Психолог Сейил Калдыбаева. Архив

Калдыбаева: сабырдуулук адамдын эмоционалдык интеллектинен көз каранды

140
(жаңыланган 12:28 14.10.2020)
Психолог Сейил Калдыбаева аралыктан окутуу үчүн окуучудан мурда ата-энелер моралдык жактан даяр болуп, баланы күч менен окутууга аракет кылбашы керек экендигин белгиледи.
Калдыбаева: сабырдуулук адамдын эмоционалдык интеллектисинен көз каранды

Аралыктан окутууда ата-энелер балдарынын жөндөмүнө, мүмкүнчүлүгүнө карап, ошого жараша талап койгону туура. Эгерде бала сабакты түшүнбөй жатса, бул жагдайды трагедия кылып ага басым жасабаш керек. Бул тууралуу Сейил Калдыбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аралыктан окуу коомго жаңы кирип жаткандыктан, аны кабылдоо баарына эле жеңил боло бербесин эске алуу зарыл.

Онлайн окутуу билим алууга доо кетирип жатат. Мугалимдин маеги

"Балдардын баары окшош эмес. Аларды бири-бирине салыштырып же ата-энелер өзүнүн элестетүүсү боюнча кандайдыр бир талаптарды коюп алып ага жетпей жаткан балага карата зордук-зомбулук көрсөтүүгө чейин барбашы керек. Мындай жагдай болуп кетпеш үчүн ата-энелер өзүнүн эмоционалдык интеллекти менен иштеши зарыл. Себеби сабырдуулук, өзүн-өзү кармоо адамдын эмоционалдык интеллектинен көз каранды. Аралыктан окутуу учурунда ата-энелер балдарына карата зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар кездешүүдө. Бул коомчулукка ачыкталып калгандары. Канчасы ачыкталбай "жабылуу аяк жабылуу бойдон" калып жаткан да учурлар бар. Мындай болбошу үчүн ата-энелер моралдык, психологиялык жактан даяр болушу зарыл. Баланын жөндөмү, деңгээли, билимге умтулуусу жана аны кабыл алуу шыгына карап талап койгону дурус", — деди Калдыбаева.

Психолог баланы сындагандан көрө шыктандырган кыйла жемиштүү боло турганын кошумчалады.

140
Белгилер:
ата-эне, окутуу, психолог
Тема боюнча
Сайназаров: онлайн окутуу учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктар күчөдү
Эндокринолог Айпери Биримкулова

Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

150
(жаңыланган 18:42 25.10.2020)
Эндокринолог Айпери Биримкулова калкан безинин салмагы 15-20 грамм болгону менен адам организми үчүн өтө маанилүү функцияны аткарарын айтты.
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

Йод жетишсиз болгондо богок оорусу пайда болот, бирок анын ашыкчасы да дартты чакырат. Бул тууралуу Айпери Биримкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, деңиз азыктарында жана балык этинин курамында йод көп.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климатыбызга жараша йод жетишсиздиги көп байкалат. Андыктан тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу керек. Бирок йод ашыкча болгон учурда да адам ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Мындай учурда кишинин чачы түшүп, ачуусу бат келип, депрессияга кабылып, өзүн чарчаңкы сезип, ал тургай колдору титиреп, жүрөгү катуу согуп, көзү чанагынан чыгып кетейин деп чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул учурда, өкүнүчтүүсү, көпчүлүк бейтаптар башка органдарын текшертип же психологдун жардамын күтүп жүрө беришет", — деди Биримкулова.

Ал оорунун жогорудагыдай белгилери байкалган учурда алгач эндокринологдорго кайрылып, гормондорун текшертип алышы зарылдыгын кошумчалады.

150
Белгилер:
Айпери Биримкулова, йод, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: Кыргызстанда 617 000 адам кант диабети менен жабыркайт
Ветеринар Ашырбай Жусупов

Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

33
(жаңыланган 18:21 25.10.2020)
Ветеринар Ашырбай Жусупов малды убак-сааты менен бастырып, тиешелүү гигиеналык талаптарды сактоо зарылдыгын айтты.
Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

Мал чарбалары кышка карата комплекстүү даярданышы керек. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорулардын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында малдын түрүнө жараша бөлөк-бөлөк багылуусу керек.

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

"Мал күзүндө жайлоодон эттүү келет. Ушул кезде дайымкы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, семиз малга эмдөө жасалса эффективдүүлүгү жогорураак. Учурда ветеринария кызматы тарабынан тогуз ылаңга каршы акысыз вакцина сайылат. Андан тышкары, малдын тоюту салына турган акырды, суу иче турган ноосун, деги эле короону жазда жана күздө дезинфекциялоо шарт. Себеби илдеттер көбүнчө малдын жаткан жеринен жугат. Анан албетте комплекстүү тоют даярдалат. Тоют ар түрдүү жана витаминдүү болсо, семиз мал ооруга көп чалдыкпайт", — деди Жусупов.

Адис фермер түзүүдө алгач аталган багытта тиешелүү адабияттарды окуп, керектүү маалыматтарга ээ болуу менен мал багууну сапаттуу деңгээлге чыгарса болорун кошумчалады.

33
Белгилер:
тоют, ветеринария, мал, Ашырбай Жусупов
Тема боюнча
Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат
Ресторан. Архив

Министр: той-аштарга чектөө кайра күчөтүлүшү мүмкүн

16
(жаңыланган 12:35 26.10.2020)
Министр оору жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштаганын айтты. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Той-аштарга киргизилген чектөөнү күчөтүш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштады.

"Саламаттык сактоо министрлиги тойлорду, массалык иш-чараларды токтотуу боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатат. Министрлик чектөө киргизүүдө өз алдынча токтом кабыл ала албайт. Бүгүн бул маселени биринчи вице-премьер менен дагы талкуулайбыз. Эгер алар сунушубузду кабыл алса, анда той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт. Билсеңиздер, тойлорго чектөө коюлган токтом мурда эле чыккан. Бирок аны аткарган адам жок, ошону күчөтүү зарыл", — деди министр.

Өткөн суткада 420 киши коронавирус жуктурса, 227 бейтап айыкты

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 420 кишиден аныкталып, жуктургандардын жалпы саны 56 170ке жетти.

16
Белгилер:
министр, чектөө, той, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19га кабылгандар кайсы ооруканага кайрыла алат? Бишкектеги бош орундар
COVID: Кызыл Ай коомунун Бишкектеги ыктыярчылар бригадасы ишке киришти