Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байсекеев: кан тамыр оорусу барларга коронавирус өзгөчө кооптуу

© SputnikУлуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Таалай Байсекеев. Архив
Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Таалай Байсекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Таалай Байсекеев кан тамыр дарты барлар COVID-19га чалдыккан учурда милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылуусу зарылдыгын айтты.
Байсекеев: кан тамыр оорусу барларга коронавирус өзгөчө кооптуу

Коронавируста кан коюуланып кеткендиктен, варикозу барлар илдетти башкаларга караганда оор көтөрүшү мүмкүн. Жеңил түрүн жуктуруп алгандары деле элес албай жүрө бербей, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуусу керек. Бул тууралуу Таалай Байсекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Коронавирустун акчада, смартфондо канча сакталып турары айтылды

Анын айтымында, кан тамыр оорулары бар адамдар вирус жуктуруп алган учурда өпкө, жүрөк дарыгеринен сырткары кант тамыр дарттарын караган медиктердин да көзөмөлүндө болуусу шарт.

"Кайсы гана оору болбосун дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Бизде, тилекке каршы, атуулдук жоопкерчилик жакшы өнүккөн эмес. Оорусу күчөп төшөккө жатып калмайын өз алдынча дарыланып жүрө бергендер көп. Коронавирусту деле эч бир медициналык мекемеге кайрылбай, башка бейтапка жазылган дарылардын рецеби менен айыккан адамдар четтен саналат. Бирок кан тамыр оорусу бар адамдар мындай кайдыгерликке барбашы керек. Өзгөчө варикоз менен жабыркагандар вирустун белгилери байкалары менен алгач Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, андан соң кан тамыр дартын караган медиктерге кайрылуусу зарыл. Анткени коронавируста кан коюлуп, анын кыймылы жай болуп калат. Бул тромбордун кан тамырга жабышып, белгисиз бир убактан соң ал жылып кетип башка бир жерден кан тамырды жарып чыгышы мүмкүн. Вирус менен алышып чабал болуп турган организм үчүн мындай көрүнүштүн жыйынтыгы өтө кооптуу болушу ыктымал", — деди Байсекеев.

Дарыгер учурда өлкөдө кайрадан коронавирус жуктургандар көбөйүп жаткандыгын айтып, кан тамыр оорусу бар адамдарды өзгөчө сак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0