта айрым аймактарда жүгөрү жыйноо иштери уланууда. Жаз мезгили коронавируска байланыштуу карантинден улам биздин дыйкандар, деги эле өлкө үчүн оор болду. Пандемия жазгы талаа иштерине терс таасирин тийгизет деген кооптонуулар болгон. Бирок дыйкандарыбыз жазгы талаа иштерин жакшы жыйынтыкташты. Натыйжада түшүмдүүлүк абдан жакшы болду. Алсак, өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндеринин көрсөткүчү гектарына 31,8 центнерди түздү. Буудайдыкы 27,3 центнер, арпаныкы 25,2 центнер болду. Буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча Талас облусу алдыга чыкты. Маселен, Манас району буудайды гектарына 35 центнерден алса, Кара-Буурада бул көрсөткүч 32 центнерден болду. Жүгөрүнүн аянты 104,6 гектар болуп, ар биринен 66,6 центнерден берип, абдан жакшы көрсөткүчкө жете алдык", — деди Керималиев.

Министрдин орун басары кант кызылчасы эгилген аянт азайтылгандыктан аталган өсүмдүктүн түшүмү жылдагыга салыштырмалуу азыраак болгонун кошумчалады.

46
Белгилер:
Буудай, түшүм, айыл чарба, Жаныбек Керималиев
Тема боюнча
Талас, Чүй, Жалал-Абад алдыда. Быйыл өлкөдө канча арпа, буудай жыйналды
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов

Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат

37
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов кышка карата малды кайсы ылаңдардан эмдетүү керектигин айтып берди.
Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат

Учурда шарпка, бруцеллезго, кара санга, күл ылаңына, оспага, паразитардык илдеттерге жана оорунун очогу бар жерлерде эхинококкозго каршы эмдөө иштери жасалууда. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тогуз айдын планы дээрлик аткарылып, жугуштуу мал ылаңдары боюнча эпизоотиялык кырдаал өлкө боюнча туруктуу.

Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган

"Азыр малды күзгү эмдетүү иштери массалык түрдө жүргүзүлүүдө. Алсак, ири мүйүздүүлөргө шарпка, ал эми ача туяктууларга бруцеллезго, паразитардык ооруларга жана айрым жерлерде эхинококкозго каршы эмдөө иштери жасалууда. Мындан тышкары, майда жандыктарга кара сан, күл жана оспа ылаңдарына каршы сайылууда. Бул иштер атайын пландын негизинде аткарылып жатат. Райондук ветеринардык кызматтарда 10-11ден жалпы республика боюнча 300дөй ветеринардык инспектор бар. Аларга жогорку жана атайын орто билими бар, ветеринардык палатадан каттоодон өткөн, райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар менен келишими бар расмий ветеринардык адистер жардамдашат. Мындай адистердин жалпы саны өлкө боюнча 1200 адам. Булар кан алуу, ийне саюу иштерин жүргүзөт", — деди Саткынов.

Ошондой эле ал кутурма, күйдүргү, бруцеллез, күл, кыргын ылаңдары милдеттүү түрдө эмдетилип, аларга каршы сайыла турган вакциналар мамлекеттен бериле турганын кошумчалады.

37
Белгилер:
ветеринария, мал, эмдөө
Тема боюнча
Романов: сибирь жарасы жер кыртышында кылымдап жата берет
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары, кардиолог, ревматолог Назгүл Өмүрзакова

Өмүрзакова: артрит жүрөк, бөйрөк, өпкөнү да жабыркатат

256
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары, кардиолог, ревматолог Назгүл Өмүрзакова артритти туура дарылоо менен ооруну толук айыктырса болорун айтты.
Өмүрзакова: артрит жүрөк, бөйрөк, өпкөнү да жабыркатат

Артрит бул муундардын сезгенүү оорусу. Илдет бир муунда болсо моноартрит, бир нече муун ооруса полиартрит деп айырмаланат. Бул тууралуу Назгүл Өмүрзакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, артритте муундун айланасы, периартикулярдык ткандар сезгенет.

"Артриттин түрү бар. Мисалы, инфекциялык, подагра, остеоартрит жана ревматизм, полиартрит болуп бөлүнөт. Бул оорунун өрчүшүнө суук тийүү, организмдин коргонуу функциясынын төмөндөшү түрткү берет. Негизги белгилери муундар ооруп кызарат, анда сезгенүү суюктугу чогулуп шишик пайда кылат. Кээде оорулуу көпкө дарыланбай жүрө берет же өз алдынча дарылануудан күчөп, муундар кыйшайып, өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Мындан сырткары, артрит жүрөк, бөйрөк, өпкө сыяктуу ички органдарга да доо кетирет. Илдетти дарылоо максатында атайын көнүгүүлөрдүн комплекси бар. Ошондой эле хирургиялык дарылоо да кеңири колдонулат. Муун ооруларына таманын жука алып жүргөн, базарда, унаа жуучу жайда жана башка ушул сыяктуу муздак жерлерде иштегендер көбүрөөк чалдыгат. Өткөрүп жибербей врачка кайрылып, дарттан толугу менен айыгып кетүүгө болот", — деди Өмүрзакова.

Туздалган бадыраңды кандай оорусу барлар жебеш керек? Дарыгердин кеңеши

Дарыгер артриттин алдын алууда жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо, ооз көңдөйүн дайыма карап жүрүү маанилүү экенин кошумчалады.

 

256
Белгилер:
оору, муунтуу, артрит
Ооруканадагы палата. Архивдик сүрөт

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме

0
Учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылганы маалым болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада COVID-19га кабылган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылды.

COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып жаткан ооруканалар:

  • Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы;
  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Улуттук госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Темир жол ооруканасы;
  • №2 клиникалык төрөт үйү.

Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

Аталган ооруканаларда жалпысынан 561 орун даярдалган. Бирок кайсы медициналык мекемеде канча бош орун бар экенин министрликтин картасына (map.covid.kg) кирип карап алуу зарыл.

0
Белгилер:
тизме, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министрлик коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады
Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат
Өткөн суткада 482 киши коронавирус жуктуруп, 127 бейтап айыкты