Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова. Архив

Исмаилова: COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда

141
(жаңыланган 15:25 15.10.2020)
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн планы беш бөлүктөн турарын айтты.
Исмаилова: COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда

Коронавирустун экинчи толкуну күз-кыш мезгилинде болот деп болжолдонгон. Бул учурда башка вирустук инфекциялар да күчөп, адамдар көбүрөөк жабык мекеменин ичинде болгону вирустун жайылышына жана курч өтүшүнө кошул-ташыл болору анык. Мындай пикирин Бактыгүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

ДССУ: дүйнөдө коронавирустун экинчи толкуну жок

Анын айтымында, COVID-19дун экинчи толкунуна даярданууда вирус күчөп турган июль айындагы кемчиликтер эске алынды.

"Учурда коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Акыркы саясий кырдаалдын кесепети, вирусту эске албастан элдин массалык түрдө чогулушу азыр жемишин берип жатат десек болот. COVID-19дун кийинки толкунуна даярдык көрүү үчүн өкмөт тарабынан план иштелип чыккан. Ал беш бөлүктөн турат. Бул — инфекциялык ооруканаларды куруу жана эски бейтапканаларды жаңылоо. Алсак, Бишкек шаарындагы тез курулуучу инфекциялык оорукананын курулушу 99 пайызга, Ош калаасында 67 жана Нарында 57 пайыз аткарылды. Ал эми Орловка, Ысык-Көл, Токмок жана Кара-Сууда ооруканалар даяр деген маалыматтар келди. Буга чейин бизде анализ жасаган 13 лаборатория болсо, дагы он лаборатория куруу жана жабдыктар менен камсыздоо пландалган. Ага тендер өткөрүүдөбүз. Ошону менен бирге сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн 150 миң вакцина өлкөгө алып келинип, аялуу топтогу адамдарга эмдөө жүргүзүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги дагы 160 миңден ашык вакцина алып, региондорго таратууда. Пландын кийинки бөлүгү боюнча клиникалык протокол иштелип чыгып, коронавируска каршы 33 аталыштагы үч айга жете тургандай дары-дармек даярдалып жатат. Андан тышкары, дарыгерлер ДССУ, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жана эл аралык уюмдар жүргүзгөн окуулардан өтүштү", — деди Исмаилова.

Адис коронавирус толук изилдене элек жаңы вирус болгондуктан ооруп айыккандарга инфекция кайрадан жугушу же жукпашы белгисиз экенин кошумчалады.

141
Белгилер:
дары, даярдык, коронавирус, Бактыгүл Исмаилова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2325)
Тема боюнча
COVID-19га экинчи ирет кабылган бейтаптын каза болгон биринчи учуру катталды
Эндокринолог Айпери Биримкулова

Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

5
(жаңыланган 18:42 25.10.2020)
Эндокринолог Айпери Биримкулова калкан безинин салмагы 15-20 грамм болгону менен адам организми үчүн өтө маанилүү функцияны аткарарын айтты.
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

Йод жетишсиз болгондо богок оорусу пайда болот, бирок анын ашыкчасы да дартты чакырат. Бул тууралуу Айпери Биримкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, деңиз азыктарында жана балык этинин курамында йод көп.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климатыбызга жараша йод жетишсиздиги көп байкалат. Андыктан тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу керек. Бирок йод ашыкча болгон учурда да адам ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Мындай учурда кишинин чачы түшүп, ачуусу бат келип, депрессияга кабылып, өзүн чарчаңкы сезип, ал тургай колдору титиреп, жүрөгү катуу согуп, көзү чанагынан чыгып кетейин деп чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул учурда, өкүнүчтүүсү, көпчүлүк бейтаптар башка органдарын текшертип же психологдун жардамын күтүп жүрө беришет", — деди Биримкулова.

Ал оорунун жогорудагыдай белгилери байкалган учурда алгач эндокринологдорго кайрылып, гормондорун текшертип алышы зарылдыгын кошумчалады.

5
Белгилер:
Айпери Биримкулова, йод, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: Кыргызстанда 617 000 адам кант диабети менен жабыркайт
Ветеринар Ашырбай Жусупов

Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

6
(жаңыланган 18:21 25.10.2020)
Ветеринар Ашырбай Жусупов малды убак-сааты менен бастырып, тиешелүү гигиеналык талаптарды сактоо зарылдыгын айтты.
Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек

Мал чарбалары кышка карата комплекстүү даярданышы керек. Бул тууралуу Ашырбай Жусупов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорулардын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында малдын түрүнө жараша бөлөк-бөлөк багылуусу керек.

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

"Мал күзүндө жайлоодон эттүү келет. Ушул кезде дайымкы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, семиз малга эмдөө жасалса эффективдүүлүгү жогорураак. Учурда ветеринария кызматы тарабынан тогуз ылаңга каршы акысыз вакцина сайылат. Андан тышкары, малдын тоюту салына турган акырды, суу иче турган ноосун, деги эле короону жазда жана күздө дезинфекциялоо шарт. Себеби илдеттер көбүнчө малдын жаткан жеринен жугат. Анан албетте комплекстүү тоют даярдалат. Тоют ар түрдүү жана витаминдүү болсо, семиз мал ооруга көп чалдыкпайт", — деди Жусупов.

Адис фермер түзүүдө алгач аталган багытта тиешелүү адабияттарды окуп, керектүү маалыматтарга ээ болуу менен мал багууну сапаттуу деңгээлге чыгарса болорун кошумчалады.

6
Белгилер:
тоют, ветеринария, мал, Ашырбай Жусупов
Тема боюнча
Саткынов: мал күзгү эмдөөдөн өтүп жатат